Жусуп Масаитов, ырчы:«ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ КЕЗИМДЕ БИР КЫЗДЫ СҮЙҮП КАЛГАМ»

№564 23-август-29-август, 2013-ж

«Жашоодо жашык жана боорукермин. Ошол себептенби, кайгылуу ыргактагы обондорго жакынмын» деген  ырчы Жусуп Масаитов Жалал-Абадга өзүнүн «Чынара» аттуу ыры менен таанылган. Ал биздин маек төрүбүзгө келип кызыктуу маек куруп берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 21-июнь
Туулган жери – Сузак районундагы Жапын айылы
Үй-бүлөлүү – 1 кыз, 2 уулдун атасы
Учурда – Т.Тыныбеков атындагы филармониянын ырчысы

– Саламатсызбы? Маегибизди жагымдуу жаңылык менен баштайлы деп турам.
– Саламатчылык. Учурда сөзү Нуркан Койчуманованын калемине таандык, обонун өзүм жазган «Элесиңде» аттуу ырды жаздырып жатам. Буюрса, кесиптешим Динара Тилекеева менен дуэт ырдап чыгабыз.

– Ырчылыктын чыйырына кандайча түшүп калдыңыз?
– Бир окуяны айтып берейин. Ал кезде мен 3-класстын окуучусу элем. Ошол учурда Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов концерт коюп келип калды. Өзүм окуган мектептен ал концертти көргөм. Кечкисин дагы моокумум канбай, досумду ээрчитип айылдан шаарга 12 чакырым жерди басып ошол эле концертти көргөнү келдим. Кыштын күнү суукка тоңбогонумду айт, музыканы ошондо эле сүйчү экенмин, көрсө. Мектепти да ыр-чоор менен окуп бүттүм. Окууну бүткөнүмдө атам мени «укук коргоо кызматкери кылам» деп туруп алды. Мен атамдын оюна макул болбодум. Өзүм документтеримди көтөрүп келдим да, Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумуна тапшырып, эстрада бөлүмүнө өтүп кеттим. Анан үйгө барып ата-энеме «окууга тапшырып, өтүп келдим» дегенимде анан аргасыз макул болушкан. Окууну 2004-жылы аяктап, азыркы жумушума, филармонияга ишке орноштум.

– Ата-энеңиз тууралуу азыноолак кеп салбасак болбос...
– Атам кесиби боюнча физик, апам үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, мен эң улуусумун. Баары үйлөнүп-жайланып, учурда өздөрүнчө очор-бачар. Атам өзү укук коргоо кызматкери болом дечү экен. Чоң атам диндеги адам болгондуктан, «арамдан тамак жебейм, топурагыңды түйө кет» дегенде атам аргасыз мугалимдикке окуптур. Эң кичүү инимди ошол кесипке көндүрүп, окутуп, азыр ал укук коргоочу болуп иштеп жүрөт.

– Алгачкы обон, ырларыңыздын жаралуусуна токтололу...
– Филармонияга барып иштегенге чейин эле мен обон жаратчумун. Бирок ырларымды бирөөгө көрсөтүүдөн тартынып жүргөм. Бир күнү кесиптешиме обондорумду угузсам, ал «Сен ушундай обондоруңду катып жүрөсүңбү?» деп мактап салды. Анан чыгара баштадым. Алгачкы обондорумду ата-энеме жана сүйлөшкөн кызыма арнагам. Обонумдун каарманы азыр да менин жашоомдун негизги каарманы – жубайым. Майрам менен кокустан эле таанышып калгам. Менин чыгармачылыгымды аябай жакшы түшүнөт, колдойт. Мен эч качан сүйүүнү үй-бүлөгө алмаштырбайм.

– «Чынара» аттуу ырыңыздын турмуштук чындыгы бар деп укканым бар...
– Ооба, Чынара аттуу кызды үй-бүлөлүү кезимде сүйүп калгам. Мен да дал Бек Борбиевдин ырындай «үчүнчүсү төрөлүп, ак бешикке бөлөнүп, ортончусу басып калган» маалда жолуктум. Чынара досумдун сүйлөшкөн кызынын курбусу экен, жакшы көрүп калгам. Жөнөкөй, кыргыздын чыныгы сулуу кызы эле. Ал менин сезимимди ыр да, клип да даяр болгондон кийин билди. Учурда башка өлкөдө жүрөт, бактылуу болсун.

– Эргүү кандай учурда келет?
– Эргүү ар кандай маалда келет. Өзүм жашык, боорукермин, бат таасирленем. Балким, уккан адамга калп туюлар, бирок кээде бир обонду жазып бүтүп аябай ыйлап алам.

– Бош убактыңызда ырдан тышкары эмне менен алек болосуз?
– Балдарым менен алек болом. Балдарыма болушуп эле жүрөм, жубайым кээде урушуп калса, таарына түшөм.

Гүлжан Эшбаева
Jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
26.08.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргасыз мугалимдикке окуптур деп туура эмес айтып алган го, тиги суротундогу аккордеонду сага ошол мугалим уйроткон да, тим эле мугалим эн акыркы кесип сыяктуу суйлоптур.....
26.08.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet, туура эле айтылган,сиз озунуз тушунбой калгансыз го.Бул жерде кемсинтуу жок.«Аргасыз» десе эле мугалим жаман кесип болуп калбайт да.„Ар бир кесип ардактуу“ дегендей кемсинткенге акыбыз да жок.Бул баланын ырларын укпапмын бирок.
01.09.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet, мен да бул создон эч кандай кемсинтууну сезген жокмун, озум мугалиммин. Озунун суйгон кесибинен баш тартып аргасыз башка кесипке окуганын эле айтып жатат. Эгер бул баланын атасы да топурагымды туйуп берем десе, бул деле аргасыз укук коргоочулукка окумак да. Ушундай эле маани бул жерде.
26.08.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги окуп калса,эми мээсин жей ал кайдагы кыз,кимдин курбусу деп.Бирок бул ырчыны мен тааныбайт экем.
26.08.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gezitke aitkandan kiyin aialy dele bilse kerek, eger bilbese . . . . .
26.08.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялынын суротун дагы чыгарып коюшса болмок,негизи эле аялы чыдамкай экен.
26.08.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee taga uwu sozundu jenem okup kalsa worum kurudu dei berda, otkondoku jalynganyn esindenn chykkan go chirkin????????????
26.08.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол суйуусу жонундо айтпай эле койсо болмок эми проблемма жаратпаса эле болду. Мен да тааныбайт экенмин мындай ырчыны.
26.08.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге эмне, озу жооп берет да келинчегине
27.08.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat Jusuke....
27.08.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смелый экен эээ.
28.08.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
медиа порталда да жок экен бул жигиттин ырлары, ради интереса угуп коеюн дегем
28.08.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз жандуу неме окшойт.
30.08.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынара деген ыры аябай жакшы ыр. сизге чыгармачылык ийгилик, ар дайым бийиктиктерди багыета бериниз. кара-колдон макс
01.09.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super.kg, чынара деген ырынын да MP3 форматын чыгарып койсонор болмок экен.
02.09.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurel50,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо