Жоодарбешим:«ТОЛУК КЫЗДАРДЫ ЖАКТЫРБАЙМ»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

«Жабыркап барат жаным,
Алсырап соолуйт каным,
Жан тумарым, сени эстеген сайын...»- деп жаңыдан аты чыгып келе жаткан ырчы жигит Жоодарбешимдин бойдокчулук жашоосуна баш багып, андагы сырларды алып чыктык.

ЖООДАРБЕШИМ ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Токтогул району, Чоң-Арык айылы
Билими – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияны аяктаган
Хоббиси – Ыр жазуу
Фобиясы – Бийиктик
Учурда – Жеке ырчы
Репертуарындагы ырлары – «Жан тумарым», «Өкүнбө» жана башкалар

– Жоодарбешим, кепти балалык күндөрүңдөн баштабайлыбы?
– Балалыгым Токтогулдун Чоң-Арык айылында өткөн. Тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Баары көзүңдү карап турса эркелеп, тайраңдап кетет экенсиң. Мектепти деле кыйратып окубадым, атам «Кичинекейибизди ыйлатпагыла, ошол эч нерседен кем болбосун, көңүлүнө карагыла» деп жүрүп чоңойтту.

– Бапестеп баккан ата-энең, бир туугандарың тууралуу да айта кетсең...
– Атам Табылган 66 жашта. Убагында мыкты обондорду чыгарып жүргөн. Чоң атамдын көптөн күткөн, карыганда тапкан уулу десем болот. Анткени көп жылдар бою балалуу боло албаган чоң атам 12 аял алыптыр. Атам 23 жаштагы аялынан төрөлгөн уулу. Апам Гүлсада 63 жашта.
Ата-энем айылда турушат. Бир туугандарым өз жумуштары менен алек. Азыркыга чейин көңүлүмдү кыя албай, айтканымды эки кылышпайт. Мисалы, акча сурасам, башында «Эмне кыласың?» деп урушушат. Кайра 1-2 сааттан кийин телефон чалып, «Эмне болдуң, алып барып берейинби?» деп калышат. Андайда мени колдогон жакындарым бар экенине миң мертебе ыраазы болуп кетем. 

– Нурлан Насип экөөңөрдү тууган деп укканыбыз бар...
– Ооба, экөөбүздүн чоң аталарыбыз бир тууган. Нурлан менен убагында бир кесим нанды бөлүп жечүбүз. Ата-энелерибиз катташып турушат. Ошентсе да анча-мынча түшүнбөстүктөрдөн улам Нурлан экөөбүз бир аз таарынышып жүрөбүз.

– Үйдүн кенжеси болсоң «үйлөн» деп шаштырышпай элеби?
– Атам канча жылдан бери эле «Үйлөн, көзүбүз өткөнчө сенин жубайыңдын колунан чай ичип калалы» деп айтып келе жатат. Мага койсо азыр эле үйлөнүп, ата-энемди багып отургум келет. Үй-бүлө курууга шартым деле бар. Дагы бир аз иштеп, карьерамды бир калыпка салып алсам эле үйлөнөм.

– Үйлөнөм дегениңе караганда алчу кызың даяр окшойт, ээ?
(Күлүп) эми мага кыз табылса керек... Азырынча жүрөк бош. Акыркы эки жылдан бери эч кимди сүйө элекмин. Ага чейин Айзирек деген кыз менен бир жарым жылдай сүйлөшкөнмүн. Балким, аны алып качып кетишпесе, баш кошмок белек. Ошондон бери сүйүүнү тыныгууга чыгарып койгом. Кээде социалдык тармактардан кыздар менен таанышып, жолугушуп калам. Жакында эле бир кыз менен таанышкан элем. Аны панорамага алып чыгып эс алдырып, жакшынакай кылып үйүнө жеткизип койдум. Кыскасы, чектен чыкпайм. Анткени продюсер экөөбүздүн ортобузда түзүлгөн келишимде мага бейчеки басууга тыюу салынган.

– Болочок жубайыңды кандай элестетесиң?
– Албетте, адамдын негизги сулуулугу акыл-эси эмеспи. Анын сыңарындай, ыймандуу, жылдыздуу, сүйлөгөн сөзү ордунда, назик кыздар жагат. Ак жуумал, эриндери жука, көздөрү жанып, каштары чийилип, чачтары жалтырап турса... Сүйгөнүм Айзирек корей кыздарына окшош эле, ошондон уламбы, азыр да ага окшош кыздарды издей берем. Анан да өзүм спорт залга барып такай машыгып жүргөнгөбү, кыздардын фигурасына карайм. Кыздардагы ашыкча килограммдар дароо көзүмө өөн учурайт (күлүп). Кыскасы, толук кыздарды жактырбайм.

– Кыздардын жамбаштуусу жагабы же төштүүсүбү?
– Төшү чоң кыздар бир аз ыңгайсыздык жаратып койбойбу (күлүп)? Негизи, биз кыздардын фигурасын гитарага салыштырат эмеспизби. Андыктан жамбашы чоңураак болсо жакшы го дейм.

– Узун бойлуу кыздарбы же...
– Кыздын бою меникинен бир аз узун болсо жакшы болмок. Анткени мен алп эмесмин да. Бала-чака дагы бойлуу болот беле?..

– Бир караган адамга жиниң чукул жигит көрүнөт экенсиң...
– Туура баамдапсың. Эркек менен урушсам дароо муштумум түйүлөт. Алым жетпей баратса, колго тийген нерсе менен чаап жиберем. Кыз киши менен анчалыкка барбайм, өзүмдү-өзүм токтотконго аракеттенем.

 – Маегиңе рахмат.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Толук кыздарды жактырбайм" дейт Жоодарбешим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(76)
03.09.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыязы газетага интервью берип жатканын унутуп койсо керек. Тууган, бирок кыздарга асылбай эле койсон болмок. Бироонун башындагы чопту айтаардан мурун озундун башындагы тоону эстей жургонун он го дейм.
03.09.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ai ai ai pendebiz da.. Emi toluk kyz jakpasa jakpait deit da ailanaiyn siler dele aitmaksynar da uwundaiga kelgende ele kyiyn bolup kalasynar da.. Maga bardyk tiptegi kyzdar jagat dep aitsa anda da aitmaksynar kalp ele ozun jonokoi korsotup dep bolgonun bolgondoi aitty, kyzyksynar ailanaiyn kyrgyzym maida4yl bolboilu4uuuuuuu
03.09.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошондо ырчыда ээ бул мен деле от души жасанып тытынып бийлесем унумду компто нары бери кылып мин мин долларга клип тартсам менден дагы интервью аласынарбы ? азыркы заманда жылдыз болуу иттей онойда))))
03.09.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба ырчы, ырдаганында соз жок, чогулуп отyрганда созсyз ырдатабыз.
Бир куну буйрyса мен да чыгам ырдап, бул да Токтогул дебегиле ээ баарыбыз кичинекей Кыргызстанданбыз гоо
04.09.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatnur, кошулам сага Кичинекей Кыргызстанда жашагандан кийин ынтымакта бололу
03.09.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчыны тааныбайт экемин, бир уйдун кенчеси эркесимин деп эле ойуна келгенди суйлой бериш керек эмесда, толук кыздар жакпайт деп,кыйын экенсин алып качып кеткен суйгонунду алып келип албайт белен
05.09.2013. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri90, tuura aitasyn.. vaahaha
03.09.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында ох болсо керек да ошого суйгону таштап кеткендир
04.09.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да интервью бер дегенинен болбой койдум силердин комментарийинерден коркуп
04.09.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не? тоолук кыздар? Ошо тоолук кыздар сени тоготот бекен. Тоолук кыздарга ыраазы болсон боло сени колдогондору да бар арасында.
SUPER.KG видео
04.09.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kairan Jokem birinchi tanywkwnda seni korup ollo kuldum ele anda sen wok elen Edil Mamatovtun janyn koibogon iigilik JOKE
04.09.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким бул озу мен биринчи корушум
05.09.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ким бул айланайын
05.09.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ха ха го корейский кыздарды элестететго бул жаман акыбалында.
05.09.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жока досум ашыкча какылдап алыптырсын го. Алды артынды карап суйлосон болмок. Озунду сыйласан, озгоону да сыйла деп коёт го. Тамталандап жаш балдардай интервю бериптирсин. Дагы классташым экенсин, коп создорду жазган жокмун. Башка бир ырчы болгондо, кулагы жыдып кеткидей комент жазмакмын.
05.09.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коокуй бул кайдагы неме?
05.09.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi.. sorry..)) ozyn tim ele zvezda sezip algango.. pff..
06.09.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой кантет? шумдук го :)
06.09.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун озу токтото албай калса, кызды деле чаап жиберет го бу жигит...
07.09.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрте эле жылдыз болуп алгансын го, андай болбойт. толук кыздарды да карай турган ардактаган суйуктуу адамдар чыгат. суйлогонун да жаккан жок
08.09.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
12.09.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайындар!!!Дароо эле сындап жибербей колдоп деле коелу да.Озубуз боло албайбыз,болгонду коро албайбыз....
13.09.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналист суроо бериптир, ырчыбыз так жооп бериптир. Ага эмне мынча териктинер. Кыйын жигит экен. Ийгилик сага. Ушинтип элдин сынынан бат-бат отуп турсан, такшаласын. Жылдызын жансын!!!
13.09.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Жоодар, ийгилик! Жаныдан чыгып келе жатат андыктан сынды да бир аз акырынырак айтсанар болмок, көч бара бара тузолот баардык адамда кемчилик бар, болгонун айтыптыр жалган суйлобоптур. Талыкпа только Жоодар. Чон Арыктан 92 Баркыбек.
SUPER.KG видео
23.09.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешим сиз ото сонун ырдайт экенсиз живой.
SUPER.KG видео
23.09.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joka 4y4alap atkandar baary toluktar okwoit erkeksin akty ak karany kara dew kerek birok 4on.arykty u9t kylbai sozuno jarawa yrda 93 nurik
24.09.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жапжакшынакай эле маек куруп берген.семиз кыздар жакпаса жакпайт деп эле айтат да.суроолорго так чын туура жооп берген.Сый-урматка татыктуу ырчы.мен мисалы семизмин.мен озумо озум жакпай турган учурум азыр.
10.10.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat...эн туура айтасын менделе толукмун,бардыгы ошондой арык татына болсо дейт ким ошондойду каалабайт экен...азаматсын чыгармачылык ийгилик
10.10.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комменттер хахаго.))))Аман эле болсунда биздин ырчылар.
10.10.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kep toluktukta emes kep jurokto da...
SUPER.KG видео
12.10.2013. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт экен осо бер оркундоп нурлан насипке караганда эркектик кылды нурлан бир маегинде бул жигит жонундо башкача айткан болчу азаматсын
21.10.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча ичинер тааааар баарынардын
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо