№564 23-август-29-август, 2013-ж
Манас районунда чоң жаңылык болду. Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жаңы спорт-комплекс ишке киришти. Анда республиканын аттуу-баштуу адамдарынын баары катышып, ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өттү. Аталган спорт-комплекс заманбап жабдыктар менен жабдылып, бир нече миллион сомду чапчыйт жана чоңдугу боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат. Баса белгилеп кетчү жагдай, анын ачылышына Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эли жарым миллион сом кошушкан.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |