Абай Махмутжанов, мушкер:«БУЮРСА, БРАЗИЛИЯДАН АЛТЫН АЛЫП КЕЛЕМ»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Жакында Казань шаарына барып мелдештен алтын алып кайткан спортчуларыбыз дале эл оозунда. Ушул жылдын сентябрь айында дагы бир спортчу Абай Махмутжанов Бразилия мамлекетине дүйнөлүк мелдешке аттанганы турат.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 24-август
Туулган жери – Жалал-Абад шаары
Жетишкендиктери – 2009-жылкы Дүйнө Кубогунун ээси (Украинада), 2012-жылы Италияда жана Ялта шаарында 27-Дүйнө Кубогунда 2-орундун ээси
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын кичүүсү, бойдок
Учурда – Жалал-Абад шаа­рындагы Экономика жана ишкердик университетинин 5-курсунун студенти

– Абай, сени менен байланышуу кыйын болду. Машыгуулардан бошобой жүрөсүңбү?
– Ооба, сентябрь айында Бразилияда өтчү Дүйнөлүк чемпиондукка аттанганы турабыз. Шаарда аба ырайы аябай ысык болуп кеткенине байланыштуу Арстанбап токоюнда, салкын жайда машыгууну туура көрдүк. Машыктыруучума да ушул жай жагып, чогуубуз.

– Спорттун кикбокс түрүн тандап алганыңдын себеби эмнеде?
– Кикбокс спорттун аябай кыйын түрү. Мага кикбоксто эркин күрөшө алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги жагат. Тебүүгө да, муш­тум менен согууга да болот. Бокс же башка спорттун түрү менен машыксам деле болмок. Бирок мен эркин болгонду жактырам.

– Үй-бүлөң тууралуу кеп сала кетсең...
– 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Үч эжем, бир агам бар. Атам
ЖАМУда мугалим, апам үй кожойкеси. Мектепти Жалал-Абад шаарындагы №4-мектептен окуп бү­түрдүм. Агам да спортко жакын, кикбокс менен машыкчу. 5-классымда агам мени спорт залга жетелеп келип киргизген. Ошондон баштап эле азыркы машыктыруучумун колуна туш келип, ошондон бери машыктыруучум менен да, кикбокс менен да ажырашпай келе жатам. Атам мугалим болгондуктан, сабакка жетишкенге да аракет кылчумун. Себеби талап күчтүү да. Мектепти «4», «5» деген бааларга бүтүрдүм.
Агам мени спортко алып келгени менен, өзү эч бир көрүнүктүү ийгилик жарата алган жок. Спорт жөн гана анын хоббиси болуп калды, мен ийгилик кубалап кеттим окшойт. Ар бир спортчунун тилеги чет жерге чыгуу, кыргыздын желегин желбиретүү болсо керек.
Окуучу кезимде Казакстан, Түр­кияда өткөн мелдештерге барып турчумун. Эч болбосо байгелүү орундарга же сыйлыктарга татыктуу болуп кайтчумун. Ата-энем башында каршы болгон эмес, кийинчерээк менин коопсуздугумду ойлоп, санааркап бир аз каршы болушту. Бирок баары бир өзүмдүн кызыгуумду ээрчип кеттим, кайрадан алар менин колдоочуларым болуп калышты.

– Атаандаштарыңдын эмнеси эсиңде бекем сакталып калат?
– Былтыр Ала-Бука районунда 4 мамлекеттин арасын­да эл аралык чоң турнир өт­кө­рүл­гөн. Ага Казакстан, Өз­бекстан, Түркиядан келген мыкты даярданган спортчулар катышышты. Ошол мелдештеги атаандаштарым жана мээнет менен алган алтын Кубок эсимде бекем сакталып калды го. Негизи эле атаандаштарым күчтүү болсо мага жагат. Ошондо гана чыныгы таймашты жон териң менен сезесиң.

– Мелдешке чыгып баратканда эмнеге бекем таянасың?
– Чет өлкөлөргө чыкканда алгач Кудайдан суранып, андан соң ата-энемдин батасын алып кетем. Рингге чыгып баратканда да жалаң гана жакшы нерселерди ойлогонго аракет кылам. Ал да таймашка таасир берет.

– Жашоодо муштумуңдун пайдасы тиеби?
– Жо-ок, өнөрүмдү рингде гана колдоном. Досторум, чөйрөм да спортчулар болгондуктан, муштум колдонууга анчалык зарылчылык жаралбайт. Рингде спортчу, жашоодо жөнөкөй адаммын.

– Аттанганы жаткан дүйнөлүк мелдеш тууралуу айта кетсең...
– 28-сентябрда Бразилияда өтчү чемпиондукка кызуу даярда­нып жатам. Максатым – Кыргызстандын желегин желбиретип, алтын Кубок менен кайтуу. Буюрса, алтын биздики болот! Облус боюнча жалгыз гана мен бара жатам. Биз үчүн эң негизги маселе каржы жагы да. Мени колдогон кишилер бар. Ата-энем колунан келишинче жардамын берип келет. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университети ар дайым спортчуларын колдоп, таяганга даяр, ыраазымын. Өзүмдүн машыктыруучум да дайыма каражат жагынан колдоп турат. Агайымдын колунда кичинекей кезимден бери жүргөндүктөн, түшүнбөстүктөр болбойт. Ал менин экинчи атамдай болуп калган.

– Жеңиштин ачкычы эмнеде деп ойлойсуң?
– Негизгиси, мыкты даярдык жана адамдын өзүнө болгон ишеними, аракети. Муштум жегенден кийин кээ бир спортчулар өзүнө ишенимин жогото баштайт. 2009-жылы Украинада Дүйнө Кубогун утуп алганда кубанганымдан көзүмдөн жаш чыккан. Машыктыруучум ыйлап да, секирип да, бийлеп да жиберген (күлүп).

– Эркин мушташууга мүмкүн болгону үчүн ушул спорттун түрүн тандап алдым дейсиң. Ден соолугуңа залалы тийип калышынан коркпойсуңбу?
– Бул спорт түрүнө жаңыдан кадам таштаганда эле ден соолугума залалы тиерин билгенмин. Канчалык кооптуу болсо, ошончолук тымызын машыгуу, коргонуу тактикаларын үйрөнөбүз да. Кээде жаракат алган учурлар болот. Андайда ата-энеме да айтпастан, агайым экөөбүз ооруканага барып акырын, эч кимге билгизбей дарыланып кайтабыз.

– Дүйнө чемпиондугуна барып келгенден кийинки максаттарың кандай болот?
– Кесибим – экономист, келерки жылы, буюрса, диплом алам. Спорттон тышкары кесибим боюнча иштесем деп тилек кылып жүрөм. Быйыл күздө үйлөнсөмбү деп турам. Сүйлөшкөн кызым деле жок, кызды келип анан караштырам. Азыр ага убакыт жок.

– Мелдештен ийгиликтүү кайтышыңа тилектешмин.

Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(23)
19.08.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маладец абай толкун болот дениздин кучту жери толкундай бол кыргыздын жигиттери сага игилик кудайым колдосун сенден да дагы дагы коптогон игиликтерди кутобуз
19.08.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец,ийгилик каалайм.
Белгилуу кыргыз боксёру Алмазбек Раимкуловко окшош экенсин.
Коптогон ийгиликтерди жарата бер.
19.08.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алга брат
19.08.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга брат ар дайым бар бол.ийгилик
19.08.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтындан кооооп алв келчи? Кыргызстан байып жатып калсын!
19.08.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assss,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
19.08.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат! Ийгилик!!!
19.08.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец укам алтын кубок женишине тилектешмин Москвадан акан Санжар.
19.08.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын желегин желбиретип алтын кубок менен кайтышына тилектешбиз!
19.08.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым колдосун, ийгилик сен жакта болсун. жакшы кабар кутобуз куда кааласа.
19.08.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ийгилик каалаймын!!!
19.08.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга братан Екатеринбургдан уканыз Эламан!!!!
20.08.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвадан жердештерин ! Алга Абай! Кыргыздын желегин желбиретуу ото бийик! Бар бол ийгилик!
20.08.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик Абайчик! Кыргыз атын чыгара бер.
20.08.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уэп, жана фк-09 группасы сени м.н сыймыктанат бар бол азаматсын ийгилик сага
от фк
21.08.2013. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарайсын иничек алтын алып келишине кошулабыз алга Кыргызым алга...
21.08.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага тууган.
21.08.2013. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абай, молодец! Бул менин инимдин жакын досу да! Туура айтат чын эле спортто мындай мушкер болгону менен , жашоодо тарбиялуу жонокой бала. Аябай сыйлайм! Ийгилик сага! Сенден бир нерсе чыгышын билчубуз!
23.08.2013. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максаттарын орундалсын. Ийгилик.
24.08.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жараткан озу колдосун
24.08.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага кудай кубат берсин Ийгилик менен кайт дос
24.08.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Araketke bereket !!! alga bratishka !!!
24.08.2013. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайбыз! Жакшы кабар менен келиниз! Абай байкеге Алла куч-кубат берсин! Сиз менен сыймыктанабыз))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо