№563 16-август-22-август, 2013-ж
Сүлүктү шаарынын ички жолдорун толугу менен оңдоп-түзөө максатында 10-август күнү марафон өткөрүлдү. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган эл марафондо активдүүлүгүн көрсөттү. Шаар мэри Закир Ибрагимовдун айтымында, марафондон 1 452 000 сом акча чогулган. Бул демилге 17-августка чейин улантылат. Буга чейин шаар бюджетинен 495 миң сом, ал эми 2 чакырым 100 метр жолду бүтүндөй асфальттоого
12 миллион сом акча бөлүнүп, бир топ иштер бүткөн.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |