Гүлжигит Калыков:«ДАРЫ ИЧИП ӨЛӨМ ДЕП КОРКУТКАН КЫЗДАР БАР»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Кумарлуу көздөрү менен кыргыз эле эмес, башка улуттагы бийкечтерди да тынч уктатпаган Гүлжигит Калыков продюсеринен кетип, өз алдынча чыгармачылык жолун улантууда. Евразиянын жылдызы бүгүнкү күндө эмне иш менен алек, эмне үчүн продюсеринен кетүүнү чечти? Жоопту төмөндөгү маектен алыңыз.

– Гүлжигит, куш келипсиң! Эмне жаңылыктар?
– Рахмат! Жаңылыктарым аябай көп, баягы эле чыгармачылыктын казанында кайнап жүрөм. Жеке концертимдин алдында бир топ жаңы ырларды жаздырган элек. Анда шашылыш жаздырып калып, азыр ал ырлардын үстүнөн кайра иштеп жатам. Экинчиси, көпчүлүк мага «Сен лирикалык ырларга басым жасап кеттиң, бир аз шаңдуураак ырдачы» дегенинен бир-эки динамикалуу чыгармаларды жаздырдым. Мындан тышкары Рамазан айында орозо кармап, түнү иштеп, күндүзү кечке уктап жаттым.

– Сөзүңө аралжы, сен бизге биринчи жолу продюсериңдин катышуусуз жалгыз маек берип жатасың, өзүңө сезилип жатабы кандайдыр бир боштук?
– Ооба, жаңы эле кеңсеңерге келе жатып «Ушул жерге машинабызды койгон элек» деп эстеп, жаман болдум. Басылмалар маекке чакырса жалгызсырап, айтор, Канат байкенин орду билинип жатат.

– Култаевден оңой менен тарбиялануучулары кетишчү эмес эле. Сенин кетүүңө эмне себеп болду?
– Биринчиден, келишимибиздин мөөнөтү бүттү. Үч жыл көп убакыт, бирок кээде бул жылдар бат эле өтүп кеткендей туюлат. Продюсерим менен биргеликте ийгиликтерди багындырдык. Өзүңүздөр билгендей, Канат байкенин ырчы балдары көп, башка долбоорлору бар. Анан мен «Жалгыз иштеп көрөйүн, сиз жардам бербейсизби» деп сунуш киргиздим. Ойлонуп көрүп, макулдугун берип, бир топ кеңештерин айтып узатты. Иштеп көрөм, эгер такыр болбой баратса, «Канат байке, мен келдим, сизден башка кайда бармак элем?» дейм да.

–  «Евразия жылдызы» сынагында өнөрүң гана эмес, дене түзүлүш менен да түрк айымдарын суктандырганга жетиштиң...
– Ооба, сынак учурунда күтүүсүз окуялар көп эле болду. Бир окуя өзгөчө болду окшойт. Мен ырдап бүткөндөн кийин калыстар тобунда отургандар ар бири пикирлерин айтышмак. Алардын катарындагы түрк айым «Ырчы бүт жагынан төп келиши керек. Мен сиздин келбетиңизди көрүшүм керек, үстүңүздөгү формаңызды чечиңизчи» деп суранганда чечкем. Кол чабууларды толкунданып жатып сезбей деле калыпмын.

– Түрк кыздары жактыбы?
– Жакты. Алар аябай тартынчаак, анан да коркок болушат экен. Колуна фотоаппарат кармаган кыздар жаныңа келип «Сүрөткө түшүп албайлыбы» деп айта алышпайт. Мен өзүм барып «Сүрөткө түшөсүзбү?» десем макул болуп жатышты. Жанымда кадимкидей калтырап-титиреп тургандарын байкадым. Ойлоп койдум, аларда фанатизм күчтүү окшойт деп. Бирок баары бир кыргыз кыздарына жетпейт.

Социалдык тармактарда сенин атыңдан кирип маданиятсыз сөздөр менен жазылган билдирүүлөрдү калтырышат экен?
– Ал мен эмесмин. Мен бир да социалдык тармакта жокмун. Тескерисинче, өзүм ошондой «Гүлжигит Калыковдорго» досторумдун аты аркылуу кирип «Неге мындай кылып жатасыңар?» десем, досторумду кара тизмеге киргизип коюшуптур. Алардын жазасын берип, тапкым деле келбейт.  Балким, кайсы бир мөөнөткө Гүлжигит Калыков болгусу келишеттир. Тажаганда башка ырчы болуп алышар.

– Айтып калышат, «ичи тардык, көрө албастык, бут тосуу шоу-бизнесте көп болот» деп. Сен мындай көрүнүштөргө туруштук бере алам деп ойлойсуңбу?
– Мен таш ыргытканга аш ыргыткан адаммын. Андайларга кол шилтеп коём. Жаман сөз айтып, анын көңүлүн калтырып жаман бала боло албайм. Мына ушунум жаман да.

– Кыздар темасына кайрылсак, сени коркуткан күйөрман кыздарың болгонбу?
– Чалса көңүлүн калтырбай сүйлөшүп коёсуң. Анан эле «Мен сизди сүйөм, өлөм, дары ичип алам» деп коркуткан  кыздар бар. Башында абдан коркчумун, өзүм да ишенчээк бала эмесминби. Бир жолу бир кыздын айткан жерине жетип барсам, чындап эле дары ичип алыптыр. Оозунан көбүгү ага баштаптыр. Коркуп бейтапканага алып барсам, ашказанын тазалашты. «Неге мындай кылдың?» десем, «Сизди жакшы көрөм» дейт. «Жакшы көрсөң, жашабайсыңбы» дедим. Азыр да ал кыз менен жакшы мамиледемин. Эми «Ошондо жаш экенмин да. Көрсө, жашоо башкача турбайбы» деп айтып калат.

– Күйөрман кыздарыңды кызыктырчу суроо. Качан «бойдок» деген статусуңду жоёсуң?
– Байкем 24 жашында үйлөнгөн. Мен да 24кө чыктым. Бирок ата болуп, үй-бүлө багууга өзүмдү даяр эмесмин деп эсептейм. 30 жашка чейин сөзсүз үйлөнөм. Бул деле тагдырдын буйругу да.

– Көңүлүңө кандай кыздар жакын, назик, жумшакпы же тарс-турс жүргөн кыздарбы?
– Тарсылдаган кыздар айтканын айткандай кылып, жумушун өз убактысында бүтүрүшөт, эгер ашыкча эле кыйын болуп кетишпесе. Назик, жумшак кыздар деле акырын жүрүп алып сен күтпөгөн нерсени жасап салышы мүмкүн. Мага кыздардын баары эле жагат. Бирок өзүм назик, уяң, жумшак кыздарга көп тартылам.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Гүлжигит Калыков: "Продюсерсиз иштеп көрүүнү чечтим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(56)
SUPER.KG видео
02.09.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төгөрөгү төп келип турса да, кылдан кыйкым издегендер бар экен...
Гүлжигит, алга, азаматсың!
02.09.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azzzamatsyn da Guljigit!!!!
02.09.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жургон жакшы бала, созу орду менен.
Жонокойлук адамдын эн жакшы сапаты.
Бирок качок экенин коро элекмин, мумкун болсо ошол сyротyн берсенер королу.
02.09.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар омурун кыйганга чейин барса бул жигит учун ... Хммм ырларын созсуз угуп корушум керек экен.
03.09.2013. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
YNY abdan jakwu maga da jagat.
03.09.2013. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олом дэсем келе калат екен дэп чекедэн кыздар дары ичип алышпасын абайлап суйлобопсунда... кудай сактасын эми...телефон номерини тез..тез алмаштырып тур жаныны койбойт эми кыздар..
03.09.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мактанат десе эле мактана беришет ашыкча.
03.09.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий шумдук сулуу жигит eye да сулуу бар бол аман бол
03.09.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун жигит мага да жагат. Бар бол!
SUPER.KG видео
03.09.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Гулжигит кыргызда сендей ыймандуу жигиттер коп болсун! Ийгилик каалайм, коз тийбесин талантына.
03.09.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн сонун маек болуптур ,мен эн жакшы коргоон ырчы жонокой ,жылдыздуу суйлогондору жайында.Талантынызга таазим!
03.09.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу жигит. Коп кыздар кызыгат болуш керек.
03.09.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи жакшы ырдайт.Куйоом аябай жакшы корот.Талантын ташкындай берсин...бар бол!
03.09.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Универден коруп калчумун мурда, адамкерчиликтуу, таланттуу, жонокой, сулуу жигит. Копчулук жигиттерде мындай он сапаттар кездеше бербейт. Ийгилик каалайм ишине! Кандай кызга баш кошот болду экен? :-)
03.09.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Fantazia ku4tuu go oozunan ak kobuk 4ygyp dep koison4u je do takoi stepeni suigon kyzdar barby
SUPER.KG видео
03.09.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Respect!
03.09.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун маек болуптур.Баардык суроого абдан сонун жооп бериптир.Чыгармачылыгына ийгилик!
04.09.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын!
04.09.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алысыраак барып өл де
04.09.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дары ичип алдым деп чалышат, баратам десен сyйунуп кетип ичип алышат
04.09.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Евразия жылдызын утуп, биздин жегекти желбиретип келгени учун аябай сыйлайм. Чындыгында таланттуу экен.
04.09.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кичине мактаныптыр
05.09.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мактанган эмес болгонун айткан чыгаар. уну сонун, озу да сонун. ийгилик!
05.09.2013. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
буга да жылдыз оорусу жуга баштаптыр
07.09.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи жолу браводон туз эфирде чыгып жандуу ырдап оозумду ачырган.... анда кичинекей бала болчу.
08.09.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди да (Гүлжигит эмес, өлөм деген кыздар)
08.09.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat !
09.09.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super!abdan jakshynakai jigit eken,jonokoilygyn baaladym basa ketchy nerse tarbiyasy da jogoru eken
SUPER.KG видео
17.10.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ведущий кыз аябай жакты...Уну кулагыма синип калды "магнит"кызго...Ырчыны байкабай ведущийди эле карап уга бериптирмин)
SUPER.KG видео
12.02.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай жигит экен.башкысы уну жакшы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо