НАРЫНДА 5807 МУГАЛИМ ЭМГЕКТЕНЕТ

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

10-сентябрда Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда облустук кеңешме болуп өттү. Күн тартибинде 2 маселе каралды: облустагы мектептердин 2013-2014-жылга карата болгон даярдыктары жана калкты таза суу менен камсыз кылуудагы долбоорлор тууралуу.
Жыйындын жүрүшүндө маалым болгондой, быйылкы окуу жылында билим берүү тармагында, анын ичинен мектептерде болжол менен 56 130 окуучу билим алууну баштады. Айдын аягына чейин бул тизме такталып, азайышы же көбөйүшү мүмкүн. Ошондой эле мугалимдердин да саны такталууда. Облус боюнча болжол менен 5807 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 94 мугалим жаңы жумуш орундары менен камсыз болуп, ишке кабыл алынды. 1-класска кирген окуучулардын саны 5655ке жетип, анын 71 пайызы алдын ала даярдоодон өткөн жана бала бакчалардан даярдык көрүп келген окуучулар болуп саналат.
Ал эми Нарын университетинде жана анын алдындагы колледждерде 2798 студент билим алууну баштады. Алардын ичинен 497 абитуриент университетке, 361 абитуриент колледждерге кабыл алынышты. Абитуриенттердин жалпы саны 858ге жетти.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо