ИЗДЕЙМ СЕНИ

№564 23-август-29-август, 2013-ж

«УУЛ-КЫЗДАРЫМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
– Келинчегим Тахмина менен мындан 10 жыл мурда ажырашкам. Келинчегиме жаңы үйлөнгөндө Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашачу элек, кийин Көлдүн Бостери айылына көчүп келгенбиз. Келинчегим менен ошол жактан эки башка жолго түшүп, ортобуздагы 3 бала анын колунда калган. Алар: Мимоза 1995-жылы, Азирет 1999-жылы, Темирлан 2001-жылы төрөлгөн. Уул-кыздарыма жолуккум келет.

Нурлан Барктабасов,
тел.: 0778 71-76-03

«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУКСАМ ДЕЙМ»
– 1977-жылы Фрунзе финансы-экономикалык техникумунун айыл чарбасынын бухгалтери адистиги боюнча «З» группасын бүтүргөн группалаштарымды издейм.
Ысык-Көлдүн Саруу айылынан Кумар, Созул, Оштон Каныкей Мышыкова, Чүйдөн Айна, Гүлмира, Майрамбек, Күлүйпа. Күлүйпага 1997-жылы жолуккам. Андан кийин кабарлашпай калдык. Эгер бул катты окусаңар, мени менен байланышкыла.

Сүйүн Изакова,
тел.: 0777 19-37-02

«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1978-жылы туулган группалаш досум Максүтова Махабат Эсенбаевнаны издейм. Ал Алайдан болот. 2000-жылдан бери анын кабарын биле албадым. Тааныгандар болсо, кабарлашканга жардам берүүңүздөрдү суранам.

Сара Сулайманова,
тел.: +8926 856 72 99

«АСКЕРДЕ ЧОГУУ КЫЗМАТ ӨТӨГӨН ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1987-89-жылдары Томск шаа­рындагы №55244 аскердик бө­лү­гүндө чогуу аскердик кызмат өтө­гөн досторумду издейм. Алар: базар-коргондук Турат Кулиев («Тракторист» деп койчубуз), Абдимиталип Гапаров. Эгерде бул досторумду тааныган адамдар болсо, кабарлап коюшуңуздарды суранам.

Алайдан Замир Сатаев, тел.: 0555 29-66-04

«3 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– 1978-жылы Баткен облусунда туулган Рахат Кайымованы издейм. Москвада чогуу иштеген болчубуз. Ага жолуга элегиме 3 жылдын жүзү болду. Эгерде тааны­гандар болсо, кабарлап кою­шу­ңуз­дарды өтүнөм.

Улук, тел.: 0708 24-58-00

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
26.08.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо сиздерге капамын менин кайрылуумду да гезит бетине чыгарып койсонуздар болмок ((,биринчи кайрылуумду ката жазып койдунуздар эле а эми коптон бери кутуп журсом качан жазат деп жарыя кылбайтастарго жазыныздарчы мен деле Кан досум издеп журоом сураныч.
26.08.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT,
Саламатсызбы! Издөө боюнча электрондук дарекке кат жибериш керек, бул жерге жазылган билдирүүлөр гезит бетине чыкпайт эске алып коюңуз.
Модератор admin_media түзөттү 26.08.2013 12:49
26.08.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmatuu Super Info men 2 juma murun telefon arkyluu sizderge kairylgan elem. Birok emnege menin jaryiamdy jaryialagan joksuzdar.
27.08.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатчылык !ооба билем электрондук почтага жазган элем ошону жарыя кылбадыныздарго,мумкун окуп сиздерге жакпаса чыгарбай койдунуздарбы деген элем ...
27.08.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT, dastan1405,
Саламатсыздарбы! Кезеги менен чыгат баары. Түшүнүү менен кабыл алып, күтө турасыздар деген ойдобуз. Рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо