НУРМАТ САДЫРОВ: «АТАМ БАШКАНЫ ТАНДАП КЕТКЕН»

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

Бул жигит алгач «Сүйгөн жүрөк» деп ырдап чыкканда көпчүлүк жактырып, эми «өчүп» калбаса экен дешкен. Андан бери 3 жыл өтүп, Нурмат бир катар хит ырларды жаратып келүүдө. «Мен сүйгөн менен пайда жок...» деп сыздап ырдаган ырчы жашоодо кандай адам? Аны жакындары айтып беришет.

– Салам, Нурмат. Айтсаң, өзүңдү кандай уулмун деп ойлойсуң?
– Мен 8-классты бүткөндө ата-энем ажырашып кетишкен. Ошондо апамды алып шаарга баса бергем. Атам башканы тандап кетти, бирок кайда жүрбөсүн, амандыгын тилейм.
Мен жаштайымдан өз алдынчалыкка көнгөм. Эки жолу катуу кырсыкка учураганда аман калдым. Анда апамдан жашыруунун айласын издемей. Мен үчүн энемдин жүрөгү оорубасын дейм. Гастролдон келгенде апамдын уйкусун бузбайын деп түндөсү досторумдун үйүндө калам. Демек, мен башкаларга зыяным тийбесе деген, асыл энемди аяган адам окшойм үлүп).
– А кыздарга тиешелүү болсочу?
– Ушул кезге чейин эки кызды сүйүп, алар менен кыз-жигит катары сүйлөшкөм. Калгандарына жөн гана жактыруу сезими болгон. Ошондуктан кыздар «Мага үйлөнөсүңбү? Мени таштап кетпейсиңби?» деген суроолорду бергенде дароо «мен үйлөнчү кызга жолуга элекмин» дейм. Куру үмүт бергим келбейт. Бирок сүйлөшкөн кыздардын баарын сыйлайм, себеби мага жакшы гана кыздар учураган.
– Чыгармачылыкка кайрылсак, сахналаштар менен мамилең кандай?
– Мен улуу-кичүү, элитабы, жөнөкөйбү, баары менен жакшы мамиледемин. Омар менен чыгармачылыктан сырткары достук да байланыштырат. Көп учурларда бири-бирибизди колдоп, кечелерге чакырса, мени кошуп алып дегендей, тыгыз байланыштабыз.
– Көбү мектепти бүткөндөн кийин классташтары менен катышпай калат эмеспи. Сенин мамилең кандай?
– Туура, мен деле классташтарымдан алыстап кеткем. Ишенсең, бир гана Санирабига деген кыз менен сүйлөшүп турам. Ал кызга ашык болгом, убагында. Кат жазып, жолугушууга чакырсам, «азыр жашпыз, кел, бир жылдан кийин жүрүп баштайбыз» десе алданып калчумун. Көрсө, анда Санира директордун баласы менен сүйлөшчү экен да.

Кесиптеш досу ОМАР:
«БООРДУ ЭЗГЕН КУУДУЛ»
– Биз өзүбүзчө ырчыларды экиге бөлөбүз: татаал кайрыктарды мыкты аткаргандар жана элге сиңимдүү ырларды жакшы ырдагандар. Нурматтын ырларын мен элге сиңимдүү деп айтар элем. Чынын айтсам, өзүмдүн айрым ырларыма караганда Нурматтыкы көбүрөөк жагат, айрыкча «Сүйгөн жүрөк» деген ыры.
Бул жигит менен гастролго чыксаң, күлкүгө тоюп келесиң, мыкты пародист. Эски кыргыз тасмаларындагы актёрлорду туураганда каткыра берип бооруң эзилет. Достордун тегерегинде бир шайыры болот эмеспи, ошондой адам бизде Нурмат. Досумдун эң негизги артыкчылыгы – жөнөкөйлүгү, бирок ушул сапат кемчилиги дагы. Себеби анын азабын көп эле тартып калат.

Нурматтын апасы БАЗАРКАН ТАЖЫБАЕВА:
«КЭЭДЕ ЫРДАБАЙ ЭЛЕ КОЙЧУ ДЕЙМ»
– Балам кичинекейинен турмушка тың өстү, кээде эле кыялы кармап калмайы болбосо. Экөөбүз отуруп ыр жазабыз, сырдашабыз, келечекти пландайбыз. Өзү жазып калса мага окуп берет, уйкаштыктарын карап, мен текшерип берем.
Бала чоңойсо да эне үчүн кичинекей бойдон кала берет эмеспи. Нурматым бир жыл ичинде эки жолу жол кырсыгына кабылып жүрөгүмдү түшүрдү. Жакында эле экинчи жолу кыр­­сык болгондо улам түшүмө кире берген эле. Тынчсызданып чал­сам албайт. Көрсө, ошондо Кара-Бал­­тада оору­­канада жаткан экен. Кабарды угарым менен балама же­тип бар­­­­дым. Ал болсо «Эмне келдиңиз, тимеле койбойт белеңиз?» дейт. «Кагылайын, ырдабай эле койчу, жанымда жүрчү дегенге чейин бардым. Бала үчүн эне жүрөгү жанчылып кетерин түшүнбөйт да али. Эмнеси болсо да эл ичинде аман жүрсүн.

Мурдагы сүйлөшкөн кызы САЙКАЛ:
«КОЛУМДУ СУРАСА, МАКУЛ ДЕЙТ ЭЛЕМ»
– Нурматты мен 3 жылдан бери тааныйм. Ал жаш баладай ишенчээк, уялчаак, элпек. Жаңы ыр жаздырса да «Угуп көрчү, жагабы?» деп келет. Убагында экөөбүздүн ортобузда жылуу сезимдер болгон эле, кийин дос бойдон калалы деп чечтик.
Нурмат али жүрөгүнүн чыныгы ээсин таба элек окшойт. Досумдун кандай жигит экенин билем, ошондуктан колумду сураса, макул дейт элем. Себеби ал эң мыкты адам.

Классташы САНИРАБИГА:
«МАГА СҮЙҮҮ КАТТАРЫН ЖАЗЧУ»
– Нурмат экөөбүз бир айылда чоңойдук. Мектепте жакшы окуп, ырдын сазайын берчү. Мага балалык сезимдерин арнап кат да жазып жүрдү. Бирок анын агасы менин эжемди алган, «тууганбыз, болбойт» деп койгом үлүп). Азыр деле мурдагыдай жөнөкөй, сылык, тыкан адам бойдон калганы мени сүйүндүрөт.

Нуркыз Курманбек кызы
(Айрым сүрөттөр Нурмат Садыровдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Нурмат Садыров: "Атам башканы тандап кеткен"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(50)
23.09.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакшы маек болуптур.болгонун болгондой атылып башка ырчыларыбыздай болуп мактанбай.азаматсын онорун оркундой берсин бешенене ойундагыдай кыз туш келсин.
23.09.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошончолук онор озундо барбы?
23.09.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Balbyldap kozdorun Kara,Kara. Krasavchik. Alga soonun yrdait.
23.09.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага чыгармачылык албан-албан ийгилик, апанызды сыйлаганыныздан жазбаныз.
23.09.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisyl jerlik bolot eken? Yrlaryn ukkan emes ekenmin.
23.09.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
angelochkaaaaaa, ушу жердигин сураган адамдар жакпайт! Кыргызбы болду да!
23.09.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйгон журок деген ырын суйуп угам. Нурмат сизге чыгармачылык ийгилик.
23.09.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonokoi jigit eken.
23.09.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен биринчи жолу көрүшүм ушундай ырчы бар экенин,жок баарын эле таанычу элем
23.09.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
азыр эмне шляпа мода болуп журобу, видеосунда инисинен кордум, бул жигиттен, дагы бир жерде Нурлан Насиптен кордум, жалпайышып кийбей эле койбоптур да... бизде озу ушул сыяктуу корунуштор жугушту да, бироодон бир нерсе корсок шап эле жабышып, кайталап баштамай...
23.09.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер, ырларын ксйсы жерден уга алам?
24.09.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
23.09.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне сыйлаган элге жагат азаматсын эненин баркын ар дайвм билели. Сонун маек болуптур айрыкча кздардан сураганы жакты ачык эле айтып салышыптырго :-) :-) :-)
23.09.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Задний фондо менин коляскам го))))))))))))
23.09.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хехехееее
24.09.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан талантту жигит.Урматту Нурмат биз сизден жаны хит ырларды чыдамсыздык менен кутобуз.
24.09.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga, Alga, Alga ! Nurmaaat, Algaaaa !
24.09.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармана ийгилик,
SUPER.KG видео
24.09.2013. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы,сонун жигит экен,жонокой,адамгерчиликтуу,ушунундан жазба,негизи ырларынын,клиптеринин баары укулуктуу,бироосун бир эй койчу деп кое албайсын,ийгилик сага чыгармачылык.
24.09.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне азыр КГ да кызлар "мени аласынбы деп калганбы"?хехееех не надо так низко подать) уже который раз биздин ырчылар кыздар жонундо мына ушинтип жазганын окуп жатам^-^
24.09.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стиль шляпа пляпа коляска деп кемчиликтерин таабып эле ушуактай бербесенер,ал шляпаны силерге жагайын деп кийген жок да же кантип кийинишин дагы бизден сурап кийинсинби?и при чем тут его стиль я вообще не понимаю?
24.09.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
”Суйгон журок” деген ырын мен да суйуп угам жакшы ырдайт ийгилик!
25.09.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Апасын сыйлап турганы абдан жакты молодец так держать ал эми ырлары коп деле жага бербейт неси болсо да ийгилик.
25.09.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шляапа кийгенди нурматтан эле коруп журом жарашат
Эн негизгиси таланьын осо бер алгаааааа сенин журогум мурогум деген ырынды суйуп угам
25.09.2013. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын оркундой берсин биздин ырчылар.. Алга!!!!
25.09.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.ммм баарыбыз эле апаларды сыйласак
SUPER.KG видео
25.09.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат азамат, ийгилик каалайм, эртерээк суйгонунду табышына тилектешмин. Автандилге да ийгилик!
25.09.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат аке эжемди типа бабница кылып интервью бериптирсиз даа.
25.09.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун бала экен, апасы да жакты абдан, адамдын бешенесинен эле билинет го, ким экени. Тилеген тилегине жетсин! Жараткан андан артыгын бергиси келет.
26.09.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniyar Ermatovgo okshosh jonokoi jigit eken!rvthug
26.10.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик,уй булолук бакыт каалайм
SUPER.KG видео
09.01.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нурмат байке азаматсыз! жашоодо дайым жащ болуп жана
жакшы жакшы ырларды жарата бериниз.Ханшекир
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо