№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, киши өлтүрүү тууралуу маалымат Сокулук райондук ИИБине 23-августта түшкөн. Кылмыш катталган Сокулук районундагы айылдардын бирине барган оперативдүү тергөө тобу киши колдуу болгон адамдын сөөгүн табышкан. Өлгөн кишинин көкүрөгүндө бычактан алган жараат болгон. Каза болгон адам 47 жаштагы А.Т. аттуу үй ээси болуп чыккан.
Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй аталган кылмышка шектелип 42 жаштагы К.Ж. кармалып, өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип,иликтөө уланууда.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |