Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМ СИҢДИМДИ ОЙНОШ КЫЛЫП АЛЫПТЫР»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

«Менин тагдырымды уккан ар бир үйдүн кожоюну, жашоонун ачуу-таттуусун сезе элек секелек кыздар эсине келишер» деп сөз баштады Дамира (Айрым себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу айым. Макала кимдир бирөөлөр үчүн сабак болор деген максатта гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.
– Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, иним жана сиңдим бар. Ата-энем автокырсыктан каза таап, чоң энем бизди багып чоңойтту. Мен мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарында тамак-аш сатуучу жайларда идиш жуугуч, кийин нан жасаган ишканада иштедим. Чоң энемдин көзү өткөндөн кийин үчөөбүз Караколдон батир алып күн өткөрүп жүрдүк. Иним эстүү чыгып, ар кайсы жумуштардан иштеп, тапканын мага алып келет. Экөөбүз акча чогултуп Караколдон бир бөлмөлүү үй сатып алдык. «Биз окубай калдык, эми Чолпонду окуталы» деп сиңдимди медициналык окуу жайга тапшырттык.
Жашообуз бир аз өз нугуна түшүп калганда Кыялбек аттуу жигитке жолуктум. Буйрук экен, Кыялбек экөөбүз баш кошуп, уул-кыздын ата-энеси болдук. Иним үйлөнүп, сиңдим болсо турмушка чыгып, ажырашып кетти. Мен көр турмуш менен алышып базардан товар алып, Бишкекте калып калган күндөрүм да болчу.
Ошол күнү Бишкектен товар алып, чарчап такси менен келе бергем. Түнкү саат үчтөрдө үйгө жетип, балдарды ойготпоюн деп эшик какпастан ачкыч менен ачып кирдим. Балдар уктап жатыптыр, өз бөлмөмө өтсөм, күйөөмдүн жанында бир аял жатат. Менин киргенимди байкашпады. Жарыкты күйгүзүп, күйөөмдүн жанындагы аял менин бир тууган сиңдим Чолпон экенин көргөнүмдө өзүмдү жоготуп коюптурмун. Спирт жыттатып, бетиме суу чачса да өзүмө келе албай, мени ооруканага жеткиришкен экен. Бир күндөн соң эсиме келдим. Көрсө, мындай окуя көп кайталанып жүрүптүр. Балам «Сиз жокто Чолпон эжем үйгө келет, атам болсо бизди жаткыла деп урушат. Экөөбүз коркуп, уктап калабыз» дегенде тегеренип кеттим. Ошондо экөөнү тең өлтүрүп салсамбы деп да ойлодум. Бул кадамдан балдарым гана сактап калды. Аларды да жетим кылгым келген жок. Ооруканада жатсам күйөөм келип, «Чолпон экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, тоскоол болбо» деп күйгүздү. Башкалардай болуп ичимдик ичсе да мастыгы менен айтып жатат дейт элем, бирок Кыялбек ичпейт. Чолпонду болсо ошол боюнча көргөн жокмун. Жолдошум кийим-кечегин алып үйдөн чыгып кеткен. Мен тирүүнүн өлүгү болуп жашап келем. Эч кимден деле жардам күтпөйм. Болгону арманымды айтып жеңилдеп алгым келди.

Дамира

Айзат Анарбекова
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(117)
04.09.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тен-тени менен дегендей, алар бири-бирин тааптыр... Аягы суюк адам, жон журбогон адам менен омурун откорот... Бироого кандай мамиле жасасан, кийин башына муштумдай кайра тийет. Бир кайгынын артынан эки суйунуч келет. Жалгыз калам деп эч качан ойлобо! Озуно окшош тушунуктуу, эстуу, сени аяган, тигиге окшоп сени тункуго калтырып иштетпеген эркекке турмушка чыгышынды каалайм. Кайраттуу бол, сабырдуу бол! Эч качан ачууга алдырба!!!!! Чыныгы АЙЫМДЫК бакытты сага каалайм!!!!!!
04.09.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеал, шариятта жол берилбейт, ал эле эмес куноо болот...бир эле убакта эже-синдини алуу болбойт...
04.09.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guard,точна шариятта ошондойбу же сенин жеке ойунбу?
09.09.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guard, шариятта бар, нике жана уй-було деген китепте жазылган. Бул китепти жаш жубайлар белек беруу абзел.
04.09.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
синдиси ата-эненин тарбиясын корбой осуп калгандырда.
04.09.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылсыздык, эжесинин тошогун тебелеген акмак турбайбы. Сиздин балдарыныз бар экен, ошолорго ыйман берсин, сизге бактылуу жашоо калайм.
04.09.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын! Ужасный жашоодо эле жашап калдык окшойт.
04.09.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр жашоодо мындай шумдуктар толтура... Кудай сактасын!
04.09.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ар бир пендесине ыйман бирсин амийин?
05.09.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tobo tobo kudai saktai kor. jezdesinen bawka erkek kalbai kalgansyp kylganyn karasan. kudaim seni ozu jazalasyn. ooo ALLAHYM yiman bere kor.
05.09.2013. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анын башы баш эмей эле бышпаган ашкабак экен да. менин жигитими бир тууган болом тартып алганда канча болдум эле.... ар бир адамга аллахым ыйман берсин.
05.09.2013. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кино го бул жагы!
05.09.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын тарыхында башкасына тийседа балдызына тийбейт салта ал экоо жарыбайт кийин окунуп калат
06.09.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эженди койуп сени албай жезденди кудаа урганбы. болуптурда суйуп калсада наамысты биринчи орунга койсо болмок экен эки баласы бар экенго акыры.
06.09.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдырдын тарткылыштыгы десе да болот, бешенесин шор кылып жараткан тура. аллах сабыр берсин! бул болгону сыноо, билгин бул 4 кундук жашоого сыноо учун гана жибергенин. демек бул иштердин баары сыноо, чын дининден ыклас кылып намаз оку, баардыгы жайында болот, ылайым балдарындын бактысын, акылын, омурун берсин!
06.09.2013. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен болсо экоону тен тируулой комуп салмакмын!
06.09.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээй жездеси балдызын суймок беле,кайра-кайра кылтындап,козу башын сузуп "повод" берип жатса арсыз жезденин да сезими тутанып кеткен чыгаар да. Ал суйуу эмес,ал акылсыздык, жубайынын козуно чоп салуу,дегеле акыл эске баш ийбеген "сезим" бул айбандын иши, кочодогу 1итти ээрчип чогулган иттер сыяктуу.Адамга сезим мн кошо акылды Жараткан неге берет,ошол напсини акыл тыя билиш учун деп.Ушундай баласынын убалынан,аялынын коз жашынан,бир туугандык касиеттен ажыраган адамдардан Жараткан озу сактасын
06.09.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимге ынсап берсин кудайым
06.09.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобо Кудай урган айбандар го малдар ,экоо бу дуйнодо жыргабайт бироонун убалына калса, эжеси акыл-эстуу экен унчукпай калыптыр намыской экен ,чокпонуз кудайым сизди тушунгон акылдуу эрге жолуктурат ,балдарыныздын келечеги учун курошунуз, эгер эриниз баарын тушунуп кайтып келсе балдарыныз учун кечирин.
06.09.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым ган деш керек тооба кылдым
07.09.2013. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылыныс кайсы бир айал жаман куйосуно сабыр кылса ал айалга алах таала ася энебиске берген даражаны берет экен жанатан
07.09.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда сиз деле сиңдиңиздин ажырашып кеткен күйөөсү менен жүрүп алыңыз. Ошондо бирге бир болот
07.09.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок,ошол синдиси жыргап кетпейт.Кудай бар экенин унутпаш керек.Акыры эжесинин,балдарынын коз жашы соо койбосо керек!Ал эми эркекке ар жок деп койот эмеспи.Кептин баары аял кишиде.Кунаажын козун сузбосо...деген эле кеп да.эжесине Аллахым сабыр берсин!
07.09.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосундо деле акыл жок экен го
07.09.2013. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
блииин как они смог!!вааабще жеесть
07.09.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да уйят деле жок экен
08.09.2013. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип мындайга барышат? Тообо. Башка адам калбай калыптырбы?! Башка адам болсо да, НИКЕ жок болбойт!
08.09.2013. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балдыздыкы бал болот )))))
09.09.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир эркек менен бир аял жалгыз калган болсо учунчусу шайтан болот деген ушул да
25.09.2013. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
синдисин окутуп караса анан эжесинин турмушун бузса, башы жок синди экенго,кудай сакта...
09.12.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тупизим
12.12.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жоктор,буларга окшогондун бетине тукурсо да аздык кылат.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо