41 ИЛДЕТКЕ ДАБА 41 БУЛАКТЫН КАСИЕТИ

№564 23-август-29-август, 2013-ж

Талас районуна караштуу Ак-Жар айылында «Каныкей апанын ыйык булагы» аттуу булак комплекси бар. Булак аталган айылга алып барчу жолдон 100 метр алыстыкта жайгашкан. Аталган булактын шайыгы Жаныбек Базарбаев кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

– Жаныбек мырза, булактардын тарыхын айтып берсеңиз?
– Бул ыйык булактар узакка каралбай калган. Кийин, 2001-жылы тегерегине бак-дарак отургузулуп, ар бир булактын көзү атайын таш менен кооздолуп, тазаланып, учурда абалы жакшы. Бул жерде жалпысынан 41 булак бар, кире беришиндеги 10 булактын аттары бар. Атай кетсек, Көз булак көз ооруларына даба болчу касиетке ээ. Кийинкиси Наристе булак, аты айтып тургандай эле перзент сурап келгендер мына ушул булакка келишет. Жол ачар булакка болсо баштаган иштери оңунан чыгышын тилеп келип зыярат кылып кетишет. Арууке апанын булагы деген бар, мында көбүнчө кыз-келиндер келишет. Андан соң Алманбет атанын булагы жайгашкан. Жүрөк булак жаман нерселерден тазалап, жаман сөздөн, суук көздөн сактайт дешет.

– Булактарга күнүнө 60тан 150-200гө жакын киши келет дешет...
– Мына силердин алдыңарда эле бир келин келди. «Эки жыл мурун келип перзент сурадым эле, учурда бир жарым жаштагы уулум бар» деп кубанып отурду. Бир аз күн мурун бир жаш үй-бүлө тумоолоп калган12 жаштагы баласын алып келди. «Буга чейин эч оорубай, 12ге толгондон тарта тумоолоп, барбаган жерибиз калган жок» дешти. Баласына даба издеп жүрүшкөндө бирөө «Перзентти кайсы жерден тапсаңар, ошол жерге барып зыярат кылгыла» дептир. Көрсө, ошол перзентин ушул булактарга келип сурап алышкан экен. Мына эми жакшы болуп калды. Дагы бир кызык окуя болду. Өткөндө таластык кыз түрк улутундагы бир жигитке турмушка чыгып, кыздуу болуптур. Ошол кызы сүйлөп баштагандан тарта эле Каныкей деген ысымды кайталай берет экен. «Ошондуктан ушул жерге зыяратка келдик» деп айтышты.

– Эмнеликтен бул жер Каныкей булак деп аталат?
– Каныкей булакка үй-бүлөгө ынтымак, ырыскы, тынчтык сурагандар келишет. Жакып хан көз жумуп, Манас эр жеткенде 40 жигитке жыйын курат экен. Ал жыйын азыркы булактар турган жерде өтөт имиш. Мына ошол учурда Каныкей апа 41 кыз менен келип 41 жерди казганда ошончо булак пайда болот. Ошондуктан 41 булак 41 илдетке даба деп айтылып калган.

– Касиеттүү жердин шайыгысыз, сырдуу нерселер сезилеби?
– Ооба, бул жерге жаңы келген түнү үйдө жатып көзүм илинип кетиптир. Бир учурда сырттан жаңы такаланган ат менен бирөө үйгө жакындап бастырып келди. Ордумдан туруп сыртка чыксам эч ким жок. Тегерек-четти карап, кайра үйгө кирсем үйдү айланып жөө адам басып өттү. Мына ушундай көрүнүштөр болуп турат. Көбүнчө жаныңда дайыма бирөө жандап жүргөндөй туюлат.
Кайсы бир жылдары ушул жерге арабдар келишип, бул булактардын суусун Таластан чет жактарга экспорттойбуз дешкен экен. Тилекке каршы, белгисиз себептерден улам бул идея ишке ашпай калды. Бул жердин тегин эмес экенин, суунун касиетин ошол арабдар да билишкен экен, көрсө.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
26.08.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
e4 kandai tileginerdi bulak atkarbait! bul dinibizde kandai kunoo ekenin da bilesizder! bir gana Allah'tan suraily!
26.08.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Астагфиралла!!
26.08.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай ыйык жерлерге зыярат кылганы еле барса болот ...бала же башка тилесен бир гана Аллахтан жалбапып сура ошол жетиштуу...Аллах таала куранда коп жерде айткан.,..емне куноо кылган болсонор да кечирем...бирок мага ширк келтиргендерди кечирбейм алардын бара турган жайлары Жаханнам дейт.......Астогфираллах
26.08.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баягы эле ата тенир коко тенирчиликтерби
26.08.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде жогорудагы берилген маалыматтар так болсо анда булакты кандайдыр бир табынуучу же сыйынуучу нерсе катары эмес Алла Тааланын касиеттеринин бири деп таануу керек. Жана хадистерде айтылган дейт кайсыл жерде жакшы нерсе бар болсо ал Аллахтын касиети жана сыпаты деп. Бул да Жараткандын касиети деп тушунууго болот.
26.08.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, Mashallah
27.08.2013. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайымдын кереметин кара,кырк бир булакты бир жерге жайгаштырып койгонун,тооба.Жараткандын жасагандары озунчо эле бир кереметда!
28.08.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минтип булака жалынбай эле, Аллахтан сурап, ушуну себеп кыла кор деп зыяратка барышат. Ошону туура тушунсок. Айткан ар бир созубузго маани берсек. Булака же отко сыйынбайбыз, ушуну себеп кылып, ЭЭ Жарткан Алла шыпаасын бере кор дешибиз керек.
31.08.2013. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зыйаарат кылса болот сыйынганга мен жеке каршымын бир кана АЛЛАга сыйынуубуз сурасак АЛЛАдан сурайлы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо