№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Түрктөрдүн шедеврине айланган «Боз торгой» («Королёк – птичка певчая») сериалын кайра жаңылап тартуу идеясы учурда ишке ашып жаткан чагы. Жаңы вариантында баш каарман Кямрандын ролун биз сөз кылчу кер муруту келишкен, сымбаттуу актёр Бурак Өзчивит ойномокчу. Актёр бизге «Даңазалуу кылым» сериалындагы Малкочоглу Бали бейдин ролу менен таанылган.
Толук аты-жөнү – Бурак Өзчивит
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 24-декабрь
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Кесиби – модель, актёр
Карьерасы – 2003-жылдан тарта модель, 2006-жылдан баштап актёр
Бою – 187 сантиметр
Билими – Стамбулдагы Мармара университетинин көркөм искусство факультетин аяктаган
АТАСЫ МОДЕЛЬ, АПАСЫ АКТЁР КЫЛГАН
Түрктөрдүн «Даңазалуу кылым» сериалында эр жүрөк, тайманбас жоокердин ролун аткарган Малкочоглу Бали бей деген каарман бар. Аталган сериалды дал ушул каарман үчүн көргөндөр да жок эмес.
Бурак бала кезинде «Ким болосуң?» деген суроого дароо «Бэтмен!» деп жооп берчү. Анткени карындашы экөө бул мультфильмди көрүүдөн тажашчу эмес.
Мектепти аяктаганда апасынын каалоосу менен көркөм искусство факультетине тапшырат. Анткени энеси Бурактын сүрөт тартууга шыктуу экенин билчү. Экинчи курска келгенде атасы уулунан сурабай сүрөттөрүн «Түркиянын мыкты модели» сынагына салып жиберет. Сынактын тандоо турунан гана өтпөстөн, актёр үйүнө 1-орунду алып кайтат. Андан ары Бурак тагдырын сыноону улантып «Дүйнөнүн мыкты модели» сынагына катышып, 2-орунду алат. Актёрдун андан аркы карьералык жолу айтпасак да белгилүү.Дүйнөнүн белгилүү моделдик агенттиктеринен жааган сунуштар, жарнамалык роликтерге тартылуу тууралуу келишимдер, анын жүзүн кинодо пайдаланууну каалаган режиссёрлордун макулдашуулары Буракты атактуулукка жетелейт.
МУРУТУ МЕНЕН ДАҢАЗАЛАНГАН
Бурак Өзчивиттин муруту Түркияда эң эле актуалдуу тренддердин бири. Актёр атайын Бали бейдин ролу үчүн мурутун өстүргөн. Учурда муруттун сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды, байпактарды, ич кийим, идиштерди сатып алуу күчөгөн. Анан да атайын сурамжылоодо Бурактын фанаттары аны келбети үчүн эмес, муруту үчүн жактырышарын баса белгилешкен.
Ал эми Бурак муруту тууралуу: «Башында мага мурут султан Сулеймандын ролун ойногон Халит Эргенчке жарашкандай жарашпаса керек деп ойлочумун. Бирок күйөрмандардын кабыл алуусунан улам жарашарын билдим. Мурутту атайын съёмка үчүн гана өстүрдүм. Жашоодо мурутсуз эле жүргөн жагат, антпесе жүдөп кетем. Осмондуктардын мурут-сакалы Түркияда болуп көрбөгөндөй мода болуп жатканы мени таң калтырууда. Сүйүктүүм Жейлан да муруттун формасында колье сатып алыптыр. Мен аздык кылып жатканмын го»,- деген тамаша аралаштырып.
Баса, актёрдун күйөрмандарынын кулагына күмүш сырга, Бурак тартылган «Боз торгой» сериалы ушул жылдын сентябрь айында «Канал Д» түрк телеканалынан көрсөтүлө баштайт.
«ҮЧ ЭЛЕ ДОСУМ БАР»

Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |