Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«Меломен» тобу:«КЫРГЫЗСТАНДА ЖҮРГӨНДӨ БОЙДОКПУЗ»

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

«О, махабат», «Абайла, сулуу кыз» деген ыр менен концертти ого бетер жандандырган «Меломен» тобу болду. Топтун жигиттерин окурмандар менен тааныштыруу иретинде кепке тарттык.

– Салам, жигиттер! Бек Борбиев уюштурган концертке кандайча келип калдыңар?
Жигер: – Салам! Учурда Кыргызстан менен Казакстандын өнөр адамдары алтын чынжыр менен байланып, ортодогу алакалар бекемделип жатат. Бек Борбиевдин ырларын Казакстанда да эргүү менен угабыз. Бизди ушундай таланттуу адам менен табыштырган Казакстанда белгилүү агабыз, «МузАрт» тобунун продюсери Алтынбек Корозбаев болду. Учурда Бек агабыздын «Казак кызына» деген ырын анын уруксаты менен алып, ырдап чыгууга даярданып жатабыз.

– Жигер, залдагы эл менен «таякелер» деп амандашканыңа караганда апаң кыргыз окшойт?..
– Ооба, апам кыргыз, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан болот. Мен Казакстанда төрөлгөнүм менен, балалыгым Жети-Өгүздө өткөн. Алты жылдай Көлдө жашап, Казакстанга барганда казак тилин унутуп да калган элем, араң үйрөнгөм кайра (күлүп).

– Топко кандайча чогулуп калдыңар?
Ролан: – Төртөөбүз тең Алматыдагы Республикалык эстрада-цирк колледжинде окучубуз. Ошол окуу жайдан дос болдук, чогуу ырдадык, бири-бирибиздин үнүбүз, мамилебиз төп келишти. Ошентип 2009-жылы топ болуп куралдык.
Ж.: – Негизи, биз топ болуп түзүлө электе, 2007-жылы алгачкы ырыбызга аранжировка жасатканы Бишкекке келгенбиз. Мырза деген агабыз мыкты аранжировка жасаган эле. Анда баарыбыз «Ырчы болсок, чоң сахнага чыксак» деп тилек кылып, кыялданып турган кезибиз. Мындайча айтканда, топтун эң алгачкы кадамы дал ушул Бишкектен башталган.

– Келишимдин негизинде ырдайсыңарбы?
Ж.: – Топ түзүлгөндөн баштап эле бизге колдоо көрсөтүп келген Жанна Абулова деген продюсерибиз бар.
Габит: – Ал айым менен расмий келишим жок болсо да, эже катары колдоосун көрсөтүп турат. Ортобузда сый мамиле бар.

– Кыргызстан менен Казакстандын шоу-бизнесинин ортосундагы айырмачылыктар байкалдыбы?
Р.: – Эч кандай деле айырмачылык жок экен. Тамак-ашы, меймандостугу дал эле биздикиндей. Макалдарыбыз, азил-тамашалар да окшош. Сахнасында да, көрүүчүлөрүндө да эч бир айырмачылык жок. «Кыргыз-казак бир тууган» деген кепке эми анык ынандым.
Ж.: – Кыргыз музыкасы менен казак музыкасынын кайрыктары абдан окшош. Өзүңөр билгендей, силердин көпчүлүк ырларыңар казакча аткарылып хит болуп жатат. Негизи, бири-бирибиздин ырларыбызды которуп ырдоонун түбүндө чыгармачылык, достук карым-катыш жатат.
Р.: – Которуп ырдап жатканыбыздын себеби, каныбыз бир эмеспи, ошон үчүн да музыкага болгон табитибиз бир. Чыгармачылык алмашуу сөзсүз болуп турушу керек.

– Кыргыз кыздары жактыбы?
Г.: – Ооба, аябай жакты. Биздин казак кыздарына аябай окшош экен, казакпы деп да ойлоп, ажырата албайсың. Мисалы, Өзбекстанга барсаң, өң-келбетинен айырмаланып турат эмеспи, каштары биригип, жаактарынын формасы башкача болуп дегендей...
Ж.: – Мен өзүмдүн апамды эле үлгү келтирсем болот. Казак кыздарындагы сулуулук, кичипейилдиктин баарын биз кыргыз кыздарынан көрөбүз. Себеби тарбиябыз, динибиз, түбүбүз бир. Тилибизде гана бир аз айырмачылык болбосо, калганын түшүнөбүз.

– Учурда жүрөгүңөр бошпу?
Ж.: – Кыргызстандабы? Ооба, бош (күлүп).
Кайрат: – Мен деле ошентип айта алам.
Р.: – Жүрөгүмдөн орун тапчулар болсо бош эле.
Г.: – Бойдокмун, ээ... (күлүп)

– Кыргыз кызына баш кошуп калышыңар мүмкүнбү?
Баары: – Абден мүмкүн!

– Кандайча, интернеттеги маалыматтарга караганда, көпчүлүгүңөр үй-бүлөлүү экенсиңер го?
Р.: – Хе-хе, жо-ок, биз Кыргызстанда деп жатабыз. Чынында, ооба, Жигер, Кайрат, мен үй-бүлөлүүбүз. Габит эле бойдок.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Кыргызстанда жүргөндө бойдокпуз" дейт "Меломен" тобу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
07.09.2013. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
F4 kainatsan da okwowpoit ko,okwow jerlerin araket kylyp okwowtursam da okwowpoi koidu.Yryn ele yrdaptyr go.
SUPER.KG видео
07.09.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
концерт учурунда,отурушкандарын,кудай сактасын,олгон жерге келгенсип,концертке эмне учун келебиз,конул ачуу учун да,мелтейип отурбай кол чабып билген ырларыбыз аткарылып жатса кошулуп ырдап отурсак кандай сонун,кыргыздар ошону уйронсок жакшы болот эле.
SUPER.KG видео
08.09.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бийлешет экен корей ырын зор аткарыптыр. Азамат жигиттер экен башка кыздарга кызыкпай оздорунун казак кыздарын мактап анан ошолорго биздин кыздарды окшоштуруп макташты кээ бирлерге окшоп сатылып кетпей.
SUPER.KG видео
08.09.2013. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ак конул жонокой жигиттер экен, ийгилик каалайбыз!
SUPER.KG видео
08.09.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay jonokoi ak konul jigittergo.Chygarma4ylyk iygilik.
SUPER.KG видео
09.09.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огоо, Жигер менин жээним тура ))))))
09.09.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда бойдокпуз деп кы3дарды алдагынар барбы???
09.09.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
..,;)
SUPER.KG видео
09.09.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калктын кошемети дейби
09.09.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бироонун жерине келген сон мактабашка арганар барбы?Озунордун элинерге барып кыргызды бутунардын учу менен корсотосунорго...!
SUPER.KG видео
10.09.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
норм экеен))
10.09.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдашат экен корей ыры сонун болуптур ошол ырды каяктан толугу менен корууго жана кочурууго болот.
13.09.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza83,
Улутуна, динине карата бөлүп жарууга тыюу салынат!
3 күн банга!
13.09.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Жигер жакты, голосу сонун экен)))
14.09.2013. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде онорунор оркундой берсин.
SUPER.KG видео
04.10.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кулакка лапша илейин дегени болбой калыптыр да ээ жалганы чыгып!ха ха
SUPER.KG видео
24.01.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меломен тобу мага аябай жагат, Ийгилик каалаймын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо