№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

31-август – Өлкөнүн эгемендүүлүк алган күнү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өттү. Майрамдык салтанаттын деңгээлин баамдап турган көрүүчүлөр «Союз учурунда уюштурулган параддарды элестетти» деген ойлорун билдиришти. Облустук өнүктүрүү фондунан жалпы майрамды уюштурууга 100 000 сом бөлүнгөн. Ошондой эле маданият кызматкерлери театралдаштырылган оюн-зоок уюштурган соң бир да мекеме-ишкана калбай майрамдык параддан өтүштү. Нарын шаары Нарын районунда жайгашкандыктан, айрыкча аталган район чоң салымын кошту.
Майрам уюштурулар алдында шаар ичин көрктөндүрүү иш-аракеттери колго алынып, жергиликтүү бийлик бул багытта иш алып барган. Ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүк алганына 22 жыл толушун белгилеген бул салтанатка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышып, жалпы Нарын дубанынын элин куттуктады.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |