САНДЫКТАГЫ КИЙИМДЕР

№564 23-август-29-август, 2013-ж

Сахна кооз кийимдерди жактырарын дүйнө жүзүндөгү бардык ырчылар далилдеп келет. Кыргыз шоу өкүлдөрү кандай сахна модасын басып өткөн? Сурообузга жооп алуу үчүн архивди аңтарып, айрымдарга токтолуп өтсөк.

КАТЫП КОЙ, БАЛКИМ, КАЙРА МОДА БОЛОР
Эсиңиздерде болсо, ырчы мырзалардын көпчүлүгү сахнага сүрөтү, ар түрдүү жазуулары бар же сандар жазылган көйнөктөрдү кийип чыгышкан. Мисалы, бириники кыздын сүрөтү бар сары көйнөк болсо, экинчисиники сандар түшүрүлгөн жашыл көйнөк же башка кооздуктар тартылган. Архивди карап, мындай көйнөктү ырчы мырзалардын 80 пайызы кийгенине күбө болдук.

Чыңгыз Мырзаев:
– Ал көйнөктү анча-мынча сахнага чыгып калгандарды карап отуруп окшоштуруп сатып алгам. Азыр деле бар. Көчөгө кийбегеним менен, үйдө үстүмө иле коём.

ЖАЛТЫР-ЖУЛТУР...
Ырдап жаткан адамдын кийими жалт-жулт этсе, кызыл-тазыл жарыктар менен катар сахнага ого бетер көрк берет. Мындан он жыл мурдараак сахна адамдары да жалтыраган кездемеден тигилген формаларды баса кийишкен эле. Азыр андай көйнөктөрдү айрымдарынын гана үстүнөн көрбөсөк, дээрлик жокко эсе. Кыздарды «ала жат эле, ала жат» дедирткен Мирбек Иманбеков сүрөттөгү формасы менен элге таанылганын сүйүнүү менен эскерип өттү:
– Бул формамды катып койгом. Аябай жакшы көрөм. Ырчылык тарыхымдагы биринчи костюмум. Алгачкы жолу Султан Садыралиевдин концертинде кийип чыккам. Костюмум күйөрмандарымдын да, сахналаштарымдын да эсинде десем жаңылышпайм. Анткени мындай өңдөгү, үлгүдөгү костюмду мен биринчи кийгем.

АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН ТУМАГЫ
Илгери ата-бабаларыбыз суусар тебетейди баса кийип жүрүшкөнүн билебиз. Башыңды сууктан сактап, жылуулук тартуулай турган тумакты эмнеге бүгүнкү күндө кийип жүрүүгө болбосун. Назми тумагынын тарыхын төмөнкүчө баяндады:
– Айчүрөк Иманалиева студиясындагы балдарга тумак тиктирип бериптир. Ошол мезгилде Сапар экөөбүз да улуттук костюмдарды тиктиргенбиз. Балдардын биринин тумагын Сапар бир концерттен кийип көрдү эле, куп жарашып калды. Анан экөөбүз тең тиктирдик. Толуп кеткенимде костюмду, тумакты тааныш эжеге берип койгом. Сапар тумакты, костюмдарын, жадакалса биздин дипломдорубузга чейин машинасынан уурдатып алган.

ЫРЫ ЖАКПАСА БУЛЧУҢУН КАРА
Келбети келишкен, булчуңдуу жигиттерди түз да, көздүн кыйыгы менен да айымдар карашары анык. Бир кезде шоу-бизнестин жигиттери булчуңдарына мактанып чыгышкан. Ильяз Абдыразаков бул туурасында мындай дейт:
– Билесиңер, Дима Билан дайыма майка кийип чыгат. Мен анын ырларына таасирленип жүрүп майкасын да окшоштуруп салыптырмын.

САЙМА ДАЙЫМА БАРКТУУ
Кыргыздын улуттук оюм-чийимдери түшүрүлгөн сайма кийимдерди айымдардан тарта мырзаларга чейин кийдик. Азыр ал агым басаңдаганы менен, баары бир көзгө жылуу, кооз, баа жеткис, барктуу. Сүрөттөгү формасы жөнүндө Асел Турдалиева буларга токтолду:
– Бул формамды 1995-жылы 20 000 сомго тиктиргем. Ал кезде мындай сумма чоң акча болчу. Саймасын Мадина деген кыз колго сайган. Азыр кызым Бегайым кийип жүрөт. Жакында эле түрк лицейинин атынан Македонияга фестивалга катышып келди. Кызым «Ушул форманы кийсем эле ар ким келип мени менен сүрөткө түшүп, костюмумду чойгулап жатышты. Мени караган эч ким жок, формама эле кызыккандар» деп келди.

ЭТЕГИН ТИЛИП-ТИЛИП...
Мындай көйнөктү, балким, сиз дагы кийип калган чыгарсыз. Көйнөктөрдүн этеги тилик-тилик мода болгон эле. Айгерим Расул кызы:
– Бул формамды мындан 8 жыл мурун 14 жашымда кийгем. Сахнага жаңы бет алган учурум эле. Олег Беданын кол эмгеги. 300 долларга тигип берген.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
26.08.2013. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында баары жакшы корунчу. Бактыгулдун сары койнок кийген убагы аябай жакчу.
26.08.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chykem kandai gana kyim kyibesin baary jarawat...:))))
26.08.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кездеги Айгерим мага оло жакчу.Бактыгулдун сары койногу мага да жакчу,озуно жарашат.
26.08.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саймалуу кйимдер, кыргыз оймолору, арламенттер эч качан популярдуулугун жоготпойт, жарашыгы да олло сонун, кооз.
26.08.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Iliaz Abdrazakov ar daiym supppppeeeerrr ! ! !
26.08.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арламент эмес орнамент болот го туугандар;)))))
28.08.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mi-li-na, арнамент )))))
27.08.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмушго
27.08.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыкенердин "вкус" дегени круглый ноль!!!!!
27.08.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эже ар дайым озуно жарашыктуу кийинет.боенот дегендей.кыскасы тыпыйган таза тыкан эстуу айым.
01.09.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле озуно жарашыктуу кийинип келишет, бирок мага Айгерим Расул кызынын кийингени олуп кетсе да жакпайт, ачык кийинип алып атасынын алдында бийлегеничи...
01.09.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле озуно жарашыктуу кийинип келишет, бирок мага Айгерим Расул кызынын кийингени олуп кетсе да жакпайт, ачык кийинип алып атасынын алдында бийлегеничи...
01.09.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле озуно жарашыктуу кийинип келишет, бирок мага Айгерим Расул кызынын кийингени олуп кетсе да жакпайт, ачык кийинип алып атасынын алдында бийлегеничи...
01.09.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле озуно жарашыктуу кийинип келишет, бирок мага Айгерим Расул кызынын кийингени олуп кетсе да жакпайт, ачык кийинип алып атасынын алдында бийлегеничи...
01.09.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле озуно жарашыктуу кийинип келишет, бирок мага Айгерим Расул кызынын кийингени олуп кетсе да жакпайт, ачык кийинип алып атасынын алдында бийлегеничи...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо