№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынын тургундары менен коңшу өлкөнүн Чорку, Кожолу айылынын тургундары ортосунда жолугушуу өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди. Ушул жумада боло турган жолугушуунун алкагында 20-август түнү Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында бир үй-бүлөдөн 4 киши атып өлтүрүлгөндүгү жана башка бир катар маселелер каралат. Эки өлкөнүн тиешелүү органдары кырдаалды биргеликте көзөмөлдөөгө макулдашты. Баткен ОИИБинин жана Тажикстандын Согди облусунун милициясынын жетекчилери да жолугуп, абал талкууланат.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |