Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЕЧИГИП КАЛДЫҢ, ЭМИ БИЗ БАШКАНЫКЫБЫЗ»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Жаш кезде турмушуң жалгыз гана сенин колуңда деп ойлойсуң. Баары сенин эркиңде, сен каалагандай болот деген ишеним күч. Бирок жашооң кээде сен ойлогондон таптакыр башка нукка бурулуп кетет экен. Кызыгы, сүйгөн адамымдан балалуу болдум. Бирок таптакыр мен каалабаган адам балама чыныгы ата болору оюма да келген эмес.

– Адам экөөбүздүн үйлөн­гөнүбүзгө анын ата-энеси каршы болду. Жети атасынан бери интеллигенттер жалгыз уулу айылдык кызды сүйүп калганын кабыл алгылары келбеди. Меникилер деле тандоомду жактыра беришпеди. Атам «Кыйрыйган шаардык жигит сени бактылуу кыла албайт го, кызым. Эми өзүң бил, турмушум болбой калды деп босогомо келчү болбо» деди. «Батаңызды бериңиз, башканын кереги жок» деп көк мелтейи кармап калган кызынын көңүлүн кыя албай акыры батасын берген.Чын эле күйөөмө биздин жетип-жетпеген турмушубуз такыр жакпай, тажатып баштады. Экөөбүз тең студент, батирдин акчасына тыйын таппай калган учурлар да болду.
– Аида, балким, апамдардыкына көчүп кетебиз?- деди бир күнү Адам.
– Экөөбүздү алар кайдан кабыл алсын. «Бизсиз жашап кете алабыз дедиңер эле...» дебейби?
– Апама жолуктум. Абалыбызды түшүндүрүп айтсам, «келгиле» деди.
Жалдырап босогосуна барган келинди мурдун чүйүрө тиктеп, маңдайымдан өөп койгонго жарабаган кайын эненин үйүнө баргандан көрө өлүм артык болуп турду. Көзүмдү
жалдыратып туруп жоолук салбай чыгарып ийген кезин эстеп чыйрыгып кеттим.
– Мен барбайм! Андан көрө ачкадан өлгөнүм артык...
– Көк бет десе...
Оодарыла ары жакты карап жатып алган күйөөмдү томсоро тиктеп турдум. Ким билет, жаштык кылгандырмын. Бирок ал мени алдап-сооласа, балким, көнөт белем? Ал анткенге жарабады, эртеси кийим-кечесин көтөрүп алып, СМС менен коштошуу сөзүн жазып кетип калды. Сүйүү деген ушул элеби деп таң калып бүтпөйм. Менин оюмча, сүйүү ортодо болгондон кийин оорду, жеңилди бирдей көтөрүп, бир кесим нанды бөлүп жеп, тагдырлаш болуу эле. Ыйлаган жокмун, жүрөгүм мыкчыла ооруй берди. Ошондон бир жумадан кийин боюмда бар экенин билдим. Университетте чогуу окуйбуз, Адам мени көрсө да көрмөксөн. Кийин сабакка да таптакыр келбей калды. Жакын курбуларымдын бири Сайра аудиторияда жалгыз отурсам келип калды.
– Аида, мен бир нерсе уктум...- деди мени аяп карап.
– Эмне болду?
– Адам башкага үйлөнүптүр дейт.
– Ким айтат?
– Экинчи группанын балдары...
– Ия?
Жайда жааган кардай болгон бул кабардан титиреп туруп калдым. Сайра байкуш боорукер эле, мени кучактап ыйлап коё берди. Кучакташа ыйлап, сооронуп, кайра күлүп отурсак Омор агай келди.
– Ай, кыздар, силерге эмне болду?- деди ал күлүмсүрөй.
Омор агай өңү серт, кый­мыл-аракети да одоно, бирок көптү билген адам болчу. Анын карт бойдок экенин айтып тамашалап жүрүшкөнүн уккам.
Ичим чоңоюп, күйөөсү бар эмес же жок эмес, алды-артымды караңгылык каптады да калды. Бир күнү бөлмөмдүн эшиги ачылып, Омор агай кирип келди. Колунда быштак, сүт, алма... Баарынан алмага талгак болуп жүргөм, сүйүнгөнүмдү айтпа. Чала-чарпыт жууп, карсылдата тиштеп жаттым. Агайдын мени тиктеп турганын көрүп уялып кеттим.
– Ананайын,- деди ал куду чоң аталарча.
– Сендей жаркыраган жандын убалынан коркпогон күйөөң курусун.
– Ал өз эрки менен анткен жок,- дедим бурк эте.
Агай башын чайкап тим болду. Ошол күндөрү врачка бардым. Анан бүтпөгөн анализдер башталды. «Кур­сактагың бала болбойт, бир кемтиги менен төрөлөт, алдырыш керек» деген бүтүмдү укканда көздөрүм чанагынан чыгып кете жаздады.
Мына баары бүттү, эми турмуш менен күрөшүүгө алым калбады. Бүрүшүп отурсам Омор агай палатага кирип келди. Ага болгон жагдайды түшүндүрүп, ыйлап да жибердим.
– Укчу мени, врачтар кээде жаңылып деле калышат. Эгерде бала бир жери кем болуп төрөлсө деле ал сенин балаң эмеспи. Сен соо баланы сүйгөндөй, балким, андан эки эселеп баланы сүйөсүң. Эгерде туура көрсөң, мен сага жардам берем. Эгер кааласаң, сен жана курсактагы балаң үчүн жашайм.
Мындай сөздү күтпөгөн жаным алайып эле туруп калдым. Айтылган сөзүнөн улам өзүн ыңгайсыз сезип, агайдын бети дуу кызарып чыкты. Ким билет, эгерде ошол убакта колумдан тартып жашоого жетелеген адам болбосо кандай болот эле. Ошол боюнча врачтардан качып кеттим. Убагы келип төрөлдү, эч кемтиги жок эле жакшынакай кыз экен. Кызымды Омор төрөтканадан алып чыкты.
Жакында эле кызыбызды сейил бакта ойнотуп жүрүп Адамга жолуктум. Омордун колунда кытылдап бараткан кызын узата тиктеди. Бул турмуштун жазасы эмес эмне?! Каныңдан жаралган бала бир кадам аралыкта турат, бирок аны балам деп айтканга акың жок! Кийин телефон чалып, жалынып ыйлап кечирим сурады. Бирок ал бакыт деген бекеттен өтүп кеткенин кеч түшүндү. Көрсө, бакыт деген таштап койсоң кайрылып келишиңди күтүп турбаган нерсе экен. Биз эми башка адамдын жайлуу бекетине айланып кеткенбиз, биз башканыкыбыз...

Аида

Нуржамал Жийдебаева
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(42)
02.09.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омор мыкты жигит экен.
02.09.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Доктурлардын жанылып калышы толук ыктымал экен,мени да боюндагы баландын бир буту жок экен дешти эле,Аллага чексиз шугур татынакай Амина деген кыздуу болдум.Сиз да туура кылыпсыз алдырбай,Оморго рахмат.Бир омурду сактап калыптыр...Бактылуу болгула!
02.09.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсыл жерде эле болсо кыздарга кыйын бирок бул кыз смелый шаг жасаптыр
02.09.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
менин турмушума окшош экен, болгону мен агайымды таба элекмин, куйоом иштебей отурду 2 жыл, акчадан тартыштык, иште десем эле башталат бар жок, анан кызымды алып РФга баса бергем, эми кечирим сурап журот, бизда батирде турат болчук, жакында уктум батирден чыгарып коюптур хозяйка, батир издеп журот экен. кышында уруша кетсек кызым экообузду кочого чыгарып койгон болчу
02.09.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эми Адамга окшоп жолдошум дагы смс аркылуу кечирим сурап журот, бирок конулум муздап калды, кайра артка кайрылгым келбейт, жумуш менен гана алекмин, балким жолугаармын мен да бир агайга......... ким билет... тагдыр экен... болгону кызымды агайдай озунукундой кылып караса гана, макул болмокмун
08.09.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuzat_19,Бактылуу бол, туз жолунан жанылбасан эле бакытына (агайына) созсуз жолугасын! Аталык мээрими жок акмак куйоонду такыр ойлобо, Алладан сурай бер кызына ата боло ала турган бир азаматка жолук ылайым1
02.09.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болгула жакшы тийип алыпсын эрге болбосо кандай кун кормоксун шаардык балдар озунчо эле атасынын байлыгына чирене беришет колунан эчтеке кебей эле
02.09.2013. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ылайым мындай бакыттан айрылбагын!
02.09.2013. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байлык колдун кири
02.09.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul baktyluu kundu duino juzun kydyrsanda tabylbait,owonduktan ar bir kadamdy karap basyw kerek.
03.09.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула
03.09.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuzat_19:(кышында уруша кетсек кызым экообузду кочого чыгарып койгон болчу)al jigitte atalyk sezim tap takyr joktoy seni chygaryp koyso da kyzyna anday, erkek ayaldyn ortosundagy uruwtu korsotuunun ech kajeti jok ele.Tap takyr mereez muzdak adam eken.(бирок конулум муздап калды, кайра артка кайрылгым келбейт)eger konulun muzdap kalsa any suyboson kyzyndy atasyz chonoyot dep ech oylobo,eneluu erke,ataluu aryz dep koyot emesbi.Artka kayryluunun ech kanday kajeti jok.Kozduu monchok kur kalbayt
03.09.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aruuzat_19--- senin barkyndy bilgen seni baktyluu kyla bilgen adam ozu kelet.Kuchtuu bol,saga iygilikterdi gana kaalaym.
03.09.2013. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылууу бол))),ушул бакттындан айрыбасын. Айтатго биринчисинен айтпаса,экинчисинен деп.
03.09.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушул окуялар чынбы же ойлоп табылганбы?
03.09.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miniusha, балким чындыр, макул ойлоп табылсын кандай болгон кундо дагы биз жаштарга сабак боло турган макала экен. Мындай окуялар реалда болуп турат. Ошон учун кеч
03.09.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miniusha, аруузат 19 тураткоо далилге ((((( эхх
03.09.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miniusha, турмушта ар турдуу окуялар болот, окуп коруп ишенгин да келбейт бирок чын болуп калат, кээ бирлерин эле ойлоп коюшпаса а так азыр жашоо кыйын, ушундай денгээлге да жетип калды.
03.09.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
03.09.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор, бироого зар дуйно. Кем дуйно деген чын...
03.09.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны уйлонгондо аялыма билгизбей аябай кыйналгам бирок, чыдасан баары отуп кетет деген чын экен. Азыр бактылуубуз!
03.09.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага дагы боюмда барда УЗИден коруп "нормальный бала торолбойт,алдырып сал" деп айткан эле,мен да кайгырып ыйлагам,бирок жакшынакай сопсоо эле кыз торолгон,азыр кызым 5те,садикке барат.
04.09.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким эки дуйно бактылуу болсунчу!!!ээх!!!
04.09.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз жашоодон умутунузду узбой жакшы жолду тандаган экенсиз.Ар бир адам бактылуу болушка акысы бар.
05.09.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат кыз экен Адамга чала
06.09.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам,атына татыктуу болбоптур да...
07.09.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуш оз аты менен ТУР сага МУШ кишини ар кандай жолдор менен сынайт
10.09.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми азыркыбактынды колундан учурба,сенин тагдырын меникине окшош экен. анча мынча айрымасы болбосо эле
10.09.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда ушинтип байдын баласын суйуп азап тартып журомго. анында ата энеси каршы. эх эч кимиси билбесе керек мен аны кандай суйоорумду.
17.09.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо ар нерсе болот эмеспи...тиги врачтардын билбей туруп чыгарган натыйжасы канча ымыркайды бул жарык жашоону корушуно толкоол болду бир Алла билет.Кууноолулор жазасын алышат! Омор байкеге окшогон адам сапатына татыктуулар кобойо берсин!бактылуу болгула,кызынар омурлуу болсун!
28.09.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agaiyna rahmat tushunuktuu adam eken ubagynda jardam berip jashoo kurup ketiptir en negizgisi baktyluu bolgula allahym baarybyzga yiman bersinchi!!!
12.10.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агайынызга рахмааат! Чынында жакшы адам экен!бактылуу болун эже!!!
09.11.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым бактын туболук болсун
10.11.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jawoodo kop nerseler bolot. biz tamybyz jok 8 ailyk balabyz menen alachykta da jawsganbyz
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо