№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
Жалал-Абад ОИИБинин кылмышка каршы күрөшүү бөлүмчөлөрү тарабынан август айында облустун алкагында «Ууру» операциясы өткөрүлдү. Операциянын максаты – облуста ачылбаган кылмыштардын бетин ачуу. Ошондой эле ууруларды кармоо жана кылмыш жасап, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди табуу боюнча оперативдик-иликтөө иштерин жүргүзүү. Оперативдик ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мурда катталып, белгисиз жагдай менен кылмыш иши ачылбаган 16 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинен 9 уурулук, 2 мал уурулук, 1 тоноо, 1 автоунааны мыйзамсыз ээлеп алуу жана 3 издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды. Учурда кылмышка шектүү жарандарга кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Кенже Тынымбек кызы
Jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |