Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова:«ТОПТУН ЛИДЕРЛЕРИ АПАМДЫН ОРДУН ТАЛАШАТ ЭКЕН»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Бир кезде «Кыз-Бурак» тобунун курамында Гүлмира Эргешова, Касиет Артыкова ырдап турганда топтун жылдызы бир жанган эле. Кийинки курамдагы ырчылар Кенже Дүйшеева, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова да эжелеринин ийгилигин кайталап, элге хит ырларды тартуулашты. Акыркы кезде топтун атактуулугу басаңдап бараткансыйт. Учурда бул топто ырчы Сайкал Садыбакасова директордун милдетинде. Маек төрүбүзгө келген ырчы топтун жаңылыктары, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп салды.

– Сайкал, кечигип, боёнбой келгениңе караганда иштериң көп болуп жаткан го...
– Ооба, түнү менен фотосессия жасатып, клип тарттырып, такыр көз ирмебедим. Таңга маал араң бошодум. «Кыз-Бурак» тобунун курамы өзгөрүп, эскилерден Азалия экөөбүз калганбыз. Учурда жаңы курамдагы кыздарга ыр жаздырып, форма тиктирип жүрөм. Аны менен катар «Салам, Бишкек-2» тасмасына тартылып жатам.

– Топтун улам-улам жаңыланышына эмне себеп болууда?
– Көпчүлүк кыздар турмушка чыгып кетишүүдө. Айрымдарын тартибинин начардыгынан улам топтон чыгарууга аргасыз болдук. Мурда топто «25 жаштан кийин гана үй-бүлө курууга уруксат» деген мыйзам иштечү. Азыр ал мыйзам жокко чыгарылган. Эми топтогу кыздардын баары каалаган убагында турмушка чыга алышат.
Негизинен кыздар топто көпкө кармалса «Кыз-Буракка» гана ээ болбостон, апамдын ордун да талаша башташат экен. Мындай учурлар кездешип эле келе жатат. Ошон үчүн ушул жагын да эске алып жатабыз. Учурда топтун жаңы курамы түзүлүп, элге өнөрлөрүн тартуулоого киришти. Буюрса, кыздардын ырдаганына, бийлегенине, тарбиясына кылдаттык менен көңүл бурулат. Курамдагы кыздардын баары чыгармачылыкты сүйүшөт жана аракетчил. Чогуу иштешүүдө кыйынчылык жаратышпайт деп ойлойм.

– Жумуш-жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп калган жоксуңбу?
– Кээде күлүп калам, жумушума эле турмушка чыгам го деп. Иштеп жүрүп деле жактыруу сезимине туш болуудамын. Кыскасы, жашоом кадимки жаш кыздардын жашоосундай эле. Турмушка чыгуу жаатында кеп кылсам, азырынча ага даяр эмесмин. Колумду сурагандар деле толтура. Мисалы, апамдын эки курбусу келин кылып алалы деп айламды кетиришүүдө. Апам деле каршы эмес дечи, бирок уулдары мен курактагылар. Менин кыялымдагы мырза болсо өзүмдөн беш-алты жаш улуу, токтоо, түшүнүктүү адам. Ошондуктан так секирип сунуштарын четке кагып жатамын.
Алгач кайненени, кайын журтту сыйлоону, келиндик кызматты кантип мыкты аткаруу керек экенин үйрөнүп, анан турмуш жолуна аттанам. Айрым жаштардай болуп сүйдүм деп тийип алып, бир жылдан кийин ажырашып кетким келбейт.

– Маектериңде жигитиң жок экенин айтып келесиң. Ушуга чейин кантип эле жигит жандабагансың?
– Жигит жандоо мага азырынча буюрбай жатат окшойт, оюмдун баары «Кыз-Бурак» болуп. Балким, өз убагында жылуу сезимдер мени да кучагына алар. Албетте, сүйүүгө ар бир адам жолуккусу келет, алардын катарында мен да.

– Мырзалар тарабынан, деги эле көпчүлүктөн келбетиңе карата кандай сынды көп угасың?
– Көбүнчө ууртумдагы уячам менен көзүмө суктанышат, комплименттерди да көп угам. Бир гана толуктугум эч кимге жакпай койду. Ырдап баштагандан бери диета кармап келем. Ачыгын айтсам, диета кармай берип тажап да бүттүм. Түшүнөм, шоу-бизнесте арык болсоң жакшы көрүнөсүң. Апам да ошондой талап коёт. Бирок эмне кылайын эми, ушундай жаралсам? Мурда мага карата терс сындарды окусам ойлонуп кыйнала берчүмүн. Азыр «өлүп кеткиле» деп коём.

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП
– Энергетикалык суусундуктарга муктаж болдуң беле?
– Ооба, бир жолу түнү менен клип тартып, алым калбаганда ичкем. Жүрөгүм титиреп аябай жаман болгом. Ошондон бери жолой элекмин.

– Таанышууга ашыккан жигиттер жакпай калса кантип кутуласың?
– Ой, анын жолдору көп да. Көбүнчө тойлордо жигиттер артыбыздан ээрчип алышат. Алар кылжыңдай баштаганда эле дароо ордуна коём. Бирок урушпайм, сылык түрдө экинчи тийишпес кылып жөнөтөм.

– Жылдыз төлгөгө ишенесиңби?
– Анча ишене бербейм. Кээде гана Жаачыны эмне күтүп турганын билип коём. Таң калтырганы, дайыма туура чыгат.

– Дайыма тагынып жүргөн аксессуарың кайсы?
– Оң колумдун аты жогуна дайыма күмүш шакек тагып жүрөм. Себеби аны эң биринчи айлыгыма, 2700 сомго сатып алгам. Ушунчалык жакшы көрөм, бардык клиптеримде, сүрөттөрүмдө бар. Жадакалса киного тартылсам да чечпейм.

– Мода кууп кийинесиңби?
– Колумдан келишинче мода кууганга аракеттенем. Кээде кийимимдин таза, бүтүн экенине шүгүр этип калам.

– Аялзатындагы сулуулуктун эң алгачкы белгиси эмнеде?
– Албетте, тазалык, анан назиктик. Айтып коюшат эмеспи, «аялзаттын баары сулуу, болгону ошол нерсеге кам көрө билүү керек» деп. Сулуу болгонду каалагандын баары сулуу.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Сайкал Садыбакасова: "Диета кармагандан тажадым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(108)
04.09.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Форма заманбап стилде озгочо болсо жакшы болмок
SUPER.KG видео
04.09.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вууай ушу кыз жагат да мага
04.09.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adawyma aitmak elem. Oz bilgeninizden kalbanyz,ozum4ul,araket4il boluunuzdu aitat elem. Al emi kiiim jaatynda siz moooooodany emes moda sizdi kuuuuusun. Adamdardy karap kiiniwtin keregi dele jok. Ozunuzgo jarawtuu kiiim kiip ozunuz zamanbap kiim oilop tapsanyz adamdar sizdi karap kiinmekta moda ozunon-ozu kelbeitko..?
Chygarmacgylygynyzga iigilik. Ununuz,kulkunuz a9bai jagat.
Dagy dele izdeniniz. Birok biz bawka olkogo tenelbei ele koiolu4u. Bizdi kandai bolsoda MUSULMANbyz daaaaa.
04.09.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik
05.09.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал,мобул жерде кыздарын кийген форма кызыктай экен,как будто пластлинден жасалгандай. Бишкекте жакшы стилисттер коп элего. Созсуз стилист керек, а то болбойт,ото эле примитивный болуп калыпсынар.
05.09.2013. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынында мурунку топ кеткенден кийин кыз бурактын аты очуп эле баратат го айжамал кенже гулнаралар бар кезде кызыгып кыз бурак деп укчубуз азыр болсо бир дагы эсте калаарлык ырынарды да уга элекпиз кыз бурак бар экенин деле унутуп баратабыз го бирок таарынба убагында кыз буракты суйчумун кайра жаны топ менен жакшы ырларды жаратышынарга кайрадан кыз бурактын атын очурбой жандандырышынарга чын журоктон тилектешмин
SUPER.KG видео
05.09.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат жылдыздуу кыз, бирок Ошто коооп эле "жаакшы" создор таркалып турат... балким ушак, балким чын...
SUPER.KG видео
06.09.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

dushka5555, ошондо Душка деген сенсинби:) Сайкалдын экс-жигити. Руслан дагы Сайкалды тааныган эле бироо окшойт, очунор болсо озуно айтпайсынарбы дейм да ))) Азыр Бопко кирбесе болду эми
SUPER.KG видео
06.09.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресинер достор эмнеге эле кыргыздар бири бирин коро албайт кыз буракты улап ушул убака чейин алып келе жаткан бул Гулщайыр эже аа ага жардам берип ар дайым колдоп жургон Сайкал да эмне сиздер апанарды жамандайсынарбы или апанар силерди жамандайт беле ойлонуп ойлонбой жаза бербегилечи кайра колдоп кубатап куйормандай болсонор сиздерди сайкалдын тошу эмнеге кызыктырат тобо тан каласын да адамдарга
Медиа-портал
06.09.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жана дагы ар адамдын жеке турмушу бар ага эч ким аралашканы акысы жок жигитиби жигити эмеспи аны оздору чечишет анткени алардын жеке жашоосу
06.09.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гезиттин башкы бетине шымы жок чыккан бир Газиеваны кордум эле эми анын ордун баскан киши табылып жакшы болуптур да)))Аялзатына тиешелуу чырай бар бирок фигура жок.Уну бар(соз жок ага) бирок ырга жараша форма жок.Гулшайыр айым анча-мынча томончулукко жол берчи эмес эле дегеним тарбиясыздык,ээн баштыкка жол берчи эмес эле буга кандай коз жума карады экен.Канткен менен Кенже,Гулнара,Айжамал,Айпери,Мираналардын кезиндеги бийиктик азыр басандап бараткансыйт Кызбуракта...
06.09.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mi-li-na, Туура айтасын, уйдо САйкал акча таап, жатса, Гулшайыр айым эмне демек эле, азыр Гулшайыр айымдын эч нерсеге алы жетпей калган,эгер мен ошентиа суротко тушсом менин апам, мени ошол жерде оз колу менен олтуруп койсо керек эле
06.09.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-Бурактын жаны тобуна ийгилик каалайм мурункудай популярдуу болот деп ишенем !!!
06.09.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сууда олтуруп алганы кызыкчадай болуп эле калыптыр го, эми шылдындагандык эмес но, сууда жаткан бегемотко окшоп... Тиги койнокту эмес кызыл койногун кийип эле олтура берсе болмок экен гезиттин обложкасына чыккандан уялбаган ошол жерде деле олтуруп алса тиги койногунон жакшыраак корунмок эле...
06.09.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
madina.00, сууда жаткан бегемотко окшоп... ха-ха, да точно, Шрекдин ФИОНАСЫна окшоштурдум, Сайкал капа болбо.
07.09.2013. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида деген кыз жакшы ырдайт болчу нее кетип калды топтон. Ошол кыз жонундо макала же маек чыгарыныздарчы. Кыргызча формалары зор эле кок тустогу койноктору жакан болчу мага орламенттери менен узун.
07.09.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun maek boluptur men da saga okwop dieta karmai berip jadadym
07.09.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattu super menin jazgan syndarymdy nege o4urup koidunuzdar sebebin bilsem bolobu
07.09.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да девушкам тоолук бирок аны мен баарибир суйом! Сайкал эн биринчи суйгонуно жаксан болду. Эл суйлой берет. Унун жакшы. Бирок кыз буракты жакшы стилге озгорт. Азыркы имиджи такыр болбойт биз европа эмесбиз минталитет деген бар. Ырлары деле маанисиз болуп калды акыркы 3-4 жылда
07.09.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга алга алга кыз бурак онуп осун мага аябай жагат баракелде!
08.09.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал мага сенин унун жагат, берген маегине, жоопторуна караганда ички дуйнон таза, жонокой эле го дейм. Бирок мындай кийингенин ачыктан ачык адепсиздик! Уят! Ата-энендин аброюн жерге тушурбо! Намыстуу бол! Атактуулуктун жоопкерчилиги чон жана абдан маанилуу! Силердин жакшы коргон жаш куйорман синдилеринер силерди туурабайт деп ойлойсунарбы??? Улгу болгула да! Жылдыз айым, мырзаларга туздон-туз тиешелуу! Туура тушунгон болсонуздар, алдын ала ыраазычылык билдирем!
08.09.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PATRIOT_07, айтканыныз эн туура,200% кошулам. Эн туура!
08.09.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи ырдап чыккан ыры болсо керек менин оюмча “эстей жур“ деген ыры оооло жаккан азыр уксам жаш кезди эске салат. чыгарма чылык ийгилик. жакшы соз жан ергитет дегендей жакшы создорду аябайлы адам конулу гулдонда жумшак деп коетко достор
08.09.2013. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал Кыргызстандын эн сулуу,таланттуу кызы! Мен Сайкалга кааларым биринчиден бактылуу бол,иштерине ийгилик,ит уро берет кербен журо берет,коро албагандар сага жетип алышсын биринчи! Дагы коптогон ырларын менен сахнанын коркун ачып журо бер. Мен кобунон ырчылар жонундо соз болгондо сени мактаганын гана угам.
08.09.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gulzarali, коро албагандар дегенин не, тообо сынга карап тузолот озу акылдуу эле кыз, гезит бетиндеги суроту уят чындыгында! Биз мусулманбыз го.
SUPER.KG видео
08.09.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын билбейм бирок такыр жакпайт да суйлогонунон эле аягына чейин коро алган жокмун,семирип да кетиптир ашыкча
SUPER.KG видео
10.09.2013. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mmdaa dushka5555 мактанганына чек жокпу деейм да...сен мактанып журбо. Сайкал менен жургом деп!!! Хахаа
24.09.2013. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койчу сайкал узунураак кийим кийсен боло ит жеп кеткендей болбой
SUPER.KG видео
30.09.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диета кармап атып тажап кетип таштап салган экен да кайран кыз мурдагыдан да толуп алыптыр неси болсо да ийгилик. А бирок эл алдында жургон жаш ырчы болгондон кийин формада болгон эле жакшы го деп ойлойм.
SUPER.KG видео
03.10.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайкал соз жок сен суперсин
11.10.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жагат Сайкал кулкусу уну бетиндеги уячасы ырлары...жылдыздуу кыз,комментарийлерге айтаар элем мусулманбыз дейсинер колдо баарын эле жыланачтанып аласынарго купальникчен...бул деле колдун жеегинде жакшы купальникчен болуп албаптыр анда эмне дейт эленер озу биз эч кимди коро албайбыз...Сайкал сага чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
18.10.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызбурактын мурунку тобу жакшы болчу, Кенже эже , Айжамал, Гулнара эжелер баарында, элдер суйууп, суйууп укчу. Азыр анча эмес, эчччч...
SUPER.KG видео
30.10.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рус Душка дегендер катындарча еле ажылдайсынар го ушул кантип эркекчилике жатсын Сайкалды жамандаган ал супер кыз силер тааныбайт окшойсунар Сайкалды
SUPER.KG видео
22.11.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик, азаматсын, оркундоп осо бер!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо