Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЙ-БҮЛӨНҮН 4 МҮЧӨСҮН ӨЛТҮРҮШКӨН

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Өткөн жумада Баткен районунун Кара-Булак айылында уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш катталды. Жеке ишкер Тажибай Эралиевдин үйүнө кирген кылмышкерлер үй-бүлө мүчөлөрүн бүт атып кетишкен. Үйдүн кожоюну оор абалда ооруканага жеткирилип, анын аялы, уул-келини жана 1 жаштагы небереси каза болгон.

«ПАЙДА ТАБУУ МАКСАТЫНДА КЫЛМЫШКА БАРЫШКАН»

Бул кылмыш тууралуу Баткен РИИБинин башчысы Арстанбек Усанов төмөнкүлөрдү билдирди:

– Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан 6-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар Баткен районунун Кара-Булак айылында жашаган Эралиевдин үй-бүлөсүн атып кетишкен. Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы Рахат Эралиева, 27 жаштагы уулу Каныбек Эралиев, 25 жаштагы келини Аида Байзакова, 1 жаштагы небереси Каныбек кызы Мадина тийген октордон ошол жерден эле жан беришкен. Ал эми Тажибай Эралиев оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (2 же андан ашык адамды өлтүрүү), 172-беренесинин 3-бөлүгү (автоунааны же башка автомототранспорт каражатын мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу) жана 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү делинип мурун ок атуучу курал алып жүргөнү үчүн соттолгон, 1991-жылы туулган Кара-Булак айылынын тургуну Абсамат уулу Шербото жана Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын жашоочусу, 1993-жылы туулган Нуржигит Нуралиев кармалып, күнөөлөрүн толук моюнга алышты.
Абсамат уулу Шерботонун үйүн тинтүү учурунда ок-дары менен гильзалар, 2 даана ТОЗ-8 мылтыгы, 28 калибрлүү кесилген мылтык, кастет, дубинкалар жана кара кездемеден жасалган бет кап табылды. Мындан сырткары чемодандан уурдалган акчанын бир бөлүгү – 154 миң сом акча каражаты жана каза болгон Каныбек Эралиевдин дүкөнүнөн уурдалган ноутбук, колонкалар табылган. Абсамат уулу Шербото кылмыштын мотивин өч алуу деп айтып жатат. Бирок алардын кылганы анык эле пайда табуу үчүн мыкаачылык менен кылмышка баргандыгын көрсөтүп турат.
Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Абсамат уулу Шербото Эралиевдерге тууган болот экен. Эралиевдердин акчасы бар экендигин билип, Абсамат уулу Шербото менен Нуржигит Нуралиев түн жамынып Эралиевдердин үйүнө терезеден киришкен. Үйгө кирип, алгач Тажибай Эралиев менен жубайы Рахат Эралиеваны атып, андан соң алардын балдары жаткан бөлмөгө кирип уулу менен келинин 1 жаштагы наристеси менен чогуу атып салышкан. Тирүү калган 3 жаштагы Каныбек кызы Раяна ата-энеси жаткан бөлмөдө манежде жаткан экен, аны байкабай калышкан окшойт, ал жабыр тарткан эмес.
Баарын аткан соң Баткен шаарынын борборунда жайгашкан Каныбек Эралиевге тиешелүү уюлдук телефондорду сатуучу дүкөндүн ачкычын алып, Тажибай Эралиевге тиешелүү Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны айдап шаарга келишкен. Келип, дүкөндү ачкыч менен ачып кирип, ичинде болгон уюлдук телефондорду (54 даана), баалуу буюмдарды жана сейфте болгон акчаны алып чыгып кетишкен. Ошол эле автоунаа менен кайра Кара-Булак айылына барып, Эралиевдердин үйүнө 1 чакырым жетпей унааны таштап кетишкен. Эртеси күнү Абсамат уулу Шербото эч нерсе болбогондой үйүндө калып, ал эми Нуржигит Нуралиев Ош шаарына качып барып, андан ары Бишкек шаарына кеткен. Ал Бишкек шаарынан кармалып, биздин кызматкерлер тарабынан алынып келинди. Учурда экөө тең Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«БООРУМ ДЕГЕН БАЛА БООРГО ТЕПТИ»

Акылбек Эралиев, Тажибай Эралиевдин улуу баласы:

– «Боорум, боорум десең боорго тебет» деген сөздүн маанисин апамды, инимди, келинимди, инимдин кызын жоготкондон кийин билип жатам. Биздин үй-бүлөнү аткандардын бири Шербото бир тууган таякемдин уулу. Апам агасынын баласына боору эзилип «Ботом» деп эркелетчү эле. Апам боорум деп бооруна басып жүргөн бала минтип бооруна тепти. Апамдын «Ботом, ай, Ботом» деп эркелеткен учурларын эстеген сайын күйбөгөн жерим күл болуп жатат. Үй-бүлөмдү мыкаачылык менен өлтүргөн адамдар менен 4 адамдын жанын ала тургандай мамиледе эмес болчубуз. Болбогон акча үчүн ушундай кылмышка барышыптыр.
Шербото апам менен жакын эле. Үйүбүздө кайсы буюмубуз кайсы жерде турарын жакшы билчү. Үйдөгүлөрдүн баарын атып, Баткен шаарындагы акча сакталуучу сейф бар дүкөндүн ачкычын алып чыгып кетишиптир. Ошончолук акча керек экен, сурабайбы, бермекпиз го. Акчаны тапса болот, апам менен бир туугандарымды кайдан табам?! Учурда Шербото «мен өч алдым» деп жатат. Биздин кайсы күнөөбүз үчүн өч алат? Мынчалык мыкаачылыкка баргыдай эмне кылыппыз? Ким кандай экенин эл билет, эл таразалайт. Ага эч кандай актануунун кереги жок. Адилеттүүлүккө ишенип үмүт кылып отурабыз. Баарын Жараткан көрүп турат. Кудайга тапшырдык, ал өз жазасын берсин. Ата-энем быйыл ажыга барабыз деп камданып жатышкан, тилектерине жетпей калышты.

Ооган согушуна катышып оор жаракат албаган Тажибай Эралиев минтип тынчтык мезгилде, тууганынын колунан жаракат алып, үй-бүлөсүнөн ажырап отурат. Ок жаагына тийип, кара куш мээсине барып такалып калган. Учурда ага Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалып, дарыланууда. Тез сакайып кетишине тилектешпиз.
Бул кылмыш боюнча соттун жыйынтыгы чыкканда дагы кайрылабыз.

ТАК УШУНДАЙ КЫЛМЫШ ТАЖИКСТАНДА ДА КАТТАЛГАН
Баткен районунун Паскы-Арык айылы менен чектеш Тажикстандын Исфара районунун Сурх айылында 19-августтан 20сына караган түнү кылмышкерлер аңчылык куралы менен бир үй-бүлөдөн 4 кишини атып кетишкен эле. Анда да өлтүрүлгөндөрдүн арасында наристелер болгон. Кылмыш чек арага 3 метрдей жакын турган жалгыз үйдө болгондуктан, кыргыз жарандарынын тиешеси болушу мүмкүн деген да сөздөр чыгып кеткен. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, Тажикстанга чектеш кыргыз айылдарына кошумча күчтөр тартылган. Кылмышка шектүү болушу мүмкүн делинип тажик милициясы тарабынан Баткендин Паскы-Арык айылынын 3 тургуну кармалып, суракка алынгандан кийин бошотулган. Андан көп өтпөй бул кылмышка шектелип тажик жараны колго түшүрүлгөн.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(57)
17.09.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш туруп ушунчалыка кантип колу барды айбандар алла жазасын беисин.
17.09.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЗАКОН КЕРЕК!!!Олум жазаасы качан болот? кырылып бутобуз го Наристеде дегеле олгондордун эмне куноосу бар эле байкуштар ай Жаткан жерлери жайлуу болсун!Олтургон мыкаачылар эки дуйнодо кор болсо экен!
17.09.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар,булар соо эмес. Супер инфо, Шерботонун атасы Абдисаматтан интервью албапсынар да, кандай очу бар экен эле.
17.09.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги баланын тусун коруп журогум тилинди, ыйлай берип тугогондур, байкуш.
17.09.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaman emne bolup bara jatat!jaw baldar bolbogon ak4a u4un, jakwynakai ui bulonu jok kylganyn akmaktar!
17.09.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум титиреп кетти олум,керек акмактарга
17.09.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум керек акмактарга.чын эле булар башынан жарака кеткен маньяктарго.азыр коп эле жаштар жанагы чоптон чегип алып билбей калат не кылып жатканын дагы.
18.09.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeee kudai ugup jon ele jurogum titireit
18.09.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз турдо олум жазасын киргизиш керек мындай эки буттуу айбандарга,наристеде эмне куноо.торт адамдын убалы эч качан уктатпайт го буларды.
18.09.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодон коргонун жасадыбы??
18.09.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапжаш туруп мынча канга аралашып, мыкаачы болуп калган? баланы башынан тарбиялаш керек дешет. ошого мумкунчулук болсо ар бирибизи наристелерге конул болуп, тарбия беришибиз шарт. бир уй-булону кырып эле коюптур, кичине наристелерде не куноо? кылмышкер оз жазасын алат деп ишенем!
18.09.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жап жаш эле балдар экен ушул нерсеге кантип колу барды
18.09.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасын кучуно киргизуу учун соттун же бир депупаттын уй булосун кыра атыш керек , мумкун ошондо кочукторун туро которуп жугуруп желпип мыйзам кабыл алышаар, курсагы ач мн токтун мине иши бар дегендей качан озулорунун башына тушмойунчо мындай нерселер тыйылбайт боло берет
18.09.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Ал эми кылмышкерлер омур бою кылган куноосу учун азап чегип отсун.
18.09.2013. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотко чейин бул акмактарды милициялар уруп олтуруп койсо болмок ылайым экоонун уй булосуда ошондой учурга туш болсун элестеткиле кичинекей баланы аттып жатат кыйналып гана олсо керек канга кан кылып элге салыш керек кыйналып олсун ылайым эки акмак.
18.09.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазаласын!Мыйзам чегинде да жооп бериши керек!
18.09.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toboo toboo
19.09.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атууга кетиш керек.
19.09.2013. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фотолорунан эле корунуп турат.ал экоо маймыл-мырктар экени.
атып салыш керек мындай жаныбарларды.
19.09.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай жаман адамдар жаныбызда эле журушот да,мумкун дукондо,мумкун кошунан,мумкун минтип тууганын б.п чыга келет...Кудай сактасын,жамандын кесепети жакшыга деген чын да.Мындай адамдарга эркиндикте 2метр да орун жок болуш к.к.
19.09.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah adamdarga yiman, insap bere kor. Kyrgyzdar ilgeri bilimsiz bolsoda, en jakwy sozdordu kaltyryp ketken. Boru balasy it bolboit. Bulwrda Adam bolboit. Mumkun bulardyn artynda uiuwulgan chon kylmywkerler turar. Aldyga jurson koz tiet, artta kalsan soz tiet. Ene sutu oozunan kete elek. Bulardy uwundaiynda kattuu chara koldonuw kerek. Turmodon chyksa kaitalanatgo okuia 100%
19.09.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иттер каргыш тийсин
20.09.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларгааа кандай жазаа болсодаа аз сволочи.. а у нас есть пожизненного заключения???
20.09.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rustam_joroev, кыргызча эле жазсан, билбеген сон.
20.09.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай, эмне болуп баратабыз адамзат! Улуу-кчууго ыйман бере кор! Буларга атып салган аздык кылат, кыйнаш керек, улам бир жерин кескилеп, жанын оорутуп... Уй-було башчысы да отуп кеткен тура, жандары жаннатта болсун маркумдардын. Кенедей балада эмне очу бар эле, ошону калтырып коюшпайт беле, акмактар! Атуу, олум аз буларга, ийне менен сайгылап, кескилеп,дагы, дагы... ушшшундай бир кыйнаса.
21.09.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okunu4tuu, bizde kvartirada jashagan ejenin tuugandary bolot eken, al baikush da ke4ke kaigyryp jurot. Birok bul dele bilbeit eken emne sebepten je emne o4u bar ekenin, ak4a u4un ele go deim
21.09.2013. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерлери жайлуу болсун,аткандардын жазасын АЛЛАХ озу берсин.
21.09.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылын.Озунуз айткандай Кудай коруп турат озу жазасын берсин!Ажыга барганга чын дилден ниет кылып даярданган болсо жараткан албетте баргандай кабыл кылат.
21.09.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды казанга салып кайнатыш керек
23.09.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kiyimderin chechip kolun tros menen bailap? BMW menen 10km suirop, bawtaryna kainak suudan kuiup, eki butun syndyryp, olo chankaganda anan atyp salysh kerek!
20.01.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озун сактай гор.Жаткан жери жайлуу болуп,бейишке барышса экен.Жапжаш балдар кантип наристенин жанын алууга барышты экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 21.01.2015 11:02
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо