КЛИПКЕ КӨРК КОШКОН КЫЗДАР

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Ырдын көркүн клип, ал эми клиптикин мыкты сюжет менен каармандары ачат. Атүгүл клиптен көрүп сулууларга ашык болгондор да жок эмес. Окурмандарга андай сулууларды тааныштыралы деп чечтик.

Нурмат Садыров, «Мен сүйгөн менен пайда жок»
АЙНАЗИК САТИМБАЕВА
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 17-август
Туулган жери – Алай району, Гүлчө айылы
Билими – КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган
Учурда – Модель, актриса
Тартылган клиптери – Курал Чокоев, «Карай берем», Нурмат Садыров, «Мен сүйгөн менен пайда жок»
«Мен сүйгөн менен пайда жок» деп сыздаган Нурмат Садыровдун бул клибинин көркүн татына жүздүү модель Айназик ачкан. Ал бул эмгеги тууралуу: «Клипмейкер Эрнист Сыдыков интернеттен сүрөттөрүмдү көрүп, анан мага клипке тартылуу сунушун киргизди. Ошол убакта такыр колум бошобой, аны көпкө күттүргөм. Ачыгын айтсам, бул ырды биринчи жолу тартуу аянтчасынан уккам. Өзүмө бул ролум башка клиптерде жараткан ролума караганда аябай жагат. Каарман сыяктуу мен да жашоодо жөнөкөй, карапайым кызмын»,- деп ой бөлүштү.
Айназик келечекте көпчүлүк кыздар карап түздөнгөн Ассоль Молдокматовадай бизнес-вумен болгусу келет. Учурда бойдок, кыз киши үчүн 25 жашты турмуш куруу үчүн эң ыңгайлуу курак деп эсептейт.Ага чейин ойноп-күлүп, эркиндиктин доорун сүрүп турууну туура көрөт. Ушул тапта ал Адилет Акматовдун «Бакыттын формуласы» аттуу тасмасында роль жаратууда.

Тынай Алыбаев, «Ар дайым»
АЙЖАМАЛ ОСМОНОВА
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 2-февраль
Туулган жери – Балыкчы шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика бөлүмүндө окуйт
Учурда – Модель, актриса, ди-джей
Тартылган клиптери – Тынай Алыбаев, «Ар дайым», Арсен, «Аткан ай»
Чыгармачылыгында көпкө тыныгуу жасаган ырчы Тынай Алыбаев аталган клиби менен кайра жандангансыды эле. Бирок ырчынын жаңы хит ырларына күйөрмандары дагы деле куса. Клипте Тынай менен кыналышкан селки – «Большие люди» теледолбоорундагы Айканын ролун жараткан актриса Айжамал Осмонова. Жогорудагы клип боюнча Айжамал: «Клипти тартып жатканда өтө суук болчу. Элестетиңиз, кыштын ызгаар суугунда сүйүшкөн эки көгүчкөндүн ролун аткарып жатканыбызды. Бири-бирибизди кар менен уруп, карга оонап, айтор, калчылдап турсак да бактылуу болгондой түр көрсөткөнгө туура келген. Жыйынтыгы мага абдан жакты»,- дейт.
Айжамал тууралуу сөз кыла турган болсок, жүрөгү бош эмес, жигити бар. Келечекте жеке теледолбоор ачып, өз кесиби, журналистика тармагы менен кетерине көзү жетет. Учурда кыргыз тилинде таза сүйлөгөндү үйрөнүүдө.

Мирбек Атабеков, «Сага»
АЙГЕРИМ НУРДИНОВА
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 25-ноябрь
Туулган жери – Аксы району, Кербен шаары
Билими – Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит бөлүмүнүн 5-курсунда окуйт
Учурда – Модель, актриса
Тартылган клиптери – Мирбек Атабеков, «Сага», Арсен, «Сон наяву», Бек Исраилов, «Карындаш»
«Мирбек Атабековдун «Сага» деген клибине тартылууну Замира Молдошева сунуштаган. Анда эженин моделдик агенттигинде иштечүмүн. Тартуу учурунда кыйынчылык деле болгон жок. Режиссёр эмнени айтса, ошону аткарып жаттым. Узун көйнөк кийип Мирбек экөөбүз токой аралап чуркайт эмеспизби. Ошондо Мирбектин менин көйнөгүмө чалынып аябай жүдөгөнү эсимде калыптыр»,- деп эскерет Айгерим Нурдинова клипке тартылуу учурун.
Модель учурда турмуш жолуна аттанайын деп, үлпөт тоюна даярданып жүрөт. «Жакында турмуш жолуна аттанам. Ушуну менен актрисалык, моделдик кесибиме чекит коём. Калган убактымды үй-бүлөмө арнагым келет. Келечекте мода үйүн же сулуулук салонун ачып иштетсем деген ойлорум бар»,- дейт. Учурда Айгерим Сүйүн Откеевдин «Миллиондук мелдеш» тасмасында башкы каармандын ролун жаратып жатат.

Нурлан Насип, «Айталбайм»
РАЙЗАТ МУРАТАЛИЕВА
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 20-апрель
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – №60-орто мектептин 11-классынын окуучусу
Тартылган клиби – Нурлан Насип, «Айталбайм»
Сезимдерин айта албай кыйналган ырчы Нурлан Насип күйөрмандарын бул жылы жаңы ыр, жаңы клиптерден кур калтырган жок. «Айталбайм» аттуу клибинде бир сулуу менен бөлмөдө бетине боёк сүйкөп ойноп, анын кылыктарына тойбогон ырчы актёр болбосо да, жакшы аракет кылган. Клиптерине дайыма сулуу кыздарды тарткан Нурлан бул жолу да күйөрмандарынын табитинен жаңылбаган өңдүү.
Клиптеги чырайлуу селки Райзат буларга токтолду: «Клипке тартылганга чейин Нурландын ырларын укчу эмесмин. Таанышкандан кийин угуп калдым. Тартуу учурунда эч кандай кыйынчылык болгон жок, баарын оңой эле ойноп бердим. Бир гана бийлеген жерлеримди бир нече дубль менен тартышты. Тааныштарымдан «көп күлүп коюпсуң» деген сынды гана укканым болбосо, көбү макташты. Ата-энем менин юрист болуумду каалашат. Быйыл мектепти аяктасам, сөзсүз ушул кесипти тандайм».

Гүлжигит Сатыбеков, «Лейлектик кызга»
САЛТАНАТ ЖУМАБАЕВА
Туулган жылы, күнү – Сыр тутат, 17-октябрь
Туулган жери – Өзгөн району, Ак-Жар айылы
Билими – Жогорку. Ош мамлекеттик социалдык университетин бүтүргөн
Учурда – Өз иштери менен алек
Тартылган клиптери – Гүлжигит Сатыбеков, «Лейлектик кызга», Талант Анарбаев, «Современный жеңелер»
Бул жылы Гүлжигит акебиз бизди ары күлкүлүү, ары кайгылуу хит чыгармалары менен «бакты». Бир туруп «Тико» десе, бир туруп «Мен сенден кетейинчи» деп чыкты.
Клиптеги уялчаак, назданган лейлектик кыздын ролун кадимки эле Өзгөндүн сулуусу келиштире ойногон. Андагы Салтанат Жумабаева: «Клипке тартып жаткан мезгилде күн өтө ысык болчу, абдан кыйналганбыз. Гүлжигит аке менен бетме-бет тиктешкен эпизод бар эмеспи, ошол жеринде көзүнө тике карай албай аябай сүрдөгөм. Менин клипте кийген формам да кызыктай болгон, аны клипмейкерлер атайын заказ менен тиктиришиптир. Баткенде ошондой кийишет экен.
Кызык жери, жеңеси кыйкырган жер бар го, аны сейил бактан тартканбыз. Жеңемдин ролун ойногон актриса катуу кыйкырса элдин баары топтолуп алышты. Андайда аябай ыңгайсыз болот экенсиң»,- дейт.
Ким билет, Салтанаттын жүрөгүнө арзыган таза, тыкан, түшүнүктүү мырзасы Гүлжигит Сатыбеков болуп жүрбөсүн... Баса, Гүлжигиттин менеджери Астра айым ырчы агабыз Бишкектеги жаңы өргөөсүнө көчүп кирери менен «Лейлектик кызга» баш кошорун кыйыткандай болду эле. Болсун, болсун, клиптеги кадрлар жашоодо да улансын дейли.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Клипке көрк кошкон сулуулар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(53)
02.09.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
11 класста окуган кыздын кашы бир кызыктай экен, не естественный деп койчу беле
02.09.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироо тандады дебей эле заказ менен тиктиригти деп ататго
02.09.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Мирбектин клибиндеги кыз жакты сулуу экен, Райзатын жузундо бир нерсе жарашпайт экен кашпы оозбу билбей атам.
03.09.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, ха ха ха))) токтобой кулуп алдым
03.09.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлектик кыз туулган жылын эмне учун сыр тутат болду экен я?
SUPER.KG видео
03.09.2013. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клиптеги сулуулар жонундо коп кеп козголот а эмне учун клипте образ жараткан мырзалар тууралуу репортаж даярдалбайт?
03.09.2013. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим Нурдинова, ммм... ))
03.09.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим сулуу экен.
03.09.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим эн сулуу экен,берген интервьюсу да жонокой. Азаматсын,ийгиликтер боло берсин. Ал эми Лейлектик кыз ал форманы бардык жерделе кийет го?
03.09.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корктуу кызды коюп алып, аны айланып ырдап клип тарткан модага айлангандай. Ошондой клиптин кообунун мааниси жок.
03.09.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим кара-тору сулуу кыз го...А Салтанат башка мамлекеттен келгендей суйлопсун го...же Озгондо штан-койнок кийбейби?Жакшы ям Ошто окугансын аа,Бишкектен бутсон орусча суйлоп шорубузду курутмаксын...
03.09.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza83, олтурдунуз))))) ха ха
04.09.2013. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza83, сен озун каяктан тушконсун жакшына эле суйлоптурго
03.09.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салтанат Жумабаева жагат да мага
Модератор admin_media түзөттү 03.09.2013 16:50
03.09.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салтанат кыргыз жуздуу , жузу жылуу дейбиле ээ ошондой кыз экен калган кыздар стерваларга окшошот экен мисирейип
SUPER.KG видео
03.09.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде сулуулар коп.
03.09.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салтанат дегени клипте жакшынакай эле корунду эле, бул жердеги суроту анча эмес болуп калыптыр го, бойогу жарашпаптыр.
04.09.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салтанат эже дайыма ошол кийимде журсонуз сизге жакшы жарашат экен.
04.09.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгеримдин козу жакты, аябай татынакай экен.
05.09.2013. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн эле сулуусу Айжамал Осмонова экен.Такая приятная
05.09.2013. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лейлектик кыз куник го
05.09.2013. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынай билет кимди тандашты
05.09.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм жакшы
05.09.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо Салтанат Баткен давно онугуп кеткен артта калыпсынар клипмейкерлеринер менен
05.09.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо салтанат озгондо эмне жынса кийип чонойдунбу кыргыздын баары эже карындаштары ошо сен кийген койнокту кийип журушот
06.09.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баарынар азаматсынар!! Салтанат айым жашыныз чон окшойт ээ
07.09.2013. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
РАЙЗАТ баарынан суулусу экен да. редакция РАЙЗАТТЫН соц.сеттеги данныйларын алып беринизчи пожалуйста
09.09.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райзат сулуу экен
20.09.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айназик ыманы ысык,жакшынакай кыз экен
26.10.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЙНАЗИК Сатимбаеванын аппак эмчек кабы эмне модага айлангандайго .. хи хи..
SUPER.KG видео
18.11.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
semirip ketpei ozun karasa baardyk kyzdar suluu bolot
SUPER.KG видео
18.11.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semirip ketpei ozun karasa baardyk kyzdar suluu bolot
SUPER.KG видео
16.01.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавицы прям,глаз радуют))Балдар жондо деле чыгарып койгулачы,абдаан кооп клипте сулуу балдар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо