«МузАрт» тобу:«ЖУБАЙЛАРЫБЫЗ ГАСТРОЛГО КЫЗДАР КАРАСЫН ДЕП ЖИБЕРЕТ»

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

Казакстандын бардык аймагында стадион толтура эл чогулта алган белгилүү «МузАрт» тобу бар. Бул топтун күйөрмандары Кыргызстанда оголе көп. Бек Борбиев уюштурган «Кыргыз-казак бир тууган» аттуу концертке келген жигиттер биздин гезитке эксклюзивдүү маек куруп беришти.

– Куш келипсиздер, мырзалар! Кыргызстанга көп эле каттап турасыздарбы?
Мейрамбек: – Биз Бишкекке канчанчы жолу келгенибизди санабайбыз. Тек концерт менен гана эмес, досторубуздун кубанычын тең бөлүшүп, той-топурларда да келип турабыз. Өзүбүз деле Алматыда көп турбайбыз, ушул Бишкек сыяктуу шаарларды аралап концерт берип жүрөбүз. Келген сайын Бишкектин көркү артып барат, керемет шаар, элинин маанайы, сыйы бизди абдан кубандырат.
Кенжебек: – Ооба, кайда барбайлы, дайым кыргыз эли жакшы сөздөрүн айтып, жайдары тосуп алышат.

– Эгер сыр болбосо, Кыргызстанга кандай баада келесиздер?
Сакен: – Бир эле Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө, бүт Жер планетасын кыдырсак деле, жадакалса Казакстанда өзүбүздүн баабыз канча экенин билбейбиз. Бул жаатта иштеген атайын директорубуз, продюсерибиз бар, административдик жумуштар менен ошолор алектенет. Канча билет сатылды, канча акча түштү, канча адам келди ага баш катырбайбыз.
М.: – Мисалы, Бек Борбиевдин концертине акчага эмес, жөн гана эки элдин достугу үчүн келдик. Анан да биз Бек аганын ырларын ырдап жүрөбүз.

– Кыргыз эстрадасында кимдер менен жакшы катыштасыздар?
М.: – Кубаныч Сатаев, анан дагы бир комузда ойногон
Куба деген досубуз бар, ошолор менен тыгыз байланыштабыз.
С.: – Жаштардан Ильяз Абдыразаковду жакшы тааныйбыз, ырларын угуп калабыз. Бүгүн бир дасторкондо отуруп көптөгөн кыргызстандык өнөр адамдары менен баарлаштык, ой алмаштык. Кыргыз ырчылары «Биздин ырлар башка өлкөдө жаңырса, ырдалса, кадимкидей кубанабыз» дешти. Мындан он жыл мурун биздин топтун көпчүлүк ырларын кыргызчага которуп, аткарып жүрүшкөн.
М.: – Бул илгертен келе жаткан өнөр байланышы. Чыгармачылыкта алыш-бериш болуп турган жана боло бермекчи.

– Чыгармачыл адамдардын көбү айлап-жылдап концерт берип жүрүшөт. Жубай-жарыңыздар бул нерсени кандай кабыл алышат?
М.: – Алар кимге күйөөгө чыгып жатканын билишкен да (күлүп). Сөзсүз түрдө бала-чакаңды сагынасың, куса болосуң, бирок биздин жумушубуз ушундай. Кудайга шүгүр, азыр жакшы шарттар бар, телефон аркылуу күндө сүйлөшүп турабыз.
К.: – Бош кезде жанында болуп, кол-кабыш кылганга аракет кылабыз. Аларга деле кийими бүтүн, курсагы ток болгону жакшы да.

– Топко жаңы келгенде баарыңыздар бойдок белеңиздер?
С.: – Мен үйлөнгөн элем, калганы бойдок болчу. Сегиз жыл жогорку окуу жайда окуп, жубайыма 4-курста үйлөнгөм. Үйлөнгөндөн кийин дагы 4 жыл студент болдум.
Адамдарга акыл берсин, антпесе көз көргөн нерсеге эле кызгана берсе болот. Биздин жубайларыбыз түшүнүктүү, дайыма тыкан, таза, татына болуп жүрүшүбүздү каалашат. Кийимибизди үтүктөп, гастролго «кыздар карасын» деп жиберишет (күлүп).
М.: – Үйлөнгөндөн кийин топко болгон кызыгуу азайып калганбы деген да суроолор болушу мүмкүн. Бирок биздин үй-бүлөбүз чыгармачылыгыбызга кедергисин тийгизген жок. Эгер ырчы таланттуу болуп, эмнени ырдап жатканын билип, элдин көңүлүнөн түнөк тапса, ал эч качан көрөрманын жоготпойт. Тескерисинче, жылдан жылга көбөйөт. Мисалы, биздин топтун түзүлгөнүнө 13 жыл болду. Бул жылдарда күйөрмандарыбыз көбөйсө көбөйдү, бирок азайган жок.

– Үй-бүлөңүздөр тууралуу да айтып өтсөңүздөр...
С.: – Менин 1 уул, 1 кызым бар. Уулум 15 жашта, кызым жакында эле жарыкка келди, кыркы чыга элек. Эки баламдын ортосунда өтө көп тыныгуу болуп калды. Кудай буюрса, Кыркбай, Элүүбайларды баштайбыз (күлүп).
К.: – Менин 1 уулум, эгиз кыздарым бар. Жугуштуу болсун деп жүрүп акыры Сакендин Раяна деген кызын дүйнөгө алып келдик го (күлүп). Мейрамбектин 1 кызы бар.

– Ырчылыктан тышкары бош убакта эмне менен алектенесиздер?
М.: – Бильярд ойнойбуз, ат минебиз, дегеле спортко кызыгабыз. Бизде, Алматыда ырчылардан куралган футбол командасы бар, «Алатау» деген. Кези келгенде башка шаардын өнөр адамдары менен беттеш өткөрөбүз. Мүмкүн, Бишкектин ырчыларынан куралган футболчулар биздин ырчылар менен ойноп калар.
С.: – Орусиянын да атактуу адамдардан куралган футбол командасы бар. Алар биз менен ойноо максаттары бар экенин билдиришти. Ошолорго чакыруу таштап, жакында беттешели деп даярданып жатабыз.
М.: – Ушул жерден бир нерсе айтып кетейин, көбүнө гол киргизчү мына менмин, ха-ха...
К.: – А мен коргоочумун (күлүп).

– «МузАрт» тобу 10 жылдык концертин бергенден кийин тарайт» деген кептер чыкты эле...
М.: – Кудай сактасын андайдан. Билбейм, биз тууралуу «тарайт экен» деп эле эмес, башка көп эле ушактар айтылып келген. Андайларга маани деле бербейбиз. Биздин жумушубуз ушак-айыңдарды тыңдоо эмес, чыгармачылык менен алга жылуу.

– Учурдагы кыргыз музыкасына болгон көз карашыңыздар кандай?
М.: – Кыргыз музыкасы кулакка жагымдуу, жүрөккө тез жетет. Эмне деген улуу композиторлоруңуздар бар. Сиздердин «Кызыл өрүк» казактын калканындай эле болуп калды. Репертуарыбыздагы «Арман, ай», «Тамчылар» деген кыргыз ырлары бизде жакшы кабыл алынат.
С.: – Мисалы, бизде 10 жыл мурун жазылган «Кудача кыз» деген ыр Кыргызстанда көпкө хит болуптур. «Бир «Кудача кыз» деген ыр менен ал жигит үй салып жатыптыр» деген кептерди угуп биз кубандык. Ыр жазылгандан кийин жарыкка чыгып, элге тарашы зарыл. Андыктан бири-бирибиздин ырларыбызды кызганбашыбыз керек.
Дагы бир чоң кубаныч, мактаныч менен айтып кете турган жагдай, мен муну айтуудан арданбайм да, уялбайм да. Казакстандын радиолоруна караганда Кыргызстандын радиолору өтө жакшы жумуш жасайт. Өзгөчө кыргыз тилинде. Мындан улам кыргыздын ырчыларында өздөрүн «раскрутка» кылууга мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен. Кыргыз тилиндеги радиолор өтө көп, ошого кубанабыз.
К.: – Чынында, ошондой, Кордайга жеткенче радиодон кыргыздын ырларын тыңдап барабыз.
С.: – Менин 10 жыл мурун жазган «Ак куулардын арманы» деген ырым бар эле. Ошол ырымды силердин бир кызыңар («Кыз-Бурак» тобу, ред.) ырдап чыгыптыр. Угуп алып абдан кубандым, жакшы ырдаптыр.

– Маегиңиздерге чоң рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


МузАрт: "Жубайларыбыз гастролго кыздар карасын деп жиберет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
07.09.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
абдан кызыктуу маек болуптур молодец
SUPER.KG видео
07.09.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматтар ийгилик!
SUPER.KG видео
08.09.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин суйгондорумгооо...
SUPER.KG видео
08.09.2013. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тез тезден келип турунуздар
SUPER.KG видео
08.09.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jakwy maek boluptur.
SUPER.KG видео
08.09.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо концертти толугу менен коргум келип жатат,мумкун болсо жуктоп койбойсуздарбы!Сураныч!!!
SUPER.KG видео
08.09.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий ананайындар десссее))))
SUPER.KG видео
09.09.2013. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча алып жатышканда,кыргыз кызак бир тууган дешет ))))))))))))))
SUPER.KG видео
09.09.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан үч жыл мурда болсо керек, "МузАрт" тобунун жеке концерти болгон эле. Ошондо ушунчалык таасирленгем, бардык ырлары жандуу аткарылып, рахат алып кайткан элек. Мунусунда бара албай калганыма абдан өкүндүм(((.
09.09.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак куулар деген казактын ырыбы мммм мыкты ырчыларго булар анда алга ийгилик
SUPER.KG видео
09.09.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинерге ийгилик достугубуз арта берсин!
09.09.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ырлары, ийгилик
SUPER.KG видео
09.09.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мынча хуник булар
09.09.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак куулардын арманын Мамажан Козубаев деген Баткендик агайыбыз жазган элего.
10.09.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uvay,
Саламатсызбы!
Мамажан Козубаев "Айта бар арманымды" деген ырды жазган, ал эми "Ак куулардын арманы" Сакен Майгазиевдики.
17.09.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, адашыпмын анда кечиресиздер.
11.09.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uvay, жоок казактардыкы.
SUPER.KG видео
10.09.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
10.09.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары сонунго ушул группанын.
11.09.2013. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен сонун група ийгилик жигитер..теккана алга конак болуп келип турундар..
11.09.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sobr_89kG, казактарды карасан казакча го жырлары, орусчалап суйлогун деп орусчалап бийлегин деп силерди ким кыйнады дегендей кыргызча эле жазалычы.
11.09.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зато Ильяз Абдразаков..менен Нурлан Насип рекорд койот жакында
11.09.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муз Арттын корку Мейрамбек Беспаев. Ырларын кунуго угам. Озгочо Тарту тобу менен ырдаган "Еркелеп" ыры жагат. "Алтынымай", "Аяулым"... дегеле баардык ырлары уккулуктуу.
12.09.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amour_1221, мага да үчөөнүн ичинен Мейрамбек жагат. Үнү коңур, өзгөчө.
SUPER.KG видео
12.09.2013. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эли биздин дворец спорта ар бир концертен канчадаган коп акча алат арендасына- ал эми залы эски бойдон калды, башка олкодон ырчылар келсе уят экен-качан капитальный ремонт кылып-ичин качественный-кооз ремонт кылат??? Супер Инфочулар ушул маселени которгулочу олко башчыларына-сураныч!
SUPER.KG видео
12.09.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
SUPER.KG видео
14.09.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак куулардын арманы Сакен байкеники экенин азыр билдим. МУЗАРТ Казахстан дагы номер биринчи топ жок топ эле мес номер биринчи ырчылар
15.09.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек беришиптир.Менда бул топту абдан жакшы кором жана абдан сыйлайм..Ырлары вообще суппер.Айтоор,бут жагынан топ келген мыкты мырзалар.Ар дайым ушунунуздардан жазбаныздар.
SUPER.KG видео
04.10.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МузАрт эмне деп чечмеленет ошону сурасаныздар болмок
SUPER.KG видео
17.12.2013. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан таланттуу жигиттер,ар дайым жандуу ун менен ырдашат,ырларынын мазмуну да жакшы,чыныгы таланттуу жигиттер десе болот. Музарт(Сакен,Мейрамбек,Куаныш) чыгармачылык ийгилик...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо