Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЯЛ» АТТУУ ЗАТТЫ КОЛДОНУУНУН КЫСКАЧА КӨРСӨТМӨСҮ

№205 6-12-октябрь, 2006-ж.

КИРИШҮҮ

Аял – негизинен эркектер менен бирге жашап, чарбачылыкты да бирге жүр­гүзүүгө ыңгайлашып, алтургай, эркектин жашоосун ууландырып жиберүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен зат.

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

1. Аталышы – аял.
2. Биринчи ачкан – Адам.
3. Атомдук салмагы – 45-100 килограммдын тегерегинде.
4. Денсоолугу – өтө назик.
5. Нерв системасы – «күйөөм канча таап келет болду экен?» деп тынымсыз ойлонгондуктан, дайыма бошоңку абалда.
6. Энергия алуу булактары –сүйүү, эс алуу.
7. Эркектерди өзүнө тартуучу, бир нече убакыттан кийин кайра түртүүчү касиетке ээ.
8. Жалтырак-жултурактарды, өзгөчө баалуу металлдарды көр­гөндө гипноздолуп калат.

ФИЗИКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ:

  • Өз алдынча кайнап, кайра сырткы таасирсиз эле муздайт.
  • Кеңейүү коэффициенти: Жыл өткөн сайын төшү менен жамбаш сөөктөрү чоңоюуга ылайыкташкан.

ХИМИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ:

  • Алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар менен бирге аракетте болот.
  • Күтүүсүз жерден жарылып кетиши мүмкүн.
  • Эркектен коргонуу учурунда көз жаш аттуу суюктукту чексиз бөлүп чыгарат.

”АЯЛ” ДЕГЕН ЗАТКА ТИЕШЕЛҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР:

1. Ансыз жашоого болбойт.
2. Качан болсо да “конокко кийип бара турган кийим жок” деп турат.
3. Мык какканды билбесе да, анын каерге кагыла турганын так билет.
4. Анын тааныштарынын бири ушакчы же обу жок.
5. Анын ою боюнча “химия” илим эмей эле, чач жасалгасы.
6. Ал балконду тамеки чегүүчү жай катары эмес, кир жаюучу жай катары эсептейт.
7. Жогорку билим алуу ал үчүн максат эмес, тескерисинче, күйөөгө тийүү куралы.
8. Мүнөтүнө 500 сөз ылдамдыкта сүйлөп, 10 мүнөттө эркек аттуу затты иштен чыгара алат.

БУЛ ЗАТТЫ БАГЫП КАРОО:

1. Убактысынан эрте колдонуудан чыгып калбаш үчүн жылуу, ыңгайлуу бөлмөдө кармоо керек.
2. Бул заттын ишке жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн модалуу кийим, гүл, атыр менен азыктандыруу талапка ылайык.
3. Жылына бир жолу күн нуру менен тазалоо үчүн курортко жиберүү зарыл.

КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ:

1. Колдонуу алдында «өбүү» деген дары менен майлап коюу зарыл.
2. Белек тартуулай койсо “жакшы көңүл” деген белгиге карай бурулуп иштей алат.

КОМПЛЕКТИСИНДЕ:

1. Башы 1 даана. Башынын ооз бөлүгүндө кааласа бал тамыза турган, кааласа уу тамыза турган өзгөчө тили жайланышкан.
2. Колу (оң, сол) 2 даана.
3. Буту (оң, сол) 2 даана.
4. Тулку-бою 1 даана.
Эскертүү: Түзүлүшүндөгү кемчилиги добушун өчүрө турган кнопканын жоктугу.

  • Сатып алаарда жакшылап көрүп алуу кажет. Анткени, сатылгандан кийин кайра кабыл алынбайт, акчасы кайтарылбайт.
  • Өзгөчө жерине гарантия белгиси басылган (эгерде “б/у” болбосо).

Абайлануу чаралары:

  • “Аял” аттуу зат тажрыйбасы жоктордун колуна түшүп калса, олуттуу коркунуч келтирет.
  • Бир даанадан ашыкча ээ болууга тыюу салынат.
  • Эки же үчөөгө ээ болууга аргасыз болгон учурда алар өз ара “реакция” болуп кетпешинин алдын алып, бири-биринен алыс кармоо керек.

Жыйынтык:

Бул көрсөтмө аялды колдонуу учурунда келип чыгуучу бардык маселелерди камтыбайт. Ошондуктан, азыркыга чейин аягына чейин изилденип бүтө элек “аял” деген затты сатып алуудан мурда аны менен сөзсүз таанышып, жакындан изилдеп көрүүңүз зарыл деп эскертебиз!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(3)
16.11.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен баракелде!
28.01.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш го))) Жакшы материал экен, жакты!
25.11.2016. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорум эзилгенче күлдүм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо