Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АРСТАНБЕК АБДЫЛДАЕВ, коомдук ишмер: «ҮЧ ЖЫЛДА АДАМЗАТ ӨЗГӨРӨТ»

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Капилеттен айткан сөздөрү менен таанымал коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев менен болгон маек узакка созулду. Ал бирде акырын, бирде катуу, образдуу түрдө сүйлөп жатты. Каарманыбыздын басып өткөн жолу, жашоосу сиздин назарыңызда.

АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШАНАЛИЕВИЧ
1968-жылы 28-апрелде Ат-Башынын Дыйкан айылында туулган.
2002-жылы КУУнун финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.
«Аурдин» ЖЧКсынын башкы директору,
«Эл үчүн» саясий партиясынын төрагасы.

– Эл сизди алгач карапайым калкка жардам берген адам катары тааныды эле. Кийин саясатка аралаштыңыз. Эмне таасир этти?
– Саясатка келгенимде мени жөлөп-таяган «министр байке», «тааныш депутат» деген болгон эмес. Эмнеге жетишкен болсом, өзүмдүн тырышчаактыгым, аракетимдин арты менен гана жетиштим. Турмуштун айынан темир, жүн, тери чогултуп Кытайга өткөрүп иштедим. Ошентип бутума турдум, элге жардам бергим келди. Эмгек менен тапканды эл үчүн жумшайын, журт үчүн эмгек кылайын деп партия түптөдүм.
Саясатка аралашпай деле көп жумуш бүтүрдүм, бирок бийликте болсоң мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот эмеспи. Акаев, Бакиев жерди, кен байлыкты сатып, элди бир топ кыйнады. «Жөн гана өнүктүрсө боло турган өлкөнү артка тартып жатышат» деп, президенттикке талапкерлигимди койгонго туура келди.
– Демилгелүү программаларыңыз бар болчу. Ошол иштериңиз азыр да уланып жатабы? Мисалы, ипотекага үй берүү, жаш мугалимдерди колдоо программалары.
– Ооба, ал долбоорлор азыр деле уланууда. Үстөгү жок 3-5 жылга үй берип, алардын кубанычын көрүп өзүмө кубат алам. Мындан эки жыл мурда кредиттен, анын тууму менен пайызынан кыйналган жарандар арызданып келишти. Аларды чогултуп, биринчи жолу 2011-жылы 1-апрелде Ак үйдүн астында митинг өткөрдүк. Ал демилге айрым депутаттар аркылуу уланып, азыр насыянын үстөк пайызы азайып, үйүн тартып албай калды.
– Ажо болом деп жүрүп кандайча элге түшүнүксүз жакка ооп кеттиңиз?
– Азыр кыргыздар эле эмес, дүйнө эли кайда барарын билбей карайлап, жолун таппай турган учур. Цивилизациянын өнүккөнүнө карабай экономиканы бирдей калыпта кармап туруунун өзү канчалык кыйын болуп жатат?.. Жаратылыш өз кызматын абалкыдай эле аткарып жатат, ал эми адамзат мурдагыдай эмес. А менин милдетим адамды өзүнө өзүн таанытуу болуп жатат. Менин бул жоопкерчилигим саясаттан да, бийликтен да маанилүү. Мунун өзү чоң саясат. Мамлекетти эскиче башкарууга болбойт, доор алмашып, адамзатты бийлик, байлык, дин сактабай турган мезгил келди. Алгач адамзатты туура жолго багыттап, анан башка пландарды аткарайын дедим.
– Арстанбек Абдылдаев кандайча Арстан Алай болуп калды?
– Адам жаралганда бир кызмат үчүн жаралат экен. Мен да жашоодогу милдетимди аткаруу үчүн ушул жыйынтыкка келдим. Анын тарыхы мындай болгон. 1998-жылы Алайдагы Көр-Булак айылынан Зульфия деген энеге (менден кичүү, бирок касиетин баалап эне деп коём) Адам ата көрүнүп, ага «Келечектин мыйзамын» жаздырган. Андан бери бул илим боюнча 8 китеп жарык көрдү. Акаев менен Бакиевге да бул китептерди тартуулашкан. Алар көңүл да бурушкан жок. Мени ырчы Сонунбүбү Кадырова 2010-жылы Алайга, Зульфия энеге алып барды. Мага чейин ал Баяман Эркинбаевди, Урмат Барыктабасовду, Дастан Сарыгуловду алып барыптыр. Бирок алар бул илимди толук түшүнгөн эмес экен. «Илимди ачыкка алып чыгуучу касиеттүү адам» деп алар мени кабылдашты.
Ал эми Зульфия эне болсо космостон келген аянды алып калуучу «радио өткөргүч», ал келечектин мыйзамын жазган касиеттүү адам. Арстан Алай ошол көктөн түшкөн ысым, аны мен көтөрбөй, билбей жүргөн кезде кырсыктадым, кыйналдым.
– «Кыш болбойт», «Алтын доор башталат», «Путин – адамзаттын сактоочусу, ал татаал биоробот» деп айткандарыңызды ар ким ар кандай кабылдады. Айрым учурда журналисттер түшүнбөй же сиз туура түшүндүрө албай жаттыңыз. Татаал темаларды козгоп, аны жеткире албай жатасызбы?
– «Кыш болбойт» дегениме көбү күлдү. Бирок мен күлкү болдум, шылдыңга калдым деп ойлобойм. Бул сөз адамзаттын психологиясына «атака» болду. Бул өзү биздин илимдин коду болду десем жаңылбайм.
Табият жаралганда кыш болбоптур, адамдын мүнөзү бузулганда, материалдык дүйнөгө азгырыла баштаганда кыш пайда болгон. Кыргыз козголсо, кылым козголот, дүйнө козголот. А мен кыргыздын жан дүйнөсүндө кыш болбой турганын, демек, табияттын кышы болбой турганын айткам. Адам өзү биоробот, анын түзүлүшү суудан, таштан, оттон куралган. Ал эми Путинде адамзатты сактай турган татаал программа бар. Жакында «адамзат үч жылдын ичинде ойгонот, өнүгөт, өзгөрөт» деген аян түштү.
– Сиз бул аяндарды кайдан аласыз?
– Мен аян албайм, илим жазам. Адам ата көрүнүп жазылган илимде 21-кылымдын өзгөчөлүгүн, кыргыз элинин ордун ачыктан жеткирүүчү окумуштуумун. Табият, аалам, адам сырлары, жаңы доордо адам ойлоп чыккан закондор – баары адамзатка ажал, азап болорун айтам. Теңирдин мыйзамы канат болот.
– Бирок жашоо өз нугунда өтүп жатат. Бул аяндарды элге жеткирүүдө жаңылган жоксузбу?
– Мен өз вазийпамды аткарып жатам. Адамзат азыр түшүнбөсө, кийин түшүнөр. Бул илим – ааламдашуу мыйзамы. "Манас" эпосу кайыптан аян аркылуу кандай айтылса, бул да ошондой. "Кыргыздын ырыскысы кайыптан" деген бекеринен эмес.

«ТАЕЖЕМ БАГЫП АЛГАН»
– Балалыгым малчынын үй-бүлөсүндө өттү. Жайында жайлоодо болуп, күзүндө кыштоого көчүп, мал карап дегендей. Кол чырак менен түнү да койлорду карап жүрчүмүн. Ата-энем 4 жашымда мени таежеме беришкен. Өзүм 8 бир тууганмын, анан таежем уулуна шерик кылып мени багып алган.
Биз башкалардай болуп чүкө атып ойноп жүргөн эмес экенбиз. Колубузда жетиштүү болсо да, аны аяп, эл катары кийинген жокмун. Кээде «бирөөнүн колунда өстүм» деп кейичүмүн. Мектепте жакшы окудум. Бала кезде кинодогудай каарман болгум келчү.
Биздин мектеп 8 жылдык болгондуктан, башка айылга барып кесиптик-техникалык окуу жайдан окуумду уланттым. Бишкектеги университеттердин бирине кирдим. Жыл айланбай аскерге кеттим. Турмуш шартка байланыштуу окуумду уланткан жокмун. Анан Кытайга тери, темир алып барып, идиш-аяк алып келип саттым. Учурда эки дипломум бар, акыркысын сырттан окудум.

«ЭРТЕ ҮЙЛӨНДҮМ...»
– 9-класста окуп жүргөн кезде коңшу айылдагы бир кызды жактырып калдым. Аскерден келсем, ал кыз мектепти бүтүп калыптыр. Жактырышып, макулдашып, эрте эле үйлөндүк. Учурда 2 уул, 2 кызыбыз бар. Улуу кызым Аксана жакында турмушка чыкты. Кийинки кызым Пакиза менен уулум Аурдин студент, кичүүбүз Төрөбай быйыл 7-класска барды.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
16.09.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты алайга, даңкы далайга кеткен акебиз дагы кандай шумдукту айтып чыгат болду экен? "Зима не будет" фыразасынын автору дагы элдин башын айлатпаса экен.
16.09.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
uwul baike elge jardam Bergen jakwi baike korunot da anan ele uwintip ketkeni jaman da lu4we elge jardam berip ele jawtardin atasin alip juro berse bolmok ilim jazbai ele
16.09.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын чыкпаса жер ортто болот го? Байлык, бийлик кумары нелерди гана кылдырбайт да нелерди гана айттырбайт.
16.09.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын темирин убагында бул байкебиз да саткан экен да
16.09.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир жакшына иштеп аткан жеринен алайдагы зулфия эне бузган окшойт мен бул кишини газетадан жакшы элге жардам берип атат деп кооп окуудум эле
16.09.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bul kishinin aitkanyn tyshynboi jatasynar. (zima ne budet) degeni adamdyn konulundo kysh bolboit degenida
20.12.2013. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bektur12, эми ошондо не кереги бар погоданын логикага кандай тиешеси бар
17.09.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан коро Куранды изучать этсе боло.Менин эле акыл эсим жетпейби бул кишинин "илимине" же баарыныкыбы? Кыскасы, эмне жонундо суйлоп атканын вообще эле тушунбой койдум, эгерде силер тушунсонор балким тушундуруп берээрсиздер.Бир туруп ойлоп кетип атам шайтан даарыгандарданбы деп.(бубу, бакшы, сыйкырчы)
17.09.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вотото то вотото зима не будет,дагы кандай озгоруулорду айтат экен.
18.09.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хахххххххаааааа мен диндерди кызыгып окуп журом,м:дуйно жузундогу эн чон диндерди Христианство, Буддизм, Исламды.Анан ошол диндердин биринде да бир мезгилде эки адамга(пророкко)аян тушкон деген маалыматты окуган эмесмин.Анан да бу Арстакене аяндын Зульфия аркылуу тушкону(ошондо экооно тен тушот экен тообо)кызык экен ары кулкулуу)))Эми бу жарыктык киши Зульфияны кудай кылып озун пайгамбар корсоткусу келгени апендичилик эле болуптур, уят, уят, уят.
18.09.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул киши суйлосо эле, тушунуксуз, баш аягы жок бирдемелерди эле дооруп аткандай сезиле берет.
18.09.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын чыкпаса жер ортто деп бекер айтылбаптыр
18.09.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реально айтылган коменттерге минус коюлган эмнеге? Или правда глаза колит.Прекратите минусы ставить дорогие сторонники этой чудилы.
19.09.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ассолом алекум кыргыз калкы алахка чексиз чексиз мактоолор болсун мен айтар елем Арстанбек байке бу бакшылар менен иштешетко деп билбейм ошолордун айытканындай еле суйлоп атат сиз менен биз еч качан еч кандай ечнерсени биле албай ооозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун деп койот кыогыздар сиздин байылыгыныз бийилигиниз бул дуйнодо сактап калат ертен еле кабырга барабыз алланын алдында сурак журот балким ошо жерден окунуп калбайлы келгиле андан коро 5 маал намаз окуйлу алахты естейли Асалому а
19.09.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озун Айтматовго салыштырып алыптыр. Бул айткандарын демек по болжолу урдуруат экен да э, ооба ошентет да "адамзат озгорот, адам ата корунду, путин адамзатты сактап калат, кыш болбойт" деп тантып атын чыкпаса жер ортто болду да. дагы уй-булом башында тушуно албай журду дептир. Алайдагы Зульфияны кайдагы бир ташка сыйынат деп жаман корот го. А бул укмуш бир олуя деп атап алыптыр.
19.09.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жинди болушуна аз калыптыр тооба
21.09.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди эле болуп калыптыр уже...
21.09.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо акыр замандын жакындашы го.Чон эле киши минтип тантырап,элдин башын оорутуп атса.
21.09.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшына уй-булосу бар экен жон эле журбойбу.Мурда элге жардам бергенин угуп сыйлачу элем,кийин телпендеп «зима не будет»деп айтып чыкканда резко уважением жоголду.Менин оюмча бул байкебиз сектанын же бакшынын курмандыгы болдубу дейм.
22.09.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулкулууго
22.09.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байке бул жолдон кайтыныз кеч боло электе
22.09.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул инсан мусурманбы озу?
24.09.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koroche zima budet ((((
28.09.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын супер гезит ушуга окшогондорду чыгарып аброюнарды томондотпогулочу.
20.12.2013. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 жылда адам озгоргонун сизден байкап атабыз дагы 3 жылдан кийин озгорсом туура тушунгуло дегениби ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо