ШААРДЫН ИЧИНДЕГИ АЛЛЕЯЛАР ОҢДОЛУУДА

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

Нарын шаарынын ичиндеги жөө адамдар басуучу ички жолдор өтө начар абалга тү­шүп кеткендиги баарыбызга маалым. Учурда шаардын борбор тарабынан күн батышты көздөй кеткен жөө адамдар басуучу аллея оңдолуп, брусчат­ка төшөлүүдө.
«Нарын шаарынын облус­тук профсоюзу­нун имаратынан шаардын санэпид аймагына чейинки бө­лүгүнө брусчатка төшөлүп, оңдолуп жаткан учур. Бул долбоор­ду шаардык мэрия жазып, «АРИС» компаниясы каржылап жатат. Жалпысынан болжол менен
1 миллион 900 миң сом каражат сарпталды. Иштин жүрүшүнүн 95 пайызы аталган компания аркылуу ишке ашырылууда. Буюрса, сентябрь айынын 20ларына чейин аяктап калабыз»,
- деп билдирди курулуш иштеринин жетекчиси Давид Курманов.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо