Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАРДЫ ТАҢ КАЛТЫРГАН ОКУЯ ЖЕ АЛАРДЫН ЫРЛАРЫНА «ЭЭЛИК КЫЛГЫСЫ» КЕЛГЕН КОМПАНИЯНЫН БАЯНЫ

№564 23-август-29-август, 2013-ж

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, гезитибиздин расмий www.super.kg порталы бар. Бул порталдын иштеп келе жатканына 7 жылдын жүзү болот. Бул жылдар аралыгында порталыбыз Кыргызстандын аймагында жана тыш жактарда ар кандай турмуш-шартта күн өткөрүп келе жаткан мекендештерибизди бир аянтчага бириктирип, башын кошуп келди. Эми да ал вазыйпасын алгылыктуу аткарууда.
Мекендештерибиз биздин портал аркылуу өздөрү алыста болсо да, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга, чечимдерге, иштерге өз пикирлерин билдирип, ар кандай кайрымдуулук иш-чараларга катышып, айтор, мекени менен байланышты сактап келишет. Мына ошол порталыбыз аркылуу өлкөбүздө, өлкөбүздөн алыста жүргөн боордошторубуз кыргыз ырчыларынын ырларын, клиптерин, концерттерин көрүп, угуп, ар кандай жаңылыктарынан кабардар болуп турушат. Эл менен өнөр адамдарынын ортосунда мындай көпүрө болуп берип жатканыбызга, албетте, кубанычтабыз.
Бирок өтүп бараткан аптада бир окуяга туш болдук. Жок, биз эле эмес, Кыргызстандагы мен-мен деген ырчылар туш болду десек туура болчудай. «Жоин Ком» аттуу компания бизге кат жөнөтүптүр, бир топ ырчылардын тизмеси менен. «Порталдан бул ырчылардын ырларын өчүрүп коюңуздар, бул ырларды биз гана тарата алабыз» деген маңызда. Ырчылар муну укканда таң калышты. Бек Борбиев, Аида Кулуева, Мирбек Атабековдун, Даниелдин, Алихандын продюсери болгон Канат Култаев, Дайыр Исмадияров, Съездбек Искеналиев, Нурлан Насип, Канат Кадыржан, Гүлшайыр Садыбакасова, Роза Шакирова, Арсен Мендебаев өңдүү бир топ ырчылар менен продюсерлер «Ал эмне болгон компания экен?» деп көпкө ойлонуп, эстей албай убара тартышты.
Биз да ойлонуп калдык, ырчылар билбей жатса, бул эмне деген компания болду экен деп. Издештирип көрсөк, «Жоин Ком» Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсү-4б дарегине катталган экен. Биздин билишибизче, «Европа+» медиа группасы дал ушул даректе турат. «Кыргызстан Обондору» да анын катарына кирет. Сыягы, бул компания Кыргызстандагы ырчылардын баарынын ырларына «ээлик кылууну» көздөп жаткан көрүнөт. Албетте, жылдыздар андай шартка макул болушкан жок.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев: «Ошондой компания бар экенин укпаптырмын. Мен, негизи, бир келишимге кол койгом. Орус улутундагы аял бильярд залынан жолугуп «силердин автордук укугуңарды коргойбуз» дегенинен кол коюп бере салгам. Чынын айтсам, ичин окуган деле эмесмин»,- деди.
«Кыргызстан Обондору» менен келишимге кол коюп жатканда бир гана алар аркылуу ырларыбызды жайылтуу шарты талкууга алынган эмес. Эгер ошондой талап бар болсо, ал бизге түшүндүрүлүп айтылса, мен кол коёрдо ойлонуп көрмөкмүн»,- дейт Урмат Усенов. Ал эми Омар, Арсен, Анжеликанын продюсери катары эмгектенген Миргүл Эсеналиева буларды айтты: «Омар дагы, Арсен дагы Кыргызстандагы бардык радио, гезит, медиа мекемелер менен иштешүүнү каалашат. Андыктан аталган компания менен байланышып, түзүлгөн келишимдин шарттарын өзгөртүү керектигин айттык. Бир гана радиого ырларыбызды жайылтууга уруксат берүү шарты бизге түшүндүрүлгөн эмес эле, эки-үч күндө бул иш чечилет».
«Кыз-Бурактын» негиздөөчүсү, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова:
«3 жыл мурун «Кыргызстан Обондору» бүт артисттерди чогулткан, ошондо бир келишимге кол койгом, «жайылтууга макулмун» деп. Келишимде «Кыргызстан Обондорунан» башкаларда ыр-клиптер ойнотулбасын, жайылтылбасын, көчүрүлбөсүн» деген жери жок болчу, өзүм ал компанияга чалып, бул маселени териштирем»,- деди.
Аталган медиа группанын кызматкерлери, сыягы, келишимдин шартын ырчыларга оңгулуктуу түшүндүрүп деле отурушкан эмес өңдүү. Юридикалык жактан алганда, мындай иш-аракет кандай бааланышы мүмкүн экенин сөз кылбасак да болот.

Калыс Мамбетов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
26.08.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага кызык!
28.08.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu7, дааны кызык немелер го европанын сайтын эч ким ачпай атат да... даже укпай деле атса керек ха-ха-ха егоисттенип атышкан го
26.08.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атың чыкпаса жер өртө деп ушуну айтатда деги кандай компания екен ал кызык бири бири коро албай калдыго кичинкей мамлекетте аман еле бололучу кырыз калкым.
26.08.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми Кыргызстан Италияга айланганы калганго, бардык жерде коркутуп уркутмой, кантип эле билишпей калсын, мумкун ырчыларды деле коркутуп уркутуп кол коюшкандыр..... Негиздоочусу ким экен, ошол кызык......
26.08.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайттардын тиреши деп тушунуп кое бердим...
26.08.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмне деген шумдук
26.08.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дагы бир бекерчинин иши менимче.
26.08.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан калыштуу бул эмне деген табышмак болду экен, чечилсе бизге да жарыялап коюнуздар. Эмне максат менен эми мындай проблема чыгарып атышат, ниети эмне?
26.08.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин түшүнүгүм боюнча,."Кыргызстан обондору"менен Супер инфонун мамилеси жок,көбүнчө эле оюн-зооктордо бирин бири чакырышпайт(менин оюм)
27.08.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматуу супер инфо нон стоптун ырларын ушул себептерден очуруп койгонсунарго
28.08.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акча табуунун бир жолу да.
28.08.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектин кагазды окубай туруп кол коюп койгону кызык экен! кыргыздар кайдыгеликтин айынан эле коп жапа чегебиз. Эми ырчылардын тизгинин ким кармайт? Алар озунчо эле мафия болуп кеткен го. Эртен агып жаткан сууну дагы ичпегиле, ал меники дебешсе эле болду. Негизи кыргызстан обондору кыргыздыкы эмес да. Ал жакта башка улуттун окулу отурат. Ошондуктан кыргыз шоу дуйносун дагы озуно каратып алам деп ойлосо керек. Бирок буга ырчылар моюн сунбасы бышык.
28.08.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эле Бек байке эмес, баары эле окубаган сыяктуу. Бири да келишимдин шарттарын толук айта алышпай, териштиребиз деп жатышат, тан калышып... Мындай нерсе копчулугубузго тиешелуу. Негизи кол коюп жаткан документтер м-н толук тааныпай эле кол кое беребиз. Эгер кокус, ошол келишимдин ичинде: "башка булактар аркылуу таратпоого макулмун" деген жери болуп калса, накта тамаша ошондо башталат.
28.08.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И байагы байагы койчумандын таягы.Баары окубай кол койгон мына сага тамаша.
29.08.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээ ошол уюм емне уюм болду екен? саясатка аралашсан давление болушун анык! анан шоу дуйного баш багып кичине болсо да маанай котороюн десен проблама го ошол уюм ырчыларга тийбей еле озунун ишин кылсынчы! же емне ырчылар алардан сурап ырларын таркатат бекен?! бул сунушун мен ел учун деп есептебейм! кийгилишпесин супер инфого! ырларды очурбогуло биз чет жакта силер аркылуу гана угуп коруп билип турабыз! да аларды вообще ким угат ? например мен укпайм супер инфону гана калтырбай окуйум! ИЙГИЛИК!
30.08.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардак кругом. Ырчылардын документти окуганга да убактысы (же каалооосу) жок болсо ошо да.
01.09.2013. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы каадалуу ырчы бар эле, тим эле компания талашат имиш...ырларын...
01.09.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары окуп эле кол койгон
ошол компания чыканы жакшы болот ырчыларга
super.kg сайты не болот эми жылдыздарсыз
06.09.2013. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Timele shumduk super.kg nin onugup atkanyn koro albai atyshat go
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо