Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАГДЫР ОЮНУ-3

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Врачтардын толгон токой кеңеши жана дарылары менен мени үйгө алып келишти. Атам карбаластап, апам бир сыйра ыйлап алды. Баары көзүмдү карап ого бетер жүдөтүп жиберишкенин айт.
– Данек, эмне ичесиң?
– Кызым, эмне каалайсың?
А менин азаптарым эми башталды. Аскаттын карааны көрүнгөн жерден кача турган болдум. Жүрөгүм оозума кептелет да, эмне кыларымды билбей, ар кайсы шылтоону айтып эптеп жанынан кеткенге шашам. Ал менин эмнеге качып жүргөнүмдү билбей өзүнчө бушайман. Акыры чыдамы кетти окшойт, бир күнү мени кармап алды. Бакта китеп окуп отурган элем, туруп качып кеткенге үлгүрбөй калдым.
– Данек, эмнеге менден качасың? Мага таарынып жүрөсүңбү?
– Эмнеге таарынат элем. Коё бер...
– Мени карачы...
– Жок, кыйнаба мени, Аскат...
Туруп кете турган болгонумда мени катуу кармап алды. Бир аз ойлонуп турду да, акырын сүйлөдү.
– Данек, мен баарын билем. Гүлназ эжей менен сүйлөштүм. Ал мага баарын айтып берди.
Алдымдан жер көчүп кетти. Эгерде Аскат мени кармап турбаганда билбейм эмне болмок. Башым айланып, кулагым чуулдай түштү. Башымды жерден ала албайм, көзүнө тике караш өлүм болуп турду. Ушу учурда он жолу өлүп-тирилгенге макул элем, тек гана Аскаттын көзүнө көзүм илинбесе болду. Кайдан, капкара көздөрү так чекеге атып өлтүрчүдөй тиктеп турат. Жооп күтүп, телмирип турат. Кайда качасың мунун көзүнөн...
– Ал айткан сөздөр калп. Жалган айтат!- дедим оюмдун баш-аягын жыя албай.
Ал мени бир топко тиктеп турду. Көжөлүп башымды көтөрбөй мен турам.
– Данек, кичинекейим менин! Минтип качкандан абал өзгөрүп кетпейт. Жашообуз кайра эле оорлошо берет. Мен сенден бир эле жашка улуу болсом да, сага караганда көптү билип калдым, анткени чоң жашоого эрте кирдим. Сен али эч нерсе билбейсиң.
Бул эмне деп жатат? Мен анын сөздөрүн аңдап түшүнө албадым. Кучагынан чыгышка далалат кылганым менен, анын темирдей булчуңдарынан чыгып кете албадым. Колумду оорута кармап туруптур.
– Колум, колум...- деп жибердим жаным ачый.
Ошондо гана Аскат колумду бошотту. Кармаган жери кызыл так болуп калган экен, экөөбүз тең ал тактан көзүбүздү албай, башыбызды көтөрө албай туруп калдык. Бул так эмне болуп калыптыр, биздин жүрөктөрүбүз канап жатты.
Ушунчалык жеңил болуп калганмынбы же Аскат ушунчалык күчтүүбү? Ал мени жерден көтөрө бооруна кысты да, бакчабыздын эч ким барбаган жерине көтөрүп жөнөдү. Скамейкага жеткенде гана куду кооз вазаны койгондой этият жерге койду.
– Аскат...
– Баары өтүп кетет, Данек. Бул сенин эркекке болгон биринчи кызыгууң, ал өтүп кетет. Албетте, менден башка адамды көрбөсөң же көчөгө чыкпасаң кимди жактырат элең. Бул тек балалык сүйүү. Сен мени түшүнүп жатасыңбы?
Көзүмдөн ысык жаштар шорголоп агып жатты. Мен анын сөздөрүнө ыйлабадым, болгону менин сезимимди туура түшүнө албаганына, өзүнүн бүгүн бар да, эртең жок тоок сүйүүлөрүнө окшотуп жатканына жаным ачып ыйлады. Аскат мындан башкача ой жүгүртө алат беле? Албетте, жок! Эмнени күттүм мен мындан?! Аскат кургур мага эмне түшүндүрүп жатканын деле билбейм, бирок жан далбастап бир нерселерди айтып жатты.
– Данек, сен мага баарынан кымбат жансың, сен өзүң да түшүнбөйсүң, мага канчалык кымбат экениңди. Сен назиксиң, жаралуусуң, өтө сезимтал жансың. А мен! Мен сени кыйнап, сындырып аламбы деп корком. Эгерде мен сенин сезимиңе жооп берсем, экөөбүздүн ортобуздагы сыйкырдуу дүйнө жок болуп кетет. Экөөбүздү сүйүүдөн да ыйык башка нерсе кармап турат. Ал сезимди сен сүйүү деп ойлоп алдың. Жок, андай эмес. Эгерде сенин сезимиңе жооп берсем, мен үчүн кадимки баналдуу гана романга айланасың, а мен сени андайга кубулткум келбейт. Андан да жаманы, сенин ыйык сезимдериңди оройлугум менен булгап аламбы деп корком. Сени, менин ыйык адамымды кадимки кыздарга айландырып алуу мен үчүн коркунучтуураак. Өмүр бою менин назик Данегим болуп калууңду каалайм... Түшүндүңбү?
Мен башымды чайкадым. Чындыгында мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бир билгеним, экөөбүз кадимки адамдардай сүйүүгө жол бере албайт элек.
– Мен сени... Аскат, мен сени...
Тамагыма тыгылып калган сөздү айта албадым. Колдорум өзүнөн-өзү созулуп мойнуна асылды. Жаңы мурут чыгып келе жаткан экен, ошону ушул учурда биринчи жолу байкадым. Менин көз карашымдан, менин сүйүүмдөн ал коркуп кетти. Көзүндө түшүнүксүз коркунуч пайда болду, бирок мени кучагынан чыгарбады. Ушундай калыбыбызда көпкө отурдук. Анан маңдайыман сылап, бир нерсе айтайын деп баратканында ордумдан атып турдум. Куду жапайы жырткыч уясына кол салган чымчыктай учуп турдум да, оозун колум менен жаба бердим.
– Болду, унчукпа!
– Данек, сен дале мени түшүнгөн жоксуң.
– Коркоксуң сен!
– Эмне-е?!
– Коркок, муштумуңдун аркасына жашынганың менен, сен дилиңде баарынан коркоксуң. Сен иллюзияга гана жашынасың. Өзүңдү кыздардын арасында кыйын сезгениң менен, канча кыз сенин аркаңдан чуркаганы менен, сен алардын эч бирин сүйө албайсың. Анткени сен коркоксуң, кимдир бирөөнү сүйүп калуудан коркосуң. Болуптур, мындай сөз ортобузда болгон жок деп эсептей бер. Экинчи жаныма жакын келбе, жолобо!
Бечара Аскат назик Данегинен мындай нерсе күтпөсө керек, шалдайган боюнча катты да калды. Тез басып үйгө кирип, түз эле бөлмөмө бет алдым, алым куруп калганча ыйладым. Буга чейин эстеп көрсөм, жашоом тек Аскаттын жашоосуна айланып, өзүмдүкү анын көлөкөсүнө айланып кеткен экен. Ар дайым биринчи ал тууралуу ойлонуп, анан кийин гана өзүм тууралуу ойлончу экем. Эми өз жашоомдун барагын ачканым оң. Канчалык колумдан келет билбейм, бирок аракет кылышым керек. Ыйлап жатып мен ушул чечимге келдим.
Ошол жылы менин классыма Талгат аттуу бала келген. Талгат экөөбүздө бир окшоштук бар эле. Ал дагы мага окшоп элден обочолонгон, өз дүйнөсүнөн чыкпаган ойлуу жигит болчу. Качан көрсөң суз, класстагылар менен дээрлик сүйлөшчү эмес. Китептеримди салыштырып жатсам, ал мага кайрылып калды. Сураган нерсесин алып бергеним менен дагы деле суроолуу тиктеп турат. Кызык, анын суроолуу тиктеши көбөйдү. Экөөбүз билинбей жакындашып бара жаттык. Кээде ал мени үйгө чейин узатып келе турган болду. Бара-бара мен ага сырларымды айтканга үйрөнө баштадым. Бирок кандай кылсам да ал мага жөн гана дос деген чектен өтө албай койдум. Анда Аскаттын шайырлыгы, каткырып кете берген тобокелчилиги, керек жерден өлүмдөн кайра тартпаган кашкөйлүгү, баарын кечире алган айкөлдүгү жок эле.
– Данек, эмнеге мынчалык сузсуң?- деди бир күнү кетип баратып.
– Билбейм, табият ушундай жасап коюптур,- дедим тамашага сала.
– Сулуусуң, акылдуусуң, байдын кызысың, бирок ошонун баары сага кереги жоктой.
– Билбейм, маани деле бербептирмин.
– Эгерде мен оорумдан айыгып кетсем, сага гана үйлөнмөкмүн,- деди ал башын жерге сала.
Жүрөгүм тыз этти...

(Уландысы кийинки санда)

Жолдошбек Кудайбергенов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(25)
16.09.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий байкушум дагы тагдыр сындырып оз каалананын кылып озуно баш ийдирди
16.09.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунун жан чыдагыз азабы бар дейт.Аны суйушкондор гана билсе керек.
16.09.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jurogum tyz etti...uwul chygarmany kino kulup tartywsa kandai bolot ele..
16.09.2013. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
меники да тыз этти...
16.09.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Айденек суйуусун Аскат билсе деле эч нерсе озгорулгон жок.
16.09.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.2.3 бөлүгүн тең окудум аябай жагатда
16.09.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун чыгарма экен, кызыгуумду токтото албай ооо баашынан баштап бугункусуно чейин окуп чыктым. Кино кылып тарса болчуудай экен эгер мумкунчулук болсо. Эх, тагдырдын сыноолору эч качан бутпойт даа..................
16.09.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума кобуроокто жазыныздарчы
16.09.2013. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээхх суйуу, суйуу эмнелерди гана кылдырбайт???
16.09.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даааа
16.09.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журок оорулуу болуп бутмой болдум...................сYйYYYYY........сYйYYYYY каяктагы бир жомок.............
16.09.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эмне деген жомоктор кутот экен Данекти.
16.09.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талгат оорукчан го
16.09.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чыгарманы окугандан баштап журок оорулуу болуп калдым,суйуп калдым десем жанылышпайм кадимкидей жакын адамымды куткондой кутом,авторуна ыраазычылык билдирем
16.09.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
автордон суранат элем аягын жакшы бутурсо экен бактылуу кылып
16.09.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу андай мындай дей беришет, кудай мага проблемасыз эле карматып койду меъ! деп :) шугур.
17.09.2013. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оой барган сайын кызып баратат эми эмне болот экен ээ
17.09.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
керемет создор менен жазылган))
18.09.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai iy dagy 1 juma
18.09.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жума качан оттот коп коптон жазгылачы
18.09.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунусу эми касал болсо эле..
19.09.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehh baikuw danekke ele kyiyn boldugo
19.09.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwyy, serial negizi jakwy.
20.09.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул сериалды кайра-кайра окуй берип журок оору болуп бутмой болдумгоо....
жазганга жараша кооп-коптон
анан дагы тез-тезден кунуго жазышса жакшы болмок....
22.09.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ukmuw
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо