«АБАКТАН ТАПКАН МАХАБАТЫМ»

№564 23-август-29-август, 2013-ж

Журналисттик кесибим менен Ош шаарына бараткам. Таксидеги сапарлаш кыз экөөбүз сүйлөшүп калдык. Менин журналист экенимди укканда Жийдегүл өз тагдырын айтып берди. Көрсө, кичине баласын таштап, Орусияга жол тартып баратыптыр.
– Өз энемден эрте ажырап, атамдын колунда калдым. Көп өтпөй өгөй энелүү болдум. Ал аял жаман чыкты. Жаш жаныма не деген азаптарды салганын эстегим келбейт. Ошентсе да мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктадым. Заарын чачкан өгөй энем кайдан окуу жайга жөнөтсүн, бир тууган сиңдиси Айнур эженин үйүнө жумушун кылдырганга Бишкекке айдады. Айнур эженин мамилеси жумшак, өгөй энеме салыштырганда кыйла эле түшүнүктүү. Экөөбүз сырдаш болуп калдык. Күндөрдүн биринде Айнур эже «Жийдегүл, жүрү мени менен, бир жерге барып келебиз» деди. Шаардын четиндеги тикенек зым менен курчалган бийик имаратка келгенибизде түрмө экенин түшүндүм.
– Эже, бул жерде ким бар эле?
– Нурлан кайним,- деп койду эже.
Кыйла убаракерчиликтен кийин ичкери кирдик. Бир убакта темир эшик ачылып, андан чыккан жигит Айнур эже менен учурашып, ал-жайын сурашып жатты. Эмнегедир көздөрү жылуу сезилди.
– Биз эми кетели, бир аз чыда, уул, акең сенин ишиңдин аркасынан жүрөт. Буюрса, чыгарыңа аз калды,- деп коштошту Айнур эже.
– Мындан кийин сен келип ту­ра­сың, баарын эсиңе түйүп ал,- деди.
Айтканындай эле анда-санда тамак-ашын белендеп, кем-карчын даярдап мага берет, мен Нурланга жеткирем. Ошентип жүрүп экөөбүздүн ортобузда билинбестен жакындык пайда болду. Убакыт өтүп, Нурлан боштондукка чыкты. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, үйлөнө турган болдук. Бирок өгөй энем таптакыр жолотпой туруп алды. Нурлан да айтканынан кайтпаган көк жигит экен, акыры атамдын батасы менен үйлөндүк.
Нурлан мурун «кыз зордуктады» деген куру доомат менен камалып кетиптир. 3 дос бир кызды зордуктап коюп, алардын ордуна Нурлан камалган экен. Алар Нурланга «сен бир жыл отурсаң, биз сени куткарып алабыз» дешиптир. Ал камалгандан кийин баягы достору кабар да алып коюшпайт. Агасы чуркап жүрүп бир жылдан кийин чыгарган.
Экөөбүз жакшы жашап жүргөн күндөрдө көчөдө баратып абакта өткөргөн күндөрүнө кейип «мен кылбаган кылмыш үчүн камалдым, чын эле кылмыш кылып, кыз зордуктасам эмне болот экен...» деп жолдон чыккан бир кызды мас абалында зордуктап коёт.
«Жетимдин оозу ашка тийсе, башы ташка тиет» деген сөз мен үчүн айтылгандай. Эми эле бактыма кубанып жашап жатканда Нурлан ушинтип кырсыкка кабылып, кайрадан кесилип кетти. Түнү менен көз жашымды көл кылып ыйлап жүрдүм. Кош бойлуу экенимди билгенде үмүт менен жашай баштадым. Анда-санда Нурланга барам, ал да кийинчерээк «көп келбе» дегенге өттү. Айла канча, Айнур эже болсо «өзүң кең-кесири жаша» деп батирге чыгарып койду. Убакыт жетип, уулдуу болдум. Үмүтүм Нурланда эле, бирок андан куш тилиндей кабар келди. Катка «Жийдегүл, бактылуу бол, мен сени бактылуу кыла албадым. Эми тагдырың өз колуңда. Уулум чоңойсо таап алармын. Кош!» деп жазган экен.
Кантип эле ушундай болсун? Нурландан үмүтүмдү үзбөдүм. Жыл айланып, батирдин акчасын төлөй албай карызга баттым. Аргам түгөнүп, өгөй энемди көздөй бардым. Ал үйгө кийирбей койду. Уулумду боорума кысып, кантсе да Нурландын өз ата-энеси эмеспи, кайын журтума бара турайынчы деген ойдо аларга бардым. Аларга да батпадым. Турмуштун айынан боздоп ыйлап, бейкүнөө наристемди дем кылып өз жашоомду улантуу үчүн Орусияга аттандым. Баламды өгөй энемдин колуна калтырдым. Акча салып турарымды укканда макул болду. Эми бутума туруп, абалымды тезинен өз колума алам деп үмүт кылып кетип жатам. Эгерде Нурлан азыр бул тууралуу окуп калса, баласына жана мага кайрылат деп ойлойм. Нурлан, биз дагы эле сени күтүүдөбүз.

Жийдегүл

Адина Мусаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(52)
26.08.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akil8484, fialka_90, кийирбейби же киргизбейби туура жазсанар...
Акыл, Фиалка, кыргыз тили - бай тил, анын мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири, биз өзүбүздү чектебешибиз керек, бир эле сөздү колдоно бербей, анын синонимдерин колдонсок туура болот. Болбосо тилибиз жардыланып кетпейби, бир эле сөздү карап отура берсек... Демек, эки варианты тен тилибизде бар, ал колдонулат жана колдонулууга тийиш.
Модератор admin_superstan түзөттү 27.08.2013 12:40
26.08.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурланды кутпой эле кой, ал сага ачыгын жазып жибериптир го,эгер куноосуз камалганда экинчи кызды зордомок эмес, аны устуно сен турганда, ишенбе ага, дагы да бактына жолугаарсын, андан коро бешенен ачылып калса, жакшы жумуш таап, акча кылып, баланды озун кара, сенин бактын ошол бала, Нурланга кайгырба, камакта болсо да ал тируу, эмне болгон кундо да андан уулун бар, ошол сага тирек болот турмушунда, мен сага бакыт гана каалаймын!
26.08.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага!Өгөй энеңин өзүнүн инисинин баласы го.балаңды карап турар.Эмнеси болсо да эртерээк колуңа алганы аракет кылда.
27.08.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Narynbek,
Нурлан огой энесинин иниси эмес,синдисинин кайниси болот экен.
26.08.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарман кыз 0709309031 ушул номерге жазып, чалып тур.
26.08.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдын он беши карангы болсо он беши жарык болот дегенди унутпаныз
26.08.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырда ар бир адам сыяктуу, анын да тилин тапканга аракет кылыш керек...
26.08.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө өкүнүчтүү. Бирок алдын көздөй аракет жаса. Эч качан чөкпө. Балаңды батыраак өз колуңа ал. Сага ийгилик каалайм. Башың таштан болсун.
26.08.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундор да отоор,бактылуу болунуз!
26.08.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан кийинки жашоонун жыргалына батыныз эже. Ал жактан жакшы иштеп келин. Ак жол каалаймын сизге.
26.08.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде дагы бир жолу суйуунун керемети баяндалыптыр. Суйуу деген кандай кучтуу касиет.
27.08.2013. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуялар бар дечи бирок бул окуя выдумка
27.08.2013. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fantaziaa
27.08.2013. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле сизди алдаган экен кыз зордуктабадым деп. Эгер чын болсо кийин жа зордуктамак эмес.Анан кат жазыптвр БАКТЫЛУУ БОЛ деп.Демек ал уже эркек эмес болуп калды.Түрмөдө кыз зордоп камалгандарды аял кылып таштайт.Ошон үчүн жашоодон үмүтүн үздү ал.
27.08.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Riya, nelli
Саламатсыздарбы!
Бул макала автордун уруксаты менен чыккан. Макаланын автору жакка биздин журналисттин аты-жөнү жазылып катачылык кеткен, тузөтүлдү. Рахмат!
27.08.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эри келип аялы менен кантип жашайт жашабайм деп туура эле айткан
27.08.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса баары алдыда .....
27.08.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайраттуу болунуз.олбогон адам алтын аяктан суу ичет экен.
28.08.2013. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өкүүнүчтүү Нурлан өз тагдырына өзү балта чаапбып алыптыр
28.08.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурланынын башы деле жок экен. Агасы байкуш , иним турмодо жатып чирибесин, адам болсун деп, эптеп эркиндикке чыгаргандан кийин, бир жерин кысыып, уй-булосун кор кылбай жакшынакай жашаса болмок да. Тем более турмонун даамын татып келиптир. Ал жактагы кыз зордуктагандардын жашоосу кандай экенин билип туруп, озуно озу кылыптыр.
30.08.2013. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундорун да отот.Жаны жашоо башта.Нурланды унутууга аракет кыл,ал адам онолбойт го.
30.08.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурландын башы акылы жок экен, турмонун шартын коруп-билип туруп кайра эмнеге андай ишти кылат? Камак жашоодон коро баласын эркелетип, жубайынын мандайында ээн-эркин жургонду ойлонбогон окшойт........... адамдар дагы ар турдуу........
31.08.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах баарыбызга ыйман ырыс акыл берсин.огой энени да огой кыздыда Аллах жараткан текеберчилик эчкачан болбошу керек
01.09.2013. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaa baikush dese zekti suiboi ol ozunun i4ki duinonu tazala birin4i ak jol orusi9da ak4a u4up jatat terip ketesin anan abaila zekti suigus bolson kerek emi tazasun karma .
06.09.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы эркектер,эркек эмес эле эмне болуп бара жатышат?!(кобунчосу) женил ойлуу,уй булону оюнчук сымал корушот...бир тун эле керек сымал...Мырза деген атка татыктуулары аз кана калды...
26.09.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда эмне бар сага корсоткон кордукту балана корсотпойт деп ойлойсунбу огой энен андан коро балана кайт ал эне мээримисиз оспосун озунда эне мээримине зар болуп чонойгон экенсин ал кунду баландын башына салба андан коро чакан жатакана алып бир жерде ийдиш жуусанда балан экооно жетет куйон турмодон чыкса турмушун оз нугуна тушот кудай каласа
03.10.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмого тушкон адам кайра эле кайрылып турмого тушот. Алардан жакшылык кутуп кереги жок.
04.10.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааиийй окунучтуу болуптур эми мындан бул жагына пешененизди ачсын,кудайым Нурланды кутпогонунуз жакшы,ал кылган кылыгын кыла берет.
15.02.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кайгырба,алдыда жакшы ийгиликтер кутуп турат сени!!!
11.12.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуш табып иштегенден кийин баланызды жанынызга алып алын.бир айласын табып менин оюмча жанынызда болгону жакшы.
17.12.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огой энеден озу жакшылык корбогон баласын жакшы карамак беле...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо