№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
5-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын борбордук стадионунан башталган «Дүйнөлүк тынчтык чуркоо-2013» эстафетасы 10-сентябрда Ош шаарына жетип келди. Бул эстафеталык чуркоо 4 мамлекеттин: Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Кытайдын шаарларын кыдыруу менен уланып жатат. Ош калаасына казакстандык 5, кыргызстандык 2, анын бири 11-класстын окуучусу, 1 тажик, 1 корей улутундагы спортчулар чуркап келишти. Мындан аркы аймактардан да спортчулар кошулуп турат. Чуркоо графиги Дүйшөмбү – Баткен – Ош – Жалал-Абад – Бишкек – Казакстанды кыдыруу менен 23-сентябрда Үрүмчүдөн жыйынтыкталат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |