Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАШ ЖУБАЙЛАРДАН ЖАШОО АЯГАН КАРГАШАЛУУ АВТОКЫРСЫК

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

2012-жылдын 30-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында автокырсыктан 4 адам каза болгон. Алардын арасында турмуш жолуна аттанганына 27 күн болгон жаш жубайлар да бар. Балдарынын тагдырына сыздаган энелер кырсыктын күнөөкөрү ушул күнгө чейин табылбай келгендигин айтып нааразы.

«ЧОГУУ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСОБУЗ ДЕП ОТУРСАМ, БАЛДАРЫМДЫН СӨӨГҮ КЕЛДИ»

Гүлнар Азимова, кырсыкта каза болгон Эдил Култаевдин апасы:

– Эки уул, эки кызыбыз бар эле. Эдилбек уулдарымдын кичүүсү, 1987-жылы туулган. Эдилбек менен келиним Турсунай сүйлөшүп жүрүшүп 2012-жылдын 3-декабрында баш кошушкан. Классташымдын кызын жактырып калган экен, баарыбыз кубанып, тою да жакшы өткөн. Экөө бири-бирине бардык жагынан төп келишкен жаштар эле, аларды карап суктанчумун.
28-декабрда төркүлөтүп кайын журтуна барганбыз, кудагый «Тойго ээрчитип алайын» дегенинен калтырып кеткенбиз. 30-декабрь күнү тойдон келатышып кырсыкка туш болушуптур. Мен барпаңдап сүйүнүп курут эзип, тоок союп, балдарым келсе чогуу жаңы жыл тособуз деп камданып отургам. Бир убакта «Кырсыкка учураптыр» деген суук кабар келди. «Жаракат алса мейли, балдарымдын башы аман болсун» деп чыркырап, кырсык болгон жерге барсак, баламды Кара-Суу райондук оорукананын өлүкканасына алып кетишиптир. Күйүп-күйүп чок болуп кеттим.
Ошентип, чырактай балдарымдын сөөгү келди үйүмө. Кыямат кайым болгондой туюлду. Уулум менен келиним чогуу 27 күн жашашты, бир жолу да бири-бирине кыр көрсөткөнүн байкабадым. Балдар менен убара болуп, өзүбүздү жоготуп жүрсөк, сүзгөн унаанын ээси качып кетиптир. Мына эми бизди сыздатып коюп ушул күнгө чейин дайыны жок.

«ШОПУРДУ КИЧИНЕКЕЙ ӨЛКӨДӨН КАНТИП ТАБЫШПАСЫН?!»

Ширин Эргешова, Турсунай Кенжекозуеванын апасы:

– Ашыкча сүйүнүп коюптурбуз. Гүлнар экөөбүз классташ элек, анан кызыбыз менен уулубуз табышып калышканына да абдан кубанганбыз.
Турсунай менин улуу кызым, быйыл 25 жашка чыкмак. Жогорку окуу жайын аяктап, турмуштан өз жолун таап, эми гана бактылуу өмүр сүрө баштаганда каргашалуу окуя болуп отурат. Ата-энеге баладан айрылуудан өткөн азап барбы? Эстеген сайын жашыбыз тыйылбайт. Күйөө баламды Орусияда жумушуна чакырып калгандыктан, кызым «10-январда Орусияга кетебиз, 28-декабрга белгилегиле» дегенинен төркүлөтүп коёлу деп чакырганбыз. Тууганыбыздын кызы турмушка чыгып, тою болмок. Ал кызымдын курбусу болчу. Турсунай «Мен да барып келем» дегенинен көңүлүн калтырбай чогуу барганбыз. Көңүлүнө карабай кетирип жиберсем эмне болот эле деп өзүмдү жей берем. Мындай болуп кетерин ким билиптир?!
Тойдон кайтып келатканбыз. Күйөө балам, кызым, каза болгон дагы эки адам арткы орундукта эле. Жаңы-Арыкка келгенде артыбыздан жүк ташыган чоң унаа сүзүп кетти. Кызым ошол жерден эле каза болду, Эдилдин жаны бар болчу, ооруканага барганда үзүлүптүр. Менин 3 кабыргам сынып, башым эки жеринен жарылыптыр. Бирок аны сезбедим, балдарымдын артынан чуркап жүрөм. Качан гана өзүмдү жоготкондо ооруканага алып келишиптир.
Суналып экөө эки жакта жатканын көргөндөгү азабымды айтып бере албайм. Бул ишти Кара-Суу РИИБи карады. Күнөөлүү айдоочуну таппай жатабыз дешүүдө. Унаасын таштап, өзү качып кетиптир. Анын ким экендиги, жердиги аныкталгандан кийин кантип кичинекей Кыргызстандан ушул күнгө чейин таба алышпайт?! Ал жерде төрт адам каза болуп жатат. Канча адам сыздап жатканын, канчабыз кан жутуп отурганыбызды түшүнүшсө. Таба алышпаса бизге эле айтпайт беле, өзүбүз ошондо эле таап алмакпыз. Айлабыз кеткенде борборго чейин кат жаздык, баарынан эле «Иш каралып жатат» деген жооп келет, бирок эч кандай жыйынтык жок. Эгерде тиешелүү тармак чындап иш алып барганда кылмышкер эбак эле табылып, өз жазасын алмак.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛА ЭЛЕК»

Маңдайымда жашын тыя албай балдарынан айрылган тагдырын айтып отурган энелер чындык, акыйкаттык издеп жатышты. Бул боюнча иш алып барып жаткан Кара-Суу РИИБине кайрылып, тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Асан Шерматовдон мындай жооп алдык.

– 2012-жылдын 31-декабрына караган түнү болжол менен 01:30дар чамасында Усеналиев Чолпонбек Жоробекович ишеним кат менен айдап жүргөн Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында башкарып баратып, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобусту сүзүп алган. Мерседес унаасынын арты былчыйып, ал эми сүзгөн унаа жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон. Кылмышка шектүү айдоочу Чолпонбек Усеналиев окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
Унаада бараткан жүргүнчүлөрдүн ичинен төртөө каза болушкан. Чолпонбек Усеналиевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) жана 121-беренесинин 2-бөлүмүнүн (коркунуч абалда калтырып, ал оор кесепеттерге алып келсе) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрдү.
2013-жылдын 2-январында шектүү Ч.Усеналиевге коюлган беренелердин негизинде айыбы сырттан угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары Кара-Суу райондук соту тарабынан камакка алуу түрү тандалган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну. Ал азырынча кармала элек, бирок издөө-кармоо иштери улантылып жатат.

Балдарынын өлүмүнө айыптуу жаранды таап, тийиштүү жазасын алдырмайынча тынбай турганын айткан энелердин аракетинен жыйынтык чыгарына ишенебиз. Окуядан кабар алып, жыйынтыгы туурасында да маалымат берүүгө аракет кылабыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(49)
16.09.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш жубайлардын жаткан жери жайлуу болсун. Айдоочуну кантип таппайт ишениш кыйын, бул жерде бир нерсе бар, жашы иштеген адам болсо оной эле табылат.
16.09.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздын апасы журок толгон азапта экен. Мен айтаарым бул жерде сиздин куноонуз жок болгону тагдырларына жазылган сабыр кылыныз!
16.09.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жеринер жайлуу болсун!
17.09.2013. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун!!!
17.09.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышка шектуу адамды кантип машинасы жок качырып жиберишти,ошончо адам каза болуп жатышса,катуу козомолго алышса качалмак эмес.
17.09.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биздин ментер акча берсе башка жагында берет
17.09.2013. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жерлери жайлуу болсун...бирок кантип эле дагыда табалек Кыргызстандан качып кеттиби же акчага алдандыңарбы? Табышка аракет кылабыз дегениңерге караганда чөнтөгүңөрдү толдуруп алып аны качырып ийгенсиңерго е.
17.09.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pewenege jazylgany ekenda,jatkan jerleri jailuu bolsun...enelerine sabyr bersin.
17.09.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Суу РИИБине кайрылып кетеер элем, сиздер ушул жаш жубайлардын ата энеси болуп калсаныздар эмне кылаар елениздер? эки жаштын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун оомин..
17.09.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрат кылыныздар!Эки жаштын жаткан жери жайлуу болсун.Бири-бирине жарашкан тугойлордон экен,аркы дуйнодо да бир болсун.Кырсык айттырбай келет, кыздын апасы озунузду эч качан куноолуу сезбениз.
17.09.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны-Арык десе журогум зырт дей тушту менин оскон айылым.Жандары жаннаттан болсун.
Кантип качып журот деймда кылмышкер.Журогу кантип чыдап атат экен.
17.09.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Surottogu Mashinanin eesi kim boldu eken ???
17.09.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kantip ele tabywa albasayn iwenbeim 4yndyk jok da
17.09.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качып кетти да Россия тарапка мамлекет издегенди билбейт мындай ишти
17.09.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh jaman boluptur jatkan jerleri jailuu bolsun!Suzgon adam kantip jurdu boldu eken jer ustundo!andan koro kunoosun moinuna alsa bolmok ka4pastan!
17.09.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон унаанын айдоочу өзү милицияга барды деп айтышты эле,эми качып кетти кылыптыр да,кимисине ишенеримди билбей калдым.Жайы жаннатан болушсун!Экөөнү бир жайга койду дешкер.
18.09.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin avamyn kyzynyn jakyn dosu ele. dosun estegen sayin dayim kozuno jaw alat. aibai jakwy kyz ele dep eskerip turat. okunuchtuusu kunooluu adamdyn tabylbaganynda. jaw jubailardyn jatkan jeri jailuu bolsun.
18.09.2013. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качада торт адамдын каны уктатпай калдыго.
18.09.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип ушул кунго чейин табышбайт акча берип ощдорун жаап салдыда
18.09.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мындай окуяны укам мындан 20 жыл мурда бир камаз минген шофер 17 жаштагы баланы койуп кетип ал каза болуп калат .Бирок бала жетим болуп сураган кишиси жок ГАИ лерге акча менен ишти басып койушкан. Бирок ошол камазистин баласы 25 жаштагы машинанын астында калып каза болуп калды ошондуктан бумеранг деген бар озуно кайтып барат кудайды карап иш кылбаптыр шофер качбай.Жаштардын жаткан жери жайлуу болсун сабыр кылыныздыр энелер.
18.09.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери беиштен болсун
18.09.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде куноолуу Кыргызстандале. Эч кандай сыртка чыгып кеткен жок эгер розыскага берсе чет мамлекеттердин органдары аны 1 саатта кармап берет. Себеби алар Кыргызстан эмес аларда мыйзам бар, иштейт. Кылмышкерди биздин орган оздору акчасын алып жашырып журушот изи кичине сууп калганда басты басты кылабыз деп. Бирок эки жашка ичим ачышып жатат. Биринин моокумуна бири кана элек убактарында Рамео Жулиетта болушуп. Жаткан жерлери жайлуу болсун.Анан кылмышкер да ушундай азап тартсын.
19.09.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар го 27 кун жашашыптыр.менин синдим бир кун да жашаган жок.Тойдон чыгып машинада баратып авария болуп жан берди.
19.09.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koopsuzduk kyzmattan kachsada, Alahtyn jazasynan kutulbaitgo?. Toobo kyldym kudai berbesin. Bul duinodo echnerse joopsuz kalbaitgo.Eki jawtyn jaiy janattan bolsun. Uiundogulorgo sabyr bersin. Bul duinodo balaga Ata Eneden bawka echkim kuiboit.
21.09.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур байкуштар.Менимче от деле алыска кетпесе керек билесинерго бизде акчан болсо жашайбересин.
21.09.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажал экенда.Тюменьде 16-Август куну кыргызстанга бараткан хонда одиссей автокырсыкка учурап 4 адам олду.Жаш кыз ата энеси менен бараткан экен эми ата энеси жок.92жылкы бала анан дагы бир киши.Шофер сизодо жатат 2бала реанимацияда.
21.09.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdu1987, авария 10сентябрьда тунку саат2де болгон.машинеде биздин аяш инибиздин аялы ата энеси менен жана башкалар болчу,ата-энеси ошол жерден каза болушту,аяш келинбала больницада азыр кичине жакшы,бирок басканга пока болбойт.
21.09.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdu1987, реанимацияда бироо аял киши советтик:(
22.09.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттогу жер Калпак го, Советтиктер окшойт?
07.02.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир тууган кайним болчу а келинимди коро элек элем биз жолдошум экообуз сахалинде болчубуз биз тарткан кайгыны эч ким тартпасын экоонун жайы жаннаттан болуп карангы кумбозу жарык болсун (бул сайыт кичинекей кайнимки мен женесимин)
07.02.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инимдин артынан энем ыйлады
Ээзилип журогун алам тырмады
артынан жоктоп издеп канчалар
кабырда ойгонбос бала уктады
Биз сени сагындак сагынды атам
коздорундо жаш менен журот бу апам
бактылуу кундорун эми арманбы
не дейин нурга толсун айланан
бала деп чакырсам ким карайт кулуп
барында уйубуз турчу эле толуп
сагындык келсенчи периште болуп
арга жок журобуз коз жашка толуп
апамдын коз жашы дайрадай ташты
сагынчы тоолор
07.02.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дон тоолорго ашты
Сенин элесин бир бизден качты
сагындык жан укам коздо жаш менен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо