«АРЫЗДАНБАСА ТЕРИШТИРБЕЙБИЗ...»

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

Гезитибиздин №564-санында Таластагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Гүлсада Такенова апанын тагдыры тууралуу жазган элек. Анда 84 жашка таяп калган карыянын мурдунан сексенден ашуун курт алынганы баяндалган. Окуяны кыскача эске сала кетсек. Ак кан менен ооруганын ооруканадагы дарыгерден уккан апа инсультка кабылып, бети менен кулагандан улам мурду жабыр тарткан. Жакындарынын баамында, ошол учурда чымын «булгап» кетип, мурду курттап кеткен. Мурду, башы ооруп, дене табы көтөрүлгөндө райондук ооруканага балдары алып барат. Аны эки жума көзөмөлдөгөн райондук лор-врач Эркин Абдылдаева Левомеколь деген мазь жазып берип «Мурунга ушуну коё бергиле» дейт. Бул дарыдан улам мурундагы курттар ого бетер көбөйүп, бет сөөктөрүнүн ферменттерин эритип, этин жеп салган.
Жакшы боло албаган Гүлсада апа Талас шаардык ооруканасына көрүнсө, дарыгер «Мурду курттап кетиптир, бул рак окшойт» деп Бишкектеги Республикалык онкология борборуна жолдомо берет. Республикалык оорукананын эң тажрыйбалуу деген лор-врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Г.Флейгин «Өмүрүмдө биринчи жолу мындай нерсеге туш болуп жатам» деп кемпирдин ден соолугуна жооп бере албай тургандыгын айтып жолго салган. Андан кийин да бир катар дарыгерлерге барышканы менен, баары «тобокел кыла албайбыз» деп кабыл алышпайт. Аягында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы салттуу жана эксперименталдык академиянын академиги, элдик дарыгер О.Нарбековдун дарылоосунда апанын мурдунан 60тан ашуун курт түшкөн.
Андан бери эки жума өттү, апанын ден соолугу кантти экен деп небереси Гүлзат Дооронбековага байланыштык. Тилекке каршы, апанын ден соолугу дале начар экен. «Таласка таенемди көргөнү барып келдим. Учурда сол көзүнүн көрүүсү начарлап, сол кулагы жакшы укпай жатыптыр. Курттардын саркындылары сөөктү эритип салганда таңдайы тешилип калган экен. Азыр мурдуна дары куйса, экинчи таноосунан куюлуп, суюктук ичсе мурдунан чыгып жатыптыр»,- деп билдирди Гүлзат айым.
Бул окуяны жазып баштаганда эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып, «Ушундай абалга туш болгон жарандар кайсы бөлүмгө, кимге кайрылышы керек? Ким көзөмөлгө алуусу шарт эле?» деген суроо менен кайрылганбыз. Министрликтин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гүлмира Ибраевадан медициналык жардамдын ыраатын укканбыз. Гүлмира айымдын окуя боюнча «Кызматтык иликтөөдөн кийин жооп бере алам» деген кошумчасын да гезит бетине жарыялаганбыз. «Кызматтык иликтөө жүрүп жатабы?» деген суроолорубуз менен кайрадан министрликке кайрылдык. Тилекке каршы, биз Гүлмира Ибраевадан «Азырынча эч нерсе айта албайм» деген жооп алдык. «Таластагы бул окуя боюнча эч ким арызданган жок. Билишимче, алардын арызданар ою жок. Бир нерсе деп айта албайм. Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн сиздерден болсо да кайрылуу түшүшү керек. Биз жөн эле иликтей бербейбиз да»,- дейт Ибраева.
Министрликтин мындай кайдигер мамилесине таң калдык. Сөзсүз түрдө киши кайтыш болуп, бирөөлөр сыздап, «соттотуп, абакта чиритем» деп чатак салып барганда анан кызматтык иликтөө жүргүзүлүшү керекпи? Кызматтык иликтөө жүргүзүүгө бул фактынын өзү жетишсизби? Дүйнөлүк практикада чанда кезикчү окуя орун алып жатса, «Эч ким арызданбаса, биз кантип иликтөө жүргүзмөкпүз?» дегендери кызык болду. Эл арасындагы «Дарыгерге күнүң түшпөсүн» деген сөз өмүр сакчыларынын дал ушундай кайдигер мамилесинен улам айтылат да. Гүлсада апа айыгып кетсин, анын кейиштүү тагдыры баарыбызга сабак болсун, анын ичинде медицина кызматкерлерине дагы.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(18)
09.09.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апа айыгып кетсе экен эми.Гулмира Ибраева ишти иликтейм деп унутуп калган же суперди кайра чалып бул иш жонундо сурабайт деп кайдыгер карап койгон.Суперчилер чалганда озу деле эмне айтышын билбей оозуна келгенин оттоп койду да.
09.09.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иликтеп бергиле деп акча сунуштаса гана иликтемек, а то КРда оз каалоосу м.н элге кызмат кылчулар 100000ден 1и гана. Аябай окунучтуу!!!!!!!!!!!
09.09.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, Туура айтасын.
11.09.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, tuura aitasyn.Azyr Kg'da ak4asyz e4 nerse 4e4ilbey kaldy go...
09.09.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апа айыгып кетиниз!а акмактарды соттош керек!!!
09.09.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштесен тиштейсин дейт, иштебей тиштеп кoнуп калган акмактар да
09.09.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой, ошолорго ишенип убакытынарды коротконунарга куйом да, ал жакта бээ десен тоо деген кун карамалар отурат,озулорунун жумушун так билбейт, элдин тологон налогдорунан айлык алып жашап журушот. а элдин эмне болуп атканы аларга копейкага турбайт !
09.09.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мылтык көтөрүп барып эле атыш керек болчу!!!
09.09.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кантип Гипократтын антын берди экен, ушундай болсо Министрликте отургандар, анда башка чиновниктерибизге жол болсун....
09.09.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrachtar aman ele boluwsun da
11.09.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bemkow, ушуга окшогон профессор соройлор аман болбосо кырылып калышсын Гипократтын анты ургурлар, Норбеков аман болсун!
09.09.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо Гулмиранын мурдуна курт салып коруш керекда,иликтебегенин коройун.
11.09.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, аябай жакты коментарийин.
10.09.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady айткандай курттан салып туруп впериод деш керек окшойт мындайларды, иштей албаса бербейби ордун иштечу адамга, эзилбей, министерстводон деле тиги билбей койгон врачтарга деле бирдеме деп койсо болмок да жок дегенде, билбесен эмне врачевайть этип журосун деп...Булардын ушундай кара муртоздорунун баарынын мурдуна курт салыш керек...
10.09.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жашоо бумеранг" деген 21-кылымдын эн туура макалы бар эмеспи. Бугун болбосо эртен мурдуна суу жугурот!
11.09.2013. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apa allahym ozu wyfaasyn bersin sizge
12.09.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апей,иликтей бербейбиз да дегени неси? закон бузуу болуп жатат бул жерде. адам омуруно залал келтируу жана оз милдетин так аткарбоо. совсем совесть потеряли. мамлекеттен айлык алып жатасынбы иштешин керек ким болсон да. сот болсон да врачпы же министрби.иштей албайсынбы ордунду бошотуп кой. сандырактап россияда журбой иштейт болчу адамдар. апанын да туугандары арыздансын да, апасынын кыйналганын карап турбай компенсация талап кылсын. энени моралдык жактан да кыйнашыптыр каарыганда.
14.09.2013. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соо кишинин оору менен, токтун ачка менен иши жок деген ушу да. Аллах баарына калыс.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо