Чолпонай, «2012-жылдын сахна ажары»:«ТОЙЛОРДО ЫРДАБАГАНГА АРАКЕТ КЫЛАМ»

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

Кыргыз сахнасын­да саналуу гана ырчы бийкечтер бар. Алардын арасында алып баруучулукту, актрисалыкты да кошо алып жүргөн, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын сахна ажары» наамынын ээси Чолпонай бул аптанын каарманы болмокчу.

– Салам, Чолпонай, 2010-жылы продюсериң Эрнест Уметалиев экөөң 3 жылга келишим түзгөн элеңер. Келишимиңер эмне болду?
– Ооба, Эрнест экөөбүз ынтымактуу иштештик, келишим бүткөндө аны дагы 5 жылга узартып койгонбуз. Башка продюсер менен иштешүүгө такыр каалоом жок. Себеби Эрнест экөөбүз бала чагыбыздан чогуу өстүк, бири-бирибизди айттырбай түшүнөбүз.

– Элдин көңүл чордонунда болуп жаткан «До+Фа» тасмасына кайрылсак, анда «жакшы ойной албай калдым» деп өкүнгөн жерлериң болдубу?
– Албетте, кемчиликтерим көп. Мен өзүмдү аябай сын көз караш менен карайм. Тасмада бир жеринде чачымды тарабапмын, айрым учурларда эмоцияларымды жакшы чагылдыра албапмын деп өкүндүм. Эң акыркы эпизоддо сахнага чыгып ырдаган жерим бар го, ошол жери такыр жакпайт. Себеби мага жакпаган көйнөктү каршылыгыма карабай кийгизип коюшкан. Кинону көрүп жатып бүтөйүн дегенде шарт өчүрүп салам. Ошол кадрды өзүм да көргүм келбейт, элге да көрсөтпөй коём.

– «Тасмадагы роль менин жашоомду чагылдыргандай» дедиң эле. Демек, сенин сүйүктүүң менен бирге болушуңа ата-энең каршы?..
– Мен сценарийди окуганда эле башкы каарман Фариданын кыял-жоругун өзүмө окшоштурдум. Ал да ырчы болгонду каалайт. Тилегине умтулган кыз. Бирок чыныгы жашоодо тасмадагыдай ата-энем жигитимди жактырбай, кыйналган учурлар болгон эмес. Андай болбой эле койсун, Кудай сактасын. Бирок баарын убакыт көрсөтөт да.

– Чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп сүйүүгө убакыт табылып жатабы?
– Сөзсүз да, эгерде адамдын жүрөгү сүйүү даамын татпаса, анда эргүү кайдан келмек эле? Мен да башкалардай сүйүү, жактыруу сезимдери менен жашайм. Сүйүүсүз жашоо жок деп эсептейм.

– Анда жигитиңе акыркы жолу качан сүйүүңдү билдирдиң?
(Ойлонуп) Бир жума мурун сүйүүмдү билдирдим.

– Кыздардын сезимдерин биринчи айткандарына көз карашың кандай?
– Кыргыз кыздары үчүн бул жат нерсе, бирок азыр заманга жараша боло берет деп коюшат. Кандай заман келбесин, баары бир кыздын кадыр-баркы жигит алдында бийик болушу керек. Жеке мен эч качан сезимимди жигиттен мурун билдирген эмесмин.

– Сүйүү үчүн ыйлаган күндөр болду беле?
– Мен аябай эмоционалдуу адаммын. Алгач ыйлап-сыктап, анан «ии, бул маселени оңой эле чечип койсо болот экен го» деп өзүмө келип калам. Сүйүү жаатында да ошол сыяктуу. Ичимдеги бугумду чыгарып туруп жаным жай алат.

– Анда бойго жетип калган кызын апасы кантип турмушка даярдап жатат?
– Бойго жеткеним чын, бирок өзүм күйөөгө чыгууга даяр эмесмин. Апам да аны жакшы билет, үй-бүлө жөнүндө кеп козгой бербейт. Бирок келиндик кызматтын ачуу-таттуусун, кайындарга кандай мамиле жасоону таенем дайыма кулагыма куюп турат. «Ашканада мыкты бол, үйүң чачылбасын, өзүңө тыкан жүр» дегенден тажабайт. Мунун баарын эсиме сактап жүрөм.

– Ырчы, актриса, алып баруучулуктан мурун негизгиси сен аялзатысың да. Чолпонайды бийкеч катары эмне бактылуу кылышы мүмкүн?
– Жаңы нерселерди билүү, изилдөө. Окуй элек чыгарманы окуп чыксам эле кандай бактылуу болом! Дайыма өзүм үчүн ачылыштарды жасап турганга аракеттенем. Мисалы, айдоочулук күбөлүктү 4 жыл мурун алгам. Быйыл ата-энем машина белекке бергенде гана толук кандуу айдоону үйрөндүм. Бул да болсо жашоомдун жаңылыгы. Азыр унаа айдоодон ырахаттанып жүргөн кезим. Бирок жанымда дайыма жакын адамым болот, «акырын айда, ылдамдыкты азайт» деп турганга дебейинби (күлүп).

– Кел, эми сөздү чыгармачылыкка буралы. Жаңыдан ырдап чыккандан бери бир топ убакыт өттү. Өзүңдөн өзгөрүү, өсүү сезе алдыңбы?
– Аябай чоң айырма бар. Сахнага жаңы кадам таштаганымда мен 16 жашта элем. Уялчаак, тартынчаак болуп, өзүмө такыр ишенчү эмесмин. Азыр менин өткөөл курактагы кемчилик деп эсептеген сапаттарым жок, баарына ыраазымын. Эң негизгиси, өзүмө ишеничим күчтүү. Баягыдай калтырап-титиреп сахнага чыккан жаш кыз жок.

– Көпчүлүк ырчылардын жашоосуна суктанат, «ырдап коюп жүрө беришет» дешип. Ырчылык кесиптин терс жактары болсо керек?
– Ооба, сахнага жалтырап чыгып койсок эле дайыма жыргап жүрүшөт деп ойлошот. Бирок түнү уйкудан калып ыр жаздыруу, ал ырды ийинине жеткире аткарып берүү тынымсыз эмгекти талап кылат. Сахнанын артындагы түйшүктү айтпасам да белгилүү. Ырчылардын дээрлик баары тойлордон акча табышат, ал жактан түрдүү адамдарга туш болосуң. Ичип алып ырдатпагандарычы?.. Ырдап жатсаң сени эч ким деле укпайт, сүйлөшүп отурган же тамак жеп жаткан болушат. Айтор, маанайды түшүрчү көрүнүштөр толтура. Ошондуктан тойлорго чакыруу албаганга аракеттенем. Тууган-урук, достор чакырганда гана сый-урматымды билдирип ырдап берем.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Турмушка чыгыш керек го дейм..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(77)
SUPER.KG видео
10.09.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!Жакшы маек болуптур.
11.09.2013. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ишине Чолпонай!
11.09.2013. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Чолпонай эн жылдызжуу актриса кулгону эн сонун уну да жакшы эле,озун эн идеалдуу алып Журот азаматсын ар дайым ушундай бол Алга и алга
11.09.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коздорун бат баттан ирмегени жаккан красавица тим эле
11.09.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билгем жакщы кыз экенин, мурун эле!!!, ха-ха....
11.09.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойго чакырса ырдайбы??? Ша-ла-ласын ырдайбы же эмне..? Арыдан бери эле болсон болмок. А так таанымал, бирок элдин эсинде калган бир да ыры жок.
11.09.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты роль жаратыптыр.Ийгилик!
11.09.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коздору балбылдаган жакшына кыз!Азамат,ушунча элдин коз кырында болгон сон мындан да акылдуу,ыйман-ынсаптуу болуп,жакшы ырларынды тартуулап журо бер.Эн негизгиси бактылуу бол!!!
12.09.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
до фадагы моменты дн ырды суйом да аябай!!! Раллия мн Арсен сонун ырдашкан,канча уксам да жадабайм. Чолпонайга соз жок, молодец кыз!
12.09.2013. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул кыздын жылдызы жакты мага алга сага
13.09.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aзаматсын Чолпонай! Ийгилик каалайм! Ар бир адам бироону сынаганда , ага карата сын пикирин айтаардан биринчи озун караш керек.
13.09.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
позитивдуу алдыга умтулган жана оз ордун билген татынакай кыз.Алма сабагынан алыс тушпойт билишимче апасы ушундай жакшы аял а жакшы аял жакшы кыз тарбиялайт да:)))
13.09.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тойго барбаганын себеби тилеке каршы баары эле той откоруу маданиятын анын ичинде ырчыларга туура мамиле жасоону биле беришпейт
14.09.2013. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жылдыздуу,сулуу,таланттуу кыз. Туз жургон адамга соз да жабышпайт,ушунундан жазба. Кулуп турган жузундон кулкун кетпесин сахна ажары,ийгилик сага Чолпонай!
SUPER.KG видео
14.09.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец!!!Мага стили аябай жагат, башка ырчы кыздар сенден улгу алыш керек.Соз артынан ээрчибейт, косюмдары сонун, башка ырчы кыздарга караганда стили озгочо,суйлогон создору туура.
14.09.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магазинден коргом бир жолу жайында,жопжонокой кыз экен.Камера толук корсотот экен чын эле,озу аппарык,супсулуу аккуу.
SUPER.KG видео
14.09.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиясы жакшы кыз экени корунуп турат,именно ушул учун Чолпонай жонундо ушактар аз!Бадыева,Айгерим, Анжеликаларга караганда кара пиар менен популярдуу болуп алган жок,оз эмгеги менен!Ушул учун сыйлайм.
SUPER.KG видео
14.09.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул уч кыз тен оз убагында Бакиевтер менен корушкон,журушкон. бул сайттан деле ошолор жонундо канча чындыктар чыкты,Ушундай ушактар учун бизге алар кызыктуу, Фаре болсо кинодо мыкты ойноп кызыктырды мени,ушаксыз эле.
SUPER.KG видео
15.09.2013. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakty ushul yrchy kyz,takaya horoshen'kaya....birinchi jolu interv'usun kordum.Iygilik Cholponai,ushundai Duhta ozundu osturo ber
15.09.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бах чиркин!
SUPER.KG видео
19.09.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонай ырчы болбой эле киного тартулаатурган кыз экен мимикалары даана кинодогудай экен мындан чон актриса чыкчуудай..
SUPER.KG видео
21.09.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
До+Фа киносунан кийин бул кызды кыргызча билбесе керек деп ойлогом корсо кыргыз тилин жакшы билет экен. Азаматсын ийгилик сага
SUPER.KG видео
22.09.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эрнис уметалиев, чолпонайдын жигити. озунун продюссери жигити
SUPER.KG видео
22.09.2013. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмоциялары ташкындаганынан го )))))), ананай, мага абдан жагат, маңдайы жарык, сүйкүмдүү кыз. Үнү да, сүйлөгөнү да абдан жагымдуу
SUPER.KG видео
04.10.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакырайган коздору сонун да! ийгилик сизге.кино дагы сизге чон ийгилик алып келди го дейм!
10.10.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Чолпонай мага аябай жагат...сулуу унуда соонун шаардык болсода бой которбогон кыз экен...вообще класс
SUPER.KG видео
30.10.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a9bai tatynakai kyz,koro4e maga jagat...
23.11.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cholponay iygilik saga. maga da do+fa'dan kiyin jagyp kalgan...
SUPER.KG видео
24.11.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantynar tawkyndai Bersin.
19.01.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонай азаматсын
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо