Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«УУЛДАРЫМ МЕНДЕН ҮЙ ТАЛАШЫП ЖАТЫШАТ»

№564 23-август-29-август, 2013-ж

Жашы сексенге чукулдап калган Ажыбек аксакалды көптөн бери тааныйм. Биздин короонун жанындагы мекемеде кароолчу болуп иштейт. Көп сүйлөбөгөн, бирок колунан Куран китеби түшпөгөн киши. Ажылык сапарга барып келгенинен биз ажы ата деп коёбуз. Кабагы ачылбаганынан бир нерсе болгонун туйдум. Сүйлөшүп отуруп карыяны сөзгө тарттым.
– Ээ, балам, бири кем дүйнө деген ушул тура. Жетим жүрүп, 27 жашка чыкканда үйлөнүп, 3 уул, 1 кыздуу болдум. Балдарымдын алды жетиге чыкканда алган жарым көз жумуп, кара казанга кожоюн болуп калдым. Тууган-уруктун көбү деле жакшы экен. Мага Кудай андан да айтпаптыр. Кыскасы, кыйналган жаныма сеп болобу деп экинчи жолу үйлөндүм. 1985-жылы өзүмдөн бир топ жаш кичүү аялга баш коштум.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жаш болгону менен, балдарымды бапес­теп, кирин жууп, тамагын жасап, кыйла тыңытып койду. Мурунку турмушунан да бала көрбөгөн экен, кийин да төрөбөдү. Бирок балдарымды өз балдарындай карап, кызымды турмушка узаттык, уулдарды үйлөнттүк. Балдарымдын улуусу Орусияда, кичүүсү имам болуп, ажыга чейин барып келди. Ортончусу колумда. Менин бар үмүтүмдүн баары балдарымда эле. «Кыз – бирөөнүн бүлөсү» деген чын тура, ал өз жашоосу менен. Ортончу уулум жанына чыдап тура алгыс аракеч болду. Мага каралашмак түгүл өз үй-бүлөсүн бага албай, жарыбаган пенсияма, бул жерден алган маянама ортоктош болуп отурат. Кичүүм имам деп кыйла тирек кылчу элем. Ажыга барып имам болгондон бери анда-мында көрүнгөнү болбосо, мени такыр унутуп койду. Элге акыл-насаат айтып «түз жүргүлө, ыймандуу болгула, ата-эненин кадырына жеткиле» деген сөздөрүн угуп калам. Эмнеге элге айткан сөздөрүн өзү аткарбай жүрөт, ушуга түшүнбөй келем.
Аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойткон кемпирим эми ажыдаар көрүнүп, андан үй талашканы жаныма батты. Өз колум менен ушул үйдү салып, балдарым мага окшоп жетим калбай, бактылуу күн кечирсин деп ушул кемпиримди албадым беле? Жаш болсо да жанын сабап аларды чоңойтуп, үйлөнтүп-жайланткан ушул аял болчу. Чоңоюп, өз алдынча болгондон кийин жакшы күндөрдү эстен чыгарып, эми жаман болуп калды. Үйдүн документтерин катып алган экен, «үйгө ээ болуп калат» деп. Колумдан күч, оозумдан сөзүм түшкөндө мага акыл салбай, өз билгенин кылганын бүгүн уктум.
Үйүм 1972-жылы салынып бүт­көн. Андан бери эчен күндөр өттү. Үркөрдөй болгон үй өлүм сапарына узатар аялыма менден мурас болуп калса анын эмнеси жаман? Алты саны аман, он эки мүчөсү түгөл болгон соң өз энесиндей болуп калган аялдан талашпай эле койсо болмок.

Аксакалды жубатарга сөз таба албадым. Тек гана сакалына тамып жаткан көз жашына күбө болуп тура бердим...

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(54)
26.08.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эненин баркын билбеген адам баласы коп болуп бара жатат, бугунку кундо алар ушундай эле мамилени оздорунун балдарынан да коруп калышаарын ойлонушкан жок. Ал эми жанагы имам баласы, бироого акыл уйротконун коюп, ата-энесин сыйлап алсынчы.
26.08.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кесибим журналист болгондуктан коптогон тагдырларга кубо болдум.Эсимде калганы ото деле карылыкка моюн суна элек байбиче мага келип, келин-уулу уй талашып чачынан суйроп уруп ыза кылганын айтып буркурап ыйлады эле.Эмне деп жубатаарымды билбей кошо ыйлагамын.Анан гезитке жазайын десем "жон гой балам, сага айтып бугум чыкты. Гезиттен окушса тели-тентуштары кепке кемтик кылат го, омур бою бетине чиркоо болот го" деп уулун аяды эле.Эне байкуштун журогу эмне деген журок? Балдарына ыйман берси
26.08.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбияны тууру бербегендин азабы!!!
26.08.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saparosu, кеп тарбияда гана эмес! Тарбия 30пайыз гана таасири, ал эми дээринде болгон баладан 70пайызы коз каранды. Бир эне *баланы торойт экенмин,бирок кыялын кошо торой албайт экенмин*деп боздогону коз алдымда...
26.08.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarema94, баланы тороп эле койуу эмес, тарбиясын да беруу бул ар бир энелердин парызы жана милдети болуп эсептелет! ал эми кыялына келсек айланып эле кайра тарбияга келет! Куранды колдон тушурбой окуганына Аллаh ыраазы болсун абышкага. Куранды жон гана озу учун эмес, балдарына да куран жазууларынан тушундуруп акыл айтканда менимче уулдары мындай жолго бармак эмес! Талашканда эмне кеп, бир жараткан Аллаh билет ким куноолуу жана ким ак экенин!
29.08.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saparosu, men dele torop tashtap koiush kerek degen jerim jok! Albette en birinchi Allahdan. Kyskasy pikiribiz eki bashka eken.
02.09.2013. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saparosu, Тууру эмес, туура деп жазылат бир тууган.Тарбияны канчалык жакшы берген кундо да, дээринде жок адам кылам дегенин кыла берет.Дайыма бироонун баласы жаман иш кылса, Ата Эне тарбия бербептир деп куноонун баарын ал адамдарга оодара салабыз.Ар бир адам озун-озу тарбиялаш керек да, туура эмес экенин билип туруп, жаман ишке умтулабыз.Ар кылган жаман ишке эч ким куноолу болбойт, ошол ишти жасаган адам куноолу болот.
26.08.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум спортсмен, алп жигит болсом да ушундайларды окусам ыйлап жиберем.
27.08.2013. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
adyl.xxxxx, сабыр кыл
26.08.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып жаман болдум ата энелер беш алты баланы багып чонойтот эчнерседен кем кылбай бирок балдары чонойуп уйлоп жайлагандан кийин беш алты баласы бир ата энесин бага албайт эмне деген заман балдарына ыйман берсин
26.08.2013. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карысы бардын ырысы бар.! Алдындагы ырысты таштаган асмандан алтын тапса да татыбайт. Балдарына аллахым таза ыйман ак ниет жалгасын....
26.08.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_oichul_, Аминь!!!
27.08.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атана кылсан жамандыкты,баланан тартасын деп коётко.Балдары да эртен эле атасынын жашына жетет...
27.08.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп уйго ээ болуп калайын деп жатса керекда кемпири.
27.08.2013. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danilka, ээ болгонго акысы бар да.Балдарын ушул даражага жеткирген ошол аял экен.Азыр бироонун эмес,озунун балдарын карабаган энелер бар.Баары эле оз алдынча экен,талашпай коюшса да болмок экен уйун
27.08.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу байлык деп журуп бир кун эки метр жерге барып калабыз
27.08.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул балдарды через сот соттоп уйун через натариус кемпирине калтырса жакшы болот
27.08.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз апасындай болуп калыптыр талашпай койсо болмок.
27.08.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех карачы кандай гана керемет адам балдары кантип ошол жолго барды екен... мен азыр журогум ооруп ыйлагым келип турат менин таятама окшош екен .... бир кем дуйно дегени ошол екенда бироого зар бироого кор .... менин таятам отуп кеткен дуйнодон туугандар ата енени козу барында сыйлап билели кийин кеч болуп калат сагынып ыйлап таятамдын артынан кетип калгым келет бирок айла жок....ех уулдары окуса екен беттери чыдап кантип жашап журот ата енесин ептеп карай албаса
27.08.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсенсинби деп кайда журсо ойлор ким..Бар тапканын сага чачып колдоор ким....Билсен билгин мунун баары ата энен.Ата эненди турусундо сыйлай жур ,сыйлай бил.
27.08.2013. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атанын назары ок дейтго атага эмне кылсан баланан ошону коросун. Кайтар дуйного.
28.08.2013. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах баарын таразалайт............
28.08.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар менен суйлошкондо слабый жери ушул эле. Колдон келишинче басмырлап айтчуу элем: "что за народ, за кв. метр жилье друг друга убивают, насилуют. У нас такого нету " деп. Корсо бар турбайбы кысталак. Мындайларды Абескун денизиндеги аралдарга таштап коюш керек.
29.08.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ura1972, орустарга караганда биз анча эле ынсап бар
28.08.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baldary adam emes eken andai balanyn barynan jogu dep ke4ip salynyz aksakal
28.08.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баласы имам болсо.бул хадисти билбейт окшойт. Ата эненин ыразычылыгы, Алланын ыразычылыгы.Ата эненин нааразычылыгы .Алланын нааразычылыгы
28.08.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп жатып козумдон аккан жашты тыя албадым.Бул карыя менин чон атамдын эле эгизиндейго.Атамда ак конул,кичипейил,аябай боорукер адам эле. 17жашынан намаз окуп 90 жашка келип кулагы укпай козу корбосода намаз окуп алла деген киши эле.Ооруп тура албай жатсада намаз окуйм деп,ордунан туруп алладан биздин бактылуу болушубузду мен коргонду балдарым корбосо экен деп, намаз окуп бутуп жайнамазда жаны узулду.Биз атабызга конуп калган элек.Алладан жалбарып атамды кайтарып бер деп коп ыйладым.Ошондогу бо
28.08.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
астафирулло. Ар бир инсанга ынсап берсин. Эске келсин балдары атасын кайгыртканы кайтаар, ошондо тообогл таянаар. Торогон эне эмес, баккан эне андыктан экоосун тен кадырлашы керек.
28.08.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз келуучубуз жана кетуучубуз АЛЛАХ баарын коруп турат егер АЛЛАХ буюрса аласынар буюрбаса жок андан коро атанарга карасанар боло
28.08.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир инсанга Аллахым озу ынсап берсин!
28.08.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козунун тируусундо соттошуп болсо дагы аялына жаздырып койсо жакшы болмок.Анткени,байкуш аялы ушунча жаштыгын ошол балдарга арнап койуп,талаада калышы мумкун..же эрден жок,же баладан жок,же уйдон жок!
29.08.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм да
29.08.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдонун айтканын жаса, Ал жасаганды жасаба деп жон айтылган соз эмес да.. Сизге жана кемпиринизге сабырдуулук берсин
29.08.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Документин, бир эмес мин алсын, аксакал завещание кемпирине калтырса аны эч ким талаша албайт, айтып койгон киши бар бекен аксакалга?
30.08.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарына наалат.
31.08.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба билимсиз адам динге тез берилет жана динди тез бузат. Албетте анын имам болгону эн жакшы.Бирок атасынын ага нааразылыгы болсо анда ага эн жаман!
31.08.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдыр деген ушулда азыр адамдар озгоруп бир-бирине деген пейил жоголгон. бул теманы бироо ойлоп эле таап жазгандай озу 80ге чукулдап калса аялы 28жаш болсо бул аксакалдын эн кичуу баласы да аялынан чон болсо керек менимче терен ойлонуп окуп тушунуп коргулочу достор
02.09.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаштар баарын батылуу болгула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо