№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну 13 килограмм кара куурай менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди. 24-август күнү ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облустук кесиптештери менен биргеликте Токмок шаарынын 29 жаштагы С.Ю. аттуу тургунун колго түшүрүшкөн. Аны текшерүү учурунда жанынан 13 килограмм 200 грамм кара куурай салынган баштык табылган. Кармалгандын айтуусуна караганда, ал бул баңгизатын өзү колдонуу үчүн сактап жүргөн.
Бул факт боюнча Чүй РИИБинин тергөө бөлүмү «баңги каражаттарын же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |