Минюра Рахимжанова: «БАШКА ЫРЧЫЛАРДАН ҮНҮМ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨМҮН»

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Кыргызда таланттын учу түгөнбөйт. Эженин артынан сиңдиси, аганын артынан иниси чыгат, апасынан кызы ашат дегендей, учурдун талабына жооп берип, жаштардын сүймөнчүгүнө айланган жаш ырчылар бар. «Сен кат жаздың», «Жаз деми» аттуу ырларды элге сунган жаш ырчы Минюра Рахимжановадан көптү үмүттөнсөк болчудай.

БИРИНЧИ...
Сүйүүң4-класста болгон. Мен ал балага 23-февралда оюнчук машина белек кылсам, ал мага 8-мартта мончок жабыштырылган сумка берген.
Ырың «Сен кат жаздың». Биринчи жолу Жамиля Муратованын жеке концертинде бутум калтырап араң ырдагам. Эл дүркүрөтө кол чаап кабыл алышканда өзүмө келгем.
Белекке алган гүлүң – 1-курста алгам.
ТелефонуңЭң жөнөкөй Самсунг болчу.
Камыр жууруганың – Байкем «эч нерсе кылганды билбейсиң» дегенде намыстанып 5-класста камыр жууругам.
Сахнага чыкканың – Мектеп сахнасына 3-классымда Диана Гурцкаянын «Ты здесь» ыры менен чыккам.
Борборго келгениң – 13 жашымда эжемдикине конокко келгем.
Тамак жасаганың – 12 жашымда бышыргам. Талаада иштегенде тамактануу үчүн картошканы сууга бышырып алчумун.
Тапкан акчаң 6-классымда талаада иштеп тапкам.
Айдаган машинаң – Айдап көргөн эмесмин.

– Минюра, продюсерлүү болуптурсуң, продюсерсиз иштөөнүн эмнесинен корктуң?
– Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуп жүргөндө Жамиля Муратова көп жардам берчү. Андан сырткары Айя Садырова менен бир концерттен таанышып калып, ал «Сенин үнүң жагып калды, мен сага жардам берем» деп 2 клибимдин тартылышына салым кошту. Колдогон адамдар болгону менен, продюсердин орду башка экен. Ошондуктан азыр Каниет деген жигит менен иштешүүнү туура көрдүм. Жеке ырчы болсом окуума да көп көңүл бура алчудай эмесмин. Учурда консерваториянын 2-курсунда окуйм.
– Бизде эле эмес, дүйнөлүк шоу-бизнесте ырчы менен продюсер баш кошкон фактылар көп. Ошондой болуп кетиши мүмкүнбү?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Ортодо келишим бар. Сүйүү пайда боло турган болсо, келишим түзгөнгө чейин деле жанданмак, анткени биз көптөн бери таанышпыз. Каниет буга чейин клиптеримди тартууда жардам берген. Сүйүү болушун чын эле каалабайм.
– Ырчылар бир агым менен келатышат, баары эле окшош. Сен алардан кантип өзгөчөлөнөсүң?
– Мен, биринчиден, башка ырчылардан үнүм менен өзгөчөлөнөм. Чынында, бизде супер ырдаган ырчылар аз. Дүйнөлүк ырчылардан Селин Дионду баалайм. Анын манераларын өзүмө алганга аракет кылам.
– Аты чыгып калган ырчы бийкечтерге чиновниктер, жеке ишкерлер колдоо көрсөтүп, өзүнө тартканга аракет кылышат, мындайга кабылдың беле?
– Бир жолу болгон, сүйлөгөн сөздөрүнөн байкагам. Мага колдоо көрсөткүсү келип жатканын. Бирок мен ага төшөк жаатында жооп беришим керектигин түшүнүп, дароо ордуна койгом. Мага андай адамдар жакпайт. Чын жүрөгү, адамгерчилиги менен жардам берем десе кабыл алмакмын.
– Сени Нурзат Токтосуновага көп окшоштурушат. Өзүң да байкайсыңбы?
– Мен өзүмдү ал эжеге окшоштура албайм. Бирок «сүйлөгөнүңөргө чейин окшошсуңар» деп көп айтышат. Жаман адам эмес го, окшоштура беришсин. Эже экөөбүз бул темада деле сүйлөшүп көргөн эмеспиз.
– «Жигитимди катуу сүйгөм» дедиң эле. Чыныгы сүйүү унутулбайт деп коёт, унутууга күчүң жеттиби?
– Ошол сезим чыныгы сүйүүбү же андай эмеспи, азыркыга чейин так билбейм. Ал жигит азыр Түркияда, сый мамиледебиз. Сүйлөшпөй калсак деле ал мени, мен аны сыйлайм. «Сен кат жаздың» деген ырды ошол жигитиме арнагам, бирок ал өзү билбейт. Аны унутуп эле калдым.
– Азыр жигитим жок деп жатасың, болочоктогу жигитиң башкага кетпеш үчүн кандай Минюра болосуң?
– Билбейм, эми мындай окуяга туш боло электиктен мындай кылам, укмуш өзгөрөм деп айта албайм. Албетте, кыргыз айымдарына тиешелүү мүнөзгө мен деле ээмин. Ошондуктан жылуу-жумшак сүйлөгөнгө аракет кылам. Ага үстөмдүк кылуудан качам. Ага да болбой баратса Кудайга койдум дейм да. Менде андан башка вариант деле жок.
– Ар бир жаш курактын кыйынчылыгы, маселеси болот. Бала чактагы кыйын күндөр?
– Мен Таластын Покровка айылында 1991-жылы төрөлүп, ошол жерде чоңойгом. Ата-энемдин кичүү кызымын. Бирок эркелик менде таптакыр болгон жок. Бала кезимде баладай болуп ойноюн деп ойлочу эмес экенмин. Азыр эстесем, эмнегедир чоң кишидей ойлонгон экем. Эс тартканда эле ата-энеме жардам берсем дей берчүмүн. Анткени улуу байкем менен эжем борбордо акы төлөп окушчу. Ата-энем алардын контрагын төлөйт, мен жок дегенде өзүмдүн дептериме, кийимиме акча таап алайын деп 5-6-классымдан эле талаада кызылчада иштедим. Өзүбүздүн кызылчаны бүтүп, башкалардыкында да иштеп күнүнө 80 сом тапчумун. Эсимде, бир жолу «кичинекейсиң» деп жумушка албай да коюшкан. Ошол күндөрдөн чарчаганда, тажаганда эл жок жерге, камыштардын жанына барып ыйлачумун. «Эртерээк эле ушул күндөр өтүп кетсе экен. Шаарга барып ырдасам экен, кыялыма жетсем экен...» деп. Апамдын жүрөгү ооруйт эле, ал кыйналганда ого бетер шолокточумун.
– Мектепти кандай аяктадың эле, эсте калган учурлардан кеп салсаң...
– Орто деген баалар менен аяктагам. Ар кандай сынак, кечелерде көз айнек тагынып алып Диананын «Ты здесь» деген ырын ырдачумун. Ошондон улам мени Диана Гурцкая деп атап алышкан.
– Келбетиңе кам көрүүдөн жалкоолонбойсуңбу?
– Жалкоолонбойм. Келбетине карангандан жалкоолонгон айымдарды түшүнбөйм. Мен бетимди аябай деле шыбабайм. Кичине эле боёп коём. Бетимди табигый маскалар менен тазалаганды жактырам. Өзүмдүн петрушка, ромашка менен жасалчу рецебим бар, ошону колдоном.
– Канча жашка чейин турмушка чыксам деп кыялданасың, карьера кубалап кетпейсиңби?
– Мен үчүн биринчи орунда үй-бүлө турат. Бирок учурда ырдоо гана эң негизги планым. Калганын убакыт көрсөтөт.
– Жакындарыңа күйүмдүүсүңбү?
– Бир үйдөн бир күйүмдүү чыгат деп коюшат го. Биздин үйдүн күйүмдүүсү улуу эжем.
– Шоу-бизнесте кайсы ырчылар менен мамилең жакшы?
– Ырчылар менен ачылып-чачылып деле сүйлөшпөйм. Балким, шоу-бизнеске аралашканыма аз эле болгондуктан.
– Ырчылар алгач чыгып келе жатканда өтө жөнөкөй болушат, таанылып калганда 180 градуска бурулуп жылдыз болот, даярсыңбы?
– Менин, албетте, стилим, имиджим өзгөрөт. Бирок эч качан мүнөзүм өзгөрбөйт. Азыркыдай жөнөкөй бойдон калам.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
16.09.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
yigilik kaalaim ...koptogon chygramalardy kutobyz...
16.09.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец,красавица...
16.09.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
16.09.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ҮНү АБДАН ЖАКШЫ!ИЙГИЛИК!!!
16.09.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан соонун ырдайс ийгилик сизге!
16.09.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ийгилик!!! бирок селин диондун аткаруусундагы ырларды ырдабай койсо деле болчудай , уну жетпей чыйылдап калат экен
16.09.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минюра сага ийгилик каалайм!
17.09.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени мен жакшы кором, сага ИЙГИЛИКККК!!!!!!!!!!!.............
17.09.2013. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
17.09.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон ийгилик,ырларын сонун,нурзатка окшошсун.
17.09.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуктуу,жонокой кыз экен.Уну да жакшы.Ийгилик каалайм.
17.09.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койногу аябай жакты))))
18.09.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик...
19.09.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ким эле мен тааныбайт экем,ырларын кайдан укса болот?
19.09.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
19.09.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Азыркы ырчылардан үнүм менен айырмаланам" деген темасын көрүп эле "а кокуй" деп койдум! )) Өзүнө өзү баа бергендерди баалабайм! Эми айла жок ийгилик каалап коёмда))
21.09.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасына окшош экен ийгилик
21.09.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга
22.09.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну вообще жакпайт
22.09.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча мактанчаак кыз. Озун мактагандан, олгучо кач деп койчу беле?
23.09.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну соонун мага аябай жагат.
Чыгармачылыгына ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо