ЖАҢЫ ТААНЫШКАНДА ЭЛЕ ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРГӨН

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда зордукталып, анан муунтулуп өлтүрүлгөн жаш келиндин сөөгү табылды. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адам кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алды.

«КЫЗДЫ СҮЙРӨП БАРЫП...»
Биз барган учурда Свердлов РИИБинин тергөө тобу кылмышка шектелип кармалган адамды кылмыш болгон жерге алып барып, көрсөтмө алып жатышкан экен. Кылмышка шектелип кармалган КЫЛЫЧБЕК КАКЕЕВ колуна кишен салынган абалында милиция кызматкерлерине кантип кылмыш кылганын айтып берди:
– Телефон аркылуу таанышкандан кийин ал кыз мени жолугабыз деп чакырды. Жолуккан соң ушул жерде сүйлөшүп, сыра ичип отурдук. Бир убакта мени чаап жиберди, ошондо жиним келип мойнунан муунтуп туруп түртүп жибердим эле, эсин жоготуп койду. Анан мен аны сүйрөп барып, калган иш болуп кетти...

«МУУНТУП, ЭСИ ООГОНДО ЗОРДУКТАГАН»
Свердлов РИИБинин тергөөчүсү ЖАКШЫЛЫК АЛИЕВ кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда милицияга Келечек жаңы конушунун тургунунун короосунда 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз аялдын киши колдуу болуп каза болгон денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын мойнунда жана колу-буттарында сыйрылган тактар табылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тез эле каза болгон аялдын өздүгү аныкталып, ал 1990-жылы Баткен облусунда туулган Б.А. аттуу жаран болуп чыкты. Ал ушул эле жаңы конушта батирде жашачу экен. Оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында 24-август күнү бул кылмышка шектелип 1990-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунда туулган Кылычбек Какеев кармалып, кылмышын мойнуна алган. Ал Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда үй куруп иштеп жүргөн. Анын жанынан кылмышка далил буюм: маркумга тиешелүү уюлдук телефон табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя 23-август күнү болжол менен саат 22:30-23:00 чамасында болгон. Кылмышка шектелип кармалган Какеев ошол күнү радиолордун биринин таанышуу программасына «Үй-бүлө куруу максатында кыз-келиндер менен таанышам» деп СМС жөнөтөт. Ал эми каза болгон айым ага телефон чалып таанышып, экөө Келечек жаңы конушунан жолугууга макулдашышат. Жолугуп 1-2 саат отурушкандан кийин кылмышка шектүү кызга асылып баштайт. Ал каршылык көрсөткөн учурда катуу чаап, эки колдоп муунткан да, кыз эсин жоготкондон кийин чөптүн арасына сүйрөп барып зордуктаган. Кыз болсо ошол бойдон эсине келбей каза тапкан. Бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97 (киши өлтүрүү) жана 129-беренелери (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

«КАРАҢГЫДА ЧӨП-ЧАРДЫН АРАСЫНДА ЖОЛУКПАШ КЕРЕК»
НУРБЕК ШААБАЕВ, Келечек жаңы конушунун тургуну:
– 24-август күнү эртең менен Фархат аттуу коңшум чакырып, «бир кызды өлтүрүп кетиптир» деп айтты. Аны угар замат ушул тегеректе жашаган эл чогулуп, милицияга кабар бердик. Милиция кызматкерлери келип, айлана-тегеректи карап жүрүшкөн. Анан ошол эле күнү ал кызды өлтүргөн деген адамды кармашыптыр. Кийин мындай окуя кайталанбасы үчүн кылмыш кылган адамга оор жаза бериш керек деп ойлойм. Анан бирөө менен таанышканда да ойлонуп таанышыш керек. Бул окуя ойлонбой таанышып алгандарга сабак болсун. Угушумча, алар радио аркылуу таанышып, 2-3 сааттын ичинде эле окуянын баары болуп кетиптир. Чөп-чардын арасында караңгыда жолугушканча, кафе деген бар, ошол жактарга барбайбы.

 

Коңшулары маркум тууралуу «Оор басырыктуу, мээнеткеч, жакшы кыз болчу. Мурун турмуш куруп, кийин ажырашып, 4 жашар уулу бар. «Дордой» базарындагы кафелердин биринде, кийин талаада дыйканчылык кылып иштеп жүргөн. Жакшы тааныбаган адам менен жолугушуп жаштык кылып койду» деп билдиришти.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(52)
02.09.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкеридэ коросун эми зокурлук кандай экенин айван..баласынын убалы урсун сени.
03.09.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул берилген жашоо айып эле айып.
03.09.2013. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 жашар баласына боорум ооруйт....Өмүр бою апа деген атты атабай өтүп кететда эми.
Апасынын жайы жаннаттан болсун
03.09.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tuugandar,suranam elibizde kozu otkon adamdyn(markumdun)arkasynan soz aitpait!Bir gana jakwy jaktaryn aitywat...
07.09.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
EMILI, эн туура айтасын кыз да жаман ойду ойлогон эмес да олум айтырбай келет деген ушулда
03.09.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызда да бар куноо сразу таанышып, тун ичинде ээн жерде жолугушкандан коркпойбу. Болгону 23 жашта экен анан куйоодон ажырашып баласы бар болсо, мнтип туну кочого коркпой чыкса анда копту коруп койгон кыз экен. Кантсе да жаткан жери жайлуу болсун.
03.09.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyzdar uwu radio internetten taanywyp jolukpai ele koigula4y kuioo tabylat ailananardy ele karagyla.... Bul ne degen jooruk emi talaada jolugup bugun ele taanywkwn bala menen...
04.09.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуялар абдан эле кобойуп кетти. Жогору жактагылар, тезирээк жëсткий закон кабыл алгылачы!!! Биздин да балдар, кыздарыбыз чоноюп келе жатышат. Мындай нерсе улана берсе, алардын келечегин ойлогондон да коркосун.
04.09.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Clara_Zh,Эн туура,карап отурсан мындай корунуштор кун санап осуп жатат,бизди да ойлондурганы ошол балдарыбыз кыздарыбыз.Эмнеси болсо да кудай сактасынчы.
04.09.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкер адамды омур бою эркинен ажыратса да аздык кылат.Маркумдун баласы апасыз калды.Ээх эмне болуп баратат жашоо деген.
04.09.2013. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунаажын козун кыспаса-бука жибин узбойт,дег.кеп бар элибизде.Ичкиликтен чыкты да бул иш.Келин озу да камыштын
арасын каалап калган
экенда.Мындай бутушун билбеген да,жакшы ой менен барган да келинда,ыссык жанда не кылсын.Канткенде да окунучтуу!!!Топурагы торкоо болсун!!!
04.09.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга ынсап берсин
04.09.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлгөндүн өзүнүн шору демекчи,бирөө менен таанышып,чөптүн ичинде сыра ичкенди ким койуптур.Коомубуздун бузукулганынан баары,кыздарбызда мээ жок.Мээ болсо кысып,үйдө отурат болчу.
04.09.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зордуктап камалган балдарды, турмодо балдар зордуктайт деп коет.
04.09.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сыра ичсе кыз айыптуу экен
04.09.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары келип ичкиликтен да,болбосо экоонун тен эле ою бир болсо керек да ошончо чоптун арасынан жолугушса.
05.09.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai bolsoda aiyp ekoodo, biz oz kozubuz m.n korbogondon kiin aityp koio berbizda.. Balkim oku9 bawka4adyr..?
Jaiy jannatta bolsun!
05.09.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылуу соз жыландыда ийинден чыгарат дейт жакшы создорду айтса жолукканы барганда.Кызда ысык жан ээн жерде жолукканына караганда экоо секас кылышмак да жыргадык деп кетишмек бирок ортодогу нерсени ичимдик бузду
05.09.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо эмне деген замада жашап атабыз. Баарыбызда эже, карындаштарыбыз барго ошолорду ойлошубуз керек достор.
05.09.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
к.тту кыскан бай болот дегендей азыркы убакта кыздар,балдарда кысып эле журо турган болуп калды...
06.09.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
замандын оорчулугу кылмышка туртот АЛЛАдан гана кечирим сурашыбыз керек
07.09.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azema9, Замандын оорчулугу уурулукка туртушу мумкун, а бул жерде заманга шылтаганга болбойт го.
06.09.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аравандын атын булгаган зоокур !!!!!
06.09.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жадаттынар
06.09.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдык сапаты кеткен малдарды, зоокурлорго катуу эле жаза колдонуш керек, аларды мамлекеттин каражатын коротуп багып журбой, атып же дарга асып салса эн туура болот,
07.09.2013. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмуш куруу максатында радиого берсе.таанышты мейли.бала шашып жиберген го.чыдап турса ошончо чопко барышыптыр кыз озу баштамак беле.кыска ойлук кылган бала.кичинекей баш турганда чон баш иштебей калат деген ушу да.
07.09.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EMMI, кичине баш*чон баш деген макалын мага жакшы таасир этти
07.09.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай зокурлорго 10-жыл аско мындайларды асыш керек же атыш керек мейлиго кыз олушун олуп кети 4 жашардагы баласына эми аябаганда кыйынго жашосу энелик меримин эчким бере албайт ал балага зокур болсо корорун эми абактан корот айбан десе
07.09.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашпай туруп шайтан аралаган никеге бекем туруу абзел, баланын атасы жооп акыретте!
07.09.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ойум:тезиреек мындай оор кылмыш жасагандарга олум жазасын колдонуш керек!мындай айбандардан арылуу азыркы учурдун талабы!
07.09.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошунабыз уйуно бир кызды ээрчитип келип,жашап эле журчу.2жылдай чогу жашап эле жургон кызын кара теке сузуп,мени зордуктады деп арыз жазып салыптыр.так,что кыздарга айтаарым Кичине ыйманынар менен болгулачы боодо бироонун убалына да калбайсынар!
08.09.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз мусулмандар башка дин окулдоруно орнок болуунун ордуна,кайра алардан беш бетер отуп баратабыз!Радио сотрудниктери эн жаман куноого бата турган ушу таанышуу программанарды алып салбасанар Акырет куну баарынар жооп берип каласынар кылган куноонорго, ушу 2 муслмандардын бузулушуна силер себепчисинер!!!Токтоткула бу программанарды сураныч же жооттор уюштуруп берип атабы мунунарды??!!!
08.09.2013. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне деген корунуш.? Карап турсан акыркы убакта мындай зордуктоого байланышкан кылмыштар кобойгондон кобойуп бара жатат. Эмне кыргызстанга гриппке окшогон адамдан адамга жуккан зордуктоо оорусу жукканбы?
09.09.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уктунарбы кафеде жолуккула !
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо