Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЧАГЫҢДЫ ЧЫГАРАМ...

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Дайыма ачык сүйлөп, чечкиндүү, тарсылдаган мүнөзү менен айырмаланган белгилүү айымдардан куру эмеспиз. Айтканын айткандай аткарып, айрым мырзалар жасай албаган жумушту жасап, чыгармачылыкта да ийгиликтерди жаратып келген айымдар өздөрүнүн кулк-мүнөзү тууралуу кеп салышты.

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти:
«ЧЁРНЫЙЛАР» МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШЫП,
МАСЕЛЕНИ ЧЕЧИП КОЁМ»
– Апам айтып калат, «Бала кезден эле бетке чабар, өжөр, көк бет элең» деп. Чөйрөмдөгүлөр да «чортурааксың» дешет. Чындыкты бетке айткан адам 10 адамдын экөөсүнө гана жагышы мүмкүн. Түшүнбөгөндөрү сени душман көрүп алышат. Ушул мүнөзүмдөн уламбы, айтор, улуу-кичүүнүн баары «Дагы эмне балээни айтып жиберет экен?» деп менден сестенип, коркуп турушат. Жиниме катуу тийсе какыс-кукус деле кылып коюудан кайра тартпайм.
Топто жүргөн бир кызым акыркы күндөрү ээн баштык кылып, мени укпай калган эле. Мага билдирбей үй-бүлөлүү киши менен достошуп алыптыр. Кечинде чыгып кетет да, таң атпай мас болуп келет. Айтор, айламды алты кетирген. Кой-айга болбойт, «Менин жашым бир топко келип калган, каалаганымды кылам» деп. Тою болгонго чейин ошентип жүрдү. Акыры аны күйөөгө берип кутулбадымбы. Бирок жаш кезде башкаруу оңой экен, жашы өткөндөн кийин тилиң деле өтпөй калат турбайбы. Мас болуп келгенде жаакка эки чаап, жулкуп-жулкуп отургузуп койчумун. Аны тыям деп жүрүп өзүмө душман арттырып алдым. Көрсө, сууну сиңген жерге куюш керек экен. А мен болсо асфальтка эле куя берипмин да.
Мурун көпчүлүк ырчылар «Эже, сиз айкөл, берешенсиз» деп көңүлүмдү алып, үйүмдө түнөп кетишчү. Алардын катарында Доорон, Мыктыбек, Расул да бар. Алар үйүмдө 1-2 жума жүрүп, мага «Гүлшайыр ака» деп ат коюп кетишкен. Чынында, рэкеттер, «чёрныйлар» менен деле тил табышып, кээ бир күч органдары чече албаган маселени чечип коё алам. Бул ысымга эркек мүнөзүмдөн улам ээ болсом керек деп ойлойм (күлүп).

Назира Жетигенова, куудул:
«КЫЗДАРЫМДЫ ТОГОЛОТО ТЕПЧҮМҮН»
– Түйүлдүк кезимден эле ата-энем эркек болот деп күтүшкөн экен. Кичинемден атамдын кызы болуп чоңойдум. Эсимде, атам мени аяш аталарымдын балдары менен күрөшкө салып, «Кызым, мени уят кылбай, намысыма жарап кой» деп кулагыма шыбырап кетип калчу. Атамды уят кылбайын деп жүрүп мушташка жакшы эле быштым көрүнөт.
Турмушка чыкканымда назик эле болчумун. Шартка жараша өзгөрөт экенсиң. Күйөөм 5-6 жолу кол көтөргөндө тилим чыкты. Кыздарымды да катуу тарбияладым. Жиниме тийишсе тоголото тепчүмүн. Акырында алар «Апа, башка кыздардын энелери антип урбайт экен, бизди деле урбай эле коюңузчу» деп суранып калышкан.
Мүнөз деген өзгөрбөйт тура, апам айткандай, баланы мүнөзү, кыялы менен төрөбөйт экенсиң. Бир чети өжөрлүк мүнөзүм өзүмө жагат, эч кимге жемиңди жедирбейсиң. Жакында эле «Баланча сенин үй-бүлөң тууралуу жаман сөздөрдү таратып жүрөт» дегенди угуп калдым. Жиним менен ал байкени «Көргөн жерден «бачагыңды» чыгарам» деп сөгүп салыпмын. Көрсө, ал эч нерсе айтпаптыр. Кечирим сурасам, кечирбей койду. Азыр мени көргөн жерден байкамаксанга салып басып кетет.

Айнура Турганбаева (Сакиш), куудул:
«ТАМДЫ УРУП АЛЫП КОЛУМ СЫНГАН»
– Мектепте окуп жүргөндө кыздардын «разборкасына» далай жолу катышкам. Дос кыздарыма болушуп эркек балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Бир жолу жиним менен бирөөсүн муштадым эле, ал буйтап кеттиби, айтор, тамды уруп алгам. Жыйынтыгында колум сынып, көпкө гипсте жүргөм.
Негизи, көк беттик, өжөрлүк менде бала кезден эле бар болчу, чоңойгондо ого бетер өркүндөп кетти да. «Бетке айткандын заары жок» дейт, бетине тике карап туруп айткандан эч качан заарканбайм, бул парзым. Чындыкты сүйгөн адамдар бетке айткандарды жакшы көрүшөт. Эгер түшүнбөсө «атаң көрү, түшүнбөгөн немеге бекер эле сүйлөпмүн» деп калам. Менде деле бирөөгө катуу айтып алып өкүнгөн учурлар, мага катуу айтып көңүлүмдү ооруткандар болгон. Бирок бетке айтат десе эле көрүнгөн нерсени шалпактап ирети жок айта бергендерге каршымын. Айтчу нерсени айтыш керек.

Гүлжайна Атаканова, куудул:
«МУШТАШЫП ЖҮРҮП КҮЙӨӨ ТАПКАМ»
– Тымпыйып ичинен бышып, сыр билдирбей жүргөн кыздарды көрсөм эле жиним келе берет. Өзүнчө наздана бербей шарт-шарт айтып сал, атып салса да. Менин ушул мүнөзүм көп эркектерге жагат. Кулк-мүнөзүмдүн арты менен күйөөлүү болгом. Чын, кыздар менен мушташып жүрүп азыркы күйөөмдү тапкам. Бир жолу кафеде отурсам бир кыз тийишет. Кой десем да болбойт. Анан жанына бардым да, "бастырдым". «Жүр эшикке» деп сүйрөп жөнөгөнүмдө бир жигит арачалады эле, аны тоголото түртүп салдым. Эшикке алып чыгып, ал кызды «тазалап» келгем. Экөөбүздү ажыраткан жигит азыр менин жолдошум, ха-ха...
Кичинемден эле мушташка жакынмын. Агамдын достору инилерин көчөгө алып чыгып бири-бири менен уруштурушчу. Иниси жок болгондуктан, агам мени алып чыкчу. Тигилер менен мушташып эле чаңга оонап жатып калчумун, эркектен бетер.
ОшМУда 3-курста окуп жүргөндө бир кыз мени досторума ушактап коюптур. Ал кызды 3-кабаттан түшүп келаткан жеринен аңтара койгонумда, тоголонуп 1-кабатка түшүп калган. Анын боюнда бар экен, анысы түшүп калып, окуудан айдалгам.

Кенже Дүйшеева, ырчы:
«ТИЛИМ МЕНЕН ЭЛЕ ЖЕТЧҮ ЖЕРИНЕ ЖЕТКИРЕМ»
– Бетке таамай айткан мүнөз мага атамдан калган. Чындык ачуу болот. Бирок аны баары эле көтөрө алышпайт. Туурасын айтам деп жаман көрүнөсүң, өзүң да сөзгө каласың. Жаман көрсө көрө берсин, бирок мен чындыкты айтуудан жазбайм. Айтып албасам сыгылып кетем.
Бизде, кыргыздарда, аял киши ашыкча сүйлөбөгөн, назик, сылык жан болуш керек деп эсептешет. Мына Курманжан датка деле күйөөсү көз жумгандан кийин кандай күчтүү бийлик жүргүзгөнүн баарыбыз билебиз. Эгер башкаруу жөндөмү, акыл-эси тунук болсо, аялдар деле эркектерге таандык сапаттарга ээ болсо эмнеге болбосун? Мисалы, жездеңер, кайын журтум мени дал ушул сапатым үчүн жактырышат, баалашат. Мен айрымдарга окшоп муштум менен чечпейм, тил менен эле жетчү жерине жеткирип коём. Бизде дагы бир сапат бар, жакшы адамды оңой эле баткакка салып булгап коюшат, артынан сүйлөп, жамандап жатып калышат. Сөз бар го «Өзү жасай албайт, жасаганды көрө албайт» деген. Ошон үчүн өз убагында жакшыны жакшы деп айткандан эч качан коркпошубуз керек. Кыйытып, майдалап, какшыктап айткандарга тарс-тарс эле бетке айтып жооп берем. Мындан айрымдардын көңүлү ооруйт, таарынышат. Эмне кылайын, канга сиңип калыптанып калган мүнөздү өзгөртө албайт экенсиң да.

Лунара Бекиева
star@super.kg


“Эркек мүнөздүү болгондуктан, аялча уруша албайм”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(100)
17.09.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эгерде менин аялым болгонунарда 3 тееп айдамакмын
17.09.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toba baarynyky ele 2 tuwkorsonda tuwuno kirbegen sozdorgo,Nazira eje m.n Kenje ejebizdin sozdoru 4yn,berki ekoonuku4u 4oon ele Gulwaiyr ejenin maktangany jarawpai kalyptyr...
17.09.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кенже эже мен сиздин айткан созунуздон сизди торт эсе сыйлап калдым...аябай жакшы инсансыз...гулщайырдын кепетеси сиз жок ушундай..
18.09.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salam baaryna Kenje iygilik uibuloluk bakyt
18.09.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira jetigenova ejebizdin talantyna tan berem! aiabai talanttuu aiym,any syilaim jana chygarmachylyk iygiliktedi kaalaim
18.09.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенжэ...эжэнин Казахстанга турмушка тийгенин уканда ушунча ичим ачышты...ушундай сулуу...ачык муноз эжебиз ботон элге кеткени...эмнеси болсода бактылуу болунуз...кайда журсонузда биз сиз менен..
18.09.2013. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maek boluptur! :)Akyrynda Nazira ayimdin orus ayalin urup salgany tuuralu aytip bergeni ayabay jakty da.
18.09.2013. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип элге кузгу боло турган адамдарыбыз ууру-кески,каракчылар мн кошо иштешешем дегени жалан кыздардан тузулгон топтун абийирин айрандай тогуптур дегендееей.Ушул создорду айтып жатканда Г.Садыбакасова эмнени ойлоп жатып айтты экен...Ар-бир кыздардагы кыпындай кемчилик чындыгында эле топту барксыз кылаары,Кыз-Бурактын,Гулшайыр айымдын озунун кадыр-баркынын томондошуно алып келеээри бышык.Бирок ата-сакалы оозуна буткон,эл адамынын черныйлар мн иштешем дегени ото эле одоно болуп угулат экен
18.09.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызбуракты Кызбурак кылган Кенже эле да.Азыркы топ эми аман эле болсун.Гулнара,Кенже,Айжамал,Айперилер топту жарчу эле да.Анан бул айымдын черныйлар мн иштешем,какыс-кукус кылам,ал кыз жаман,бул жаман деп айткан созу маданияттын мыкты кызматкери,эл артисти айта турган кеп эмес,топту жамандаганы озун жамандаганы да.Гулшайыр айым топтун кузгусу жана улгусу анан эжени коргон башкалар кантет.Сиз "темир аял"деген атка ээ болгон айымсыз,майдачылык,пастык,артынан суйлоп жамандоо сизге жарашпайт экен ))
SUPER.KG видео
18.09.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира эже азамат!!!!!!!!!!калгандары мактанат ко жаман озун мактайт болуп
18.09.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча-мынча эркектерден кем калышпай көп иштерди өздөрү чечип келген айымдар тууралуу жазылыптыр. Гүлжайнанын кылыгы жаккан жок. ушундай темир айымдар болгону учун айрым уй-булолор кармалып турат да.
18.09.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңарга эскертүү!
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата жазылган далили жок билдирүүлөр өчүрүлдү. Дагы кайталанса сайттан четтетүүгө аргасыз болобуз!
18.09.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эжени
биир уктум эле Озбекке турмушка чыгып кеткен деп
тооба "Эл оозунда элек жок " дегени ушул да
18.09.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары эле болгонун болгондой эле айтышыптыр, мен мунозумду кенже эженин мунозуно окшоштура берем
18.09.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тиги Назиранын кыздарына боорум ооруду, тоголото тепчумун деп мактанып коет да. Куйоо балдары апан деле тепчу турбайбы дешсе эмне болот. Ушундай энелерден сактай кор.
18.09.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжайна айымдай аялзатынан кудай сактасын деги куйоонузду сабап салбай элесизби ошо мага абдан кызык.
19.09.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
SuLuWkA, дааа мээси иштебегендин колу бутуна куч келет, байкуш кыздын боюна тушуп калышына себепкер болуптурда, жиндиго жамандасада соз менен эле чечишпейби.....
19.09.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да копчулук жерде маселени шарт чечип, жакканды жакты, жакпаса болбойт деп бетке айтып салмай адатымдын айынан жаман корунуп келем. Кимдир бироонун туура эмес кылыгын же башканы айтып женилдебесем, жаным жай албайт. Бирок мушташуу, баланы сабап тарбиялоо деген сапаттарым жок. Алар да болгон мунозун айтыптыр да эми, ар адамда ар кыял, ал кыялды ким тыяр деп бекер айтышпаган да.
20.09.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен гулшайырды москвага келгенде коргом суротко тушолу десек "ии кыргыздар аябай коп екенсинер"деп тушпой койгон. Озу ошол кыр.дарга келгенда орустар кирмек беле.
20.09.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кенже эжени сыйла. Ишинизге ийгилик. Гулшайыр карып калсада черныйлар деп журот уят.
20.09.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
динозаврлар
20.09.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыр заман келди деген ушул болсо керек, аялдар мушташканына мактанып... кудай сакта.
20.09.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже еже ишинизге ийгилик!!!
21.09.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эле болсун маданияттын окулдору.уят.
22.09.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayalzatynyn nazik bolgonu ele tuura go
22.09.2013. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эжеге респект. Калгандары аман эле болушсун :))
22.09.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор,Гулжайна наристени олтургон турбайсынбы,дагы уялбай мактанып койосун.
22.09.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljaina Tostuluk Nurila apan seni jakshy korot ha ha ha
23.09.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже азаматсыз сизде чыныгы адамдык сапатыныз баар..Карасаныз канчалаган адамдар сизди жакшы корот сизге жакшы создорду жазып жатат .Сиз эн эн эн суперсиз!!!Биз сизди суйобуз !!!
02.03.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжайна Атаканованын мунозу жагат да мага. жакшы да анча мынча эркектерге караганда. эзилген кыздар жага бербейт мага.
13.01.2015. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эжеге намёк бериптир го апчем,Кенже эже андай эмес болушу керек. Мен Сайкалды өз козум менен коргом кандай экенин. ... кечирип кой....экен
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо