Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АВТОБЕКЕТТЕН ТАБЫЛГАН СУУР ЭЛДИ ДҮРБӨТТҮ

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Кара тумоо оорусу элдин баарын үркүтүп жатканда Каракол шаарындагы автобекеттин аймагынан суурдун эти, териси табылды. Араң турган эл дагы бир дүрбөп алды. Окуяны күчөтүп, «кара тумоо илдети жайылып баратат» дегендер да чыкты. Чын-төгүнүн билүү бизге да кызык болду.

Алгачкы кадамыбыз Каракол ШИИБине болуп, аталган ишти карап жаткан тергөөчү, милициянын лейтенанты Кубанычбек Акмолдоевге жолуктук.

– Үстү­бүз­дөгү жылдын 29-август күнү кезметте тургам. Күндүзгү саат 11:30 чамасында Каракол шаардык автобекетте иштеген кызматкерлер «Белгисиз жаныбардын эти салынган мүшөк жатат» деп телефон аркылуу билдиришкен. Жетекчилик менен бирге тергөө ыкчам тобу айтылган дарекке бардык. Автобекеттин түндүк-чыгыш тарабында мүшөккө салын­ган белгисиз жаныбардын эти менен териси жаткан экен. Дароо Каракол шаардык жугуштуу ооруларга каршы бө­лүмүнүн кызматкерлерин чакырып, табылган алты суурдун эти экспертизага жөнөтүлдү.
Шаардагы «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери ташталган этти жеши мүмкүн болгондуктан, жолбун иттерди атышкан. Экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болуп, суурдун этинде эч кандай оору жок деп чыкты. Ал эми ташталганы боюнча териштирүү иштери жү­рүп жатат.
Суур болжол менен ташталган убактан 3-4 күн мурун союлган экен. Бүгүнкү күндө бул боюнча ар кандай версиялар айтылууда. Чындыкка жакыныраагы бирөөлөр Бишкекке алып кетүү максатында суурдун этин алып барып, анан айдоочу автоунаага салдырбай койгон болуш керек. Аргасыздан ошол жакка таштаган деген божомолдор бар. Учурда суур этин, терисин таштаган адам изделүүдө.

Сапарыбызды улай суур эти ташталган аймакка бардык. Облустук автобекет жана автокассалар ишканасынын башкы директорунун орун басары Өмүрбек Жанузаков окуянын күбөсү катары буларды айтып берди.

– Ошол күнү автобекетке чектеш аймакта мүшөккө салынган белгисиз жаныбардын эти жерде жатканын көрдүк. Тиешелүү органдарга телефон чалдык. Алар «жакын жолобогула» деп эскертүү берип, көп өтпөй өздөрү да автобекетке келишти. Каракол шаардык жугуштуу ооруларга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери келип, суур ташталган аймактын баарын тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Эл дүрбөп жатканда бул окуя ого бетер тынчсыздандырды. Угушума караганда, суурдун эти, майы дарылыкка сатылып, териси да баалуу экен. Суурдун терисинен тумак кийип эле жүрбөйбүзбү. Кара тумоо оорусу катталганга дейре кардарлар байма-бай алып-сатып келишкен. ИИМдин кызматкерлери анализ чыкканда элге кабарлайбыз дешкен. Бирок жыйынтыгын бүгүнкү күнгө чейин билген жокпуз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
16.09.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бойроктон шыйрак чыгаргылары келген го.
16.09.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элде ызы-чуу чыгарып мамлекетте ХАОс кылгысы келишке.
16.09.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmmm
17.09.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сактыка кордук жок
19.09.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жинге гана тийетда даро элге жооб айтып коюшпайбы журо бербей элди паника кылбай иттерди аткылабай
19.09.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз ишинерге так болгулачы врачтар!
20.09.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын элибизди жерибизди
21.09.2013. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым озу сактасын кичинекей кыргыз элимди ал илдеттен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо