АЛМАТЫДАГЫ БАШ АЛАМАНДЫККА КАЙРАТ НУРТАС КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

31-август күнү Казакстандын Алматы шаарындагы «Прайм-Плаза» соода борборунда «Караокенин мыкты аткаруучусу» аттуу сынактын финалчыларынын концерти болмок. 5000ге жакын эл чогулган концерт токтотулуп, массалык баш аламандык чыкты. Буга Кайрат Нуртасты күнөөлөшүүдө. Кайрат менен байланышканга аракет кылып, натыйжа чыгара албадык. Андыктан интернет баракчаларындагы ойлорго назар салдык.

14 УНАА ӨРТТӨЛДҮ
Кайрат Нуртас сахнага чыкканда эле көрүүчүлөр аскер кордонун (тосмосун) бузуп, сахна тарапка жулуна башташыптыр. Коопсуздугунан чочулаган ырчы ырын ырдап бүтөрү менен коопсуздук көзөмөлчүлөрүнүн коштоосунда ал жерден кетип калыптыр. Элге бул көрүнүш жакпай, алгач сахнаны көздөй таш, желим жана айнек бөтөлкөлөрдү жаадырып, аппаратуранын баарын талкалашкан. Андан кийин бири-бири менен мушташууга өтүп, массалык жаңжал чыгып, 14 автоунаа жана жайкы кафелердин бири өрттөлгөн.

ЖАЛПЫСЫНАН 90 АДАМ ЖАБЫРКАГАН
Маалыматтарга таянсак, соода борборунун аймагында концерт өткөрүүгө шаар жетекчилиги тарабынан уруксат берилген эмес. 29-августта уюштуруучуларга концертти көп адамга ылайыкталбаган жерде өткөрүүгө болбой тургандыгы тууралуу эскертүү берилип, токтотуу сунушу айтылган. Бирок аталган соода борборунун жетекчилиги коомдук тартипти өздөрү көзөмөлгө ала тургандыктарын айтышкан. Жыйынтыгында жабыркап ооруканага кайрылгандардын саны 90го жеткен.
«Баш аламандыкка катышты» делинип соода борбордун аймагынан 165 адам кармалып, учурда аларга «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле иш-чараны уюштургандарга да кылмыш иши козголуп, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы, ээлеген кызматтарынан биротоло же белгилүү бир убакытка чейин бошотулушу мүмкүн экени айтылды.

Кайрат Нуртас:«МАГА МЫНДАЙ ПИАРДЫН КЕРЕГИ ЖОК»
Соода түйүндүн жетекчилиги «Кайраттын бир эле ыр ырдап кетип калышы баш аламандыктын чыгышына себеп болду» деп ырчыны күнөөлөшүүдө. Кайрат Нуртас менен продюсери маалымат жыйын өткөрүп, төмөнкүлөрдү билдиришти:
– Концертке уюштуруучулар айткан убакытта, 20:15те бардым. Бул менин жеке концертим эмес болчу, конок катары гана чакырылгам. Бирок концерттин афишалары менин концертим болчудай чоң сүрөттөрүм менен чыгыптыр. Баш аламандыктын чыгышына уюштуруучуларды күнөөлүү деп эсептейм. Алар коопсуздукту, тартипти тийиштүү деңгээлде карашкан эмес. Сахнада ырдоо таптакыр мүмкүн эмес эле. Ар ким ар кайсы жерден колун созуп, кээ бирөөлөр өбүүгө аракет кылышты. Ал жерден 5 жан сакчынын коштоосунда араң кеттим. Мага мындай пиардын кереги жок.

Кайрат Нуртастын апасы жана продюсери Гүлзира Айдарбекова:«БАШ АЛАМАНДЫКТЫ БАЛАМДЫ КӨРӨ АЛБАГАНДАР УЮШТУРУШТУ»
– «Прайм-Плазада» болгон окуя кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулган чагымчылдык болушу мүмкүн. Анткени көрүүчүлөрдүн арасынан элди кадимкидей сахнага түртүп жаткандарды көрдүм. Ал күнү уулум түнү менен «Апа, эмне кылышым керек? Кабатыр болуп жатам» деп чыкты.
Кайрат сахнага чыгып, «Ауырмайды журек» аттуу хит ырын ырдай баштаганда эле көпчүлүк ага умтулуп, айрымдары сахнага жулунуп чыга башташты. Ырдап бүтөрү менен ал сахна артына өтүп, «Эл тынчыса кайра чыгам» деп бир аз күттү. Бирок бул учурда эл толкуп, ырдоого мүмкүн болбой калган эле. Анан кетүүгө туура келди. Уюштуруучулар мындай чоң иш-чараны өткөрүүгө даяр эмес экендиктерин көрсөтүштү.
Негизи, Кайрат аталган концертке 7-8 ырын даярдап барган. Анысы үчүн 5000 доллар алган. Чынында, уулум мындай гонорарга эч качан ырдабайт. Анын ставкасы 7000 доллардан 30 000 долларга чейин. Мен аны 5000 долларга ынандырган элем.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
09.09.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оркойгон тырмактарын кыркып алса жакшы болмок!
09.09.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7000 минден 30 000 доллар
09.09.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
koro albagan adamar kulat da mundai nerseni..
09.09.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ставкасы укмуш гооо...
09.09.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ставкада эмес кеп ундо бул бала таланттуу коро албагандар бир жерин карап отура беришпейби дейм да Кайрат алга бул сага кылган кыянатчылыктары озлоруно таш болуп тийсин
09.09.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, бир жерди еле карап отура беремби? биронунда бир жерин коройн десе керектирда!
09.09.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайраттын таланты кучтуу. Аны сыйлайм. Кайрат я тя обожаю!
09.09.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
09.09.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат бул жерде сенин аброюна дак тушпойт деп ойлойм, ойлонуп кыжалат болбо, сенин талантнды баалагандар учур баалуусун. Уюштуруучу топ начар окшойт, коопсуздукту карай албаганына караганда. Бул соода борбору кайсыл жеринде экен, шаардын коп эле жерин билчуумун муну корбогон окшоймун.
10.09.2013. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат такой хороший! классно поет ! я думаю просто его враги так строили .... хочу сказать не переживай у тя все будеть хорошо
12.09.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро албагандар жасашты . Кайраттын таланты чыныгы талант
12.09.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Кайраттан айлансын акмактар.Коро албай ичи куйуп жататда башкалардын.Талантты бар,уну вообще сонун.Ар бир ыры хит озуда сулуу.Кайрат ырдайт алга эч качан артка кетпе.Осо бер Кайрат осо бер.Тарыхта из калтырган, дуйно жузуно таанылган ырчы бол.Фанаттарын ар дайым сени м"н бирге.Ушуну унутпа.
18.09.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7000 30000$ 7 yrga ooo bir mawina bir uidyn akchasy.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо