Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨКМӨТ «КУМТӨР» БОЮНЧА БҮТҮМҮН ЧЫГАРДЫ

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Быйыл февралда Жогорку Кеңеш «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганын айтып, өкмөткө канадалык инвестор «Центерра голд» менен жаңы келишим боюнча сүйлөшүү сунушун жолдогон.
Өкмөт «Кумтөр» алтын кенин иштете турган жаңы биргелешкен ишкана түзүү идеясын билдирген эле. Бул маселе боюнча Министрлер кабинети «Кумтөр» менен меморандумга 10-сентябрда кол койду. Өкмөттүн бул аракети кийинки жумада Жогорку Кеңештин таразасына салынат. Эгер бул шарт парламенттин жана канадалык инвестор «Центерра голд» компаниясынын Директорлор кеңешинин колдоосуна ээ болсо, анда кыргыз тарап ал ишкананын акцияларынын 50 пайызына ээ боло алат.
Буга чейин кыргыз тарап «Кумтөрдүн» акционердик пакетинин 32,75 пайызына гана ээлик кылып келген. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, бул шарт ишке ашса, Кыргызстандын кенден көргөн пайдасы 80 пайыз жогорулайт. Өкмөттүн келишимине караганда, 2014-жылдан тарта «Кумтөрдүн» 50 пайыздык кирешесин ала баштап, кыргыз тарап өз милдетин мурдагыдай эле аткара берет. Эксперттер коомчулугу да өкмөттүн чыгарган бүтүмүн Кыргызстандын кызыкчылыгындагы эң ынанымдуу вариант катары көрүшүүдө.
2009-жылкы «Кумтөр» боюнча жаңы келишим түзүлгөндө да ушинтип макташкан болчу. Өкмөт сунуштаган келишимдин азыркы варианты буга чейинки келишимдердин кейпин кийип калбайт деп үмүт кыла туралы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо