Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СУРАНАМ, БАКТЫМДАН АЖЫРАТПАГЫЛА»

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

Кеңсебизге түрдүү тагдырын баяндап, бирөөгө болгон таарынычын, ызасын айткан замандаштар арбын кайрылышат. Арманын айткан Алтынай (аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) аттуу айым маңдайымда отурду.

– Мен Ош шаарында тө­рө­лүп, мектепти ошол жерден аяктадым. 8 бир туугандын ортончусумун. Ата-энемдин мойнунда отура бербейин деп Бишкекке келип, май куюучу бекетке жумушка орноштум. Кийин бир жигит менен таанышып, баш кошконбуз. Үйлөнгөн соң төрт айдан кийин жолдошум Орусияга иштегени кеткен. Ал кезде менин үч айлык боюмда бар эле. Жолдошум телефон чалып, сүйлөшүп жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен телефон чалганын да токтотуп койду. Мурунку телефон номери иштебей калды. «Башка аял алыптыр, Кыргызстанда эле жүрөт» деп бири айтса, башкасы «Орусияда жүрөт» деген кептерди угуп жаттым. Ошол бойдон ал дайынсыз кетти.
Уулум төрөлдү, 6 жыл жолдошумду күтүп жашадым. Коңшу эже «Уулуң бой жеткенче турмушка чык» деп көп айтар эле. Ошол эже бир тууган инисин тааныштырып калды. Ошентип, Самаган менен таанышып, негедир бат эле ынак болуп кеттик. Жылдызыбыз келишип, бир айдан кийин баш коштук. Бишкектен Көлгө келдик, жайлоодо мал багабыз. Башында кайын журтум мени жакшы кабыл алышкан, кийинки күндөрү Самаган экөөбүздүн ортобузга чок салып, күнүгө уруш чыгарган кайненем болду. Жашы 70тен ашса да, ичимдикти таштабаган аял болчу. Ичкен тамагыбызды аш кылбай «Оозуңар тынбайт экен, тамак-аш аз калды» деп басса-турса айта берет. Мага эмне десе да көтөрөт элем, бирок Ариетти (уулум) тилдеп, башка-көзгө урганын карап туруу кыйын болду. Кичинесинен тартынуу дегенди билбей өскөн уулум жалтаң болуп калды.
Бир күнү Самаган мал менен бошобой жатканынан тракторчу менен сүйлөшүп 1 гектар жерди айдатып койгом. Оюмда эч жаман нерсе жок, бир кишини карап отура бербей жардам болсун дегем. Кайненем «Сен эмитен жерге ээлик кылып калдыңбы?» деп кыйкырып кирди. Самаган мага болушса аны кошуп тилдейт. «Силерди жөн койбойм» деп таң атпай кайнага, кайнежелеримди чакырды. Алар дагы эч нерсени түшүнбөй эле «үйдү бошоткула» деп туруп алышты. Мейли деп баламды жетелеп жолго чыктым. Аркабыздан кайнагам келип, уулумдун чаңырып ыйлаганына карабай баса калып мени сабап кирди. Бети-башым көк ала болуп, уулум менен жол тосуп Караколго келдик. Эки-үч күн тааныш эженин үйүндө баш калкаладык. Башым чыдатпай ооруганынан ооруканага кайрылдым. Менин абалымды көргөн дарыгерлер милиция кызматкерлерин чакырып коюшуптур. Анан тергөөчү келип, «Ким урду, эмне болду?» деген өңдүү суроолорду берип, арыз жаздырды. Бирок эч кандай чара колдонушпады. Аркамдан Самаган издеп келди. Ал да энесине тарта албай же мага тарталбай ортодо эзилип кетти. «Силерди талаага таштабайм» деп Ариет экөөбүзгө батир алып, тамак-ашыбызды камдап берди. «Баары бир биз жеңебиз» деп мени жооткотту.
Ариет быйыл 1-класска бармак. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү айылда калып, учурда сабакка бара албай жатат. Мен болсо ылайыктуу жумуш таба албай убарамын. Эми алдыда бизди кандай күн күтүп турганы белгисиз. Кайнежелерим бул гезитти калтырбай окушат. Балким, менин айтканымды окуп, мага болгон терс көз караштары өзгөрөр деп ойлодум. Мен дагы кайра бактымдан ажырагым келбейт. Суранам, мени түшүнүп, жөн эле канга сиңген көз караштын айынан тагдырыбызга балта чаппагыла.

Алтынай

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(44)
23.09.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз алсызда жашоонузду уланта аласыз не бир келген омурунузду кордойс, метиркени мурда алган жерине барып жоготум десениз закс тез эле жазып берет ал койгой эмес сиздин койгой жашоонузду башкан нука бурун.
23.09.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Медалдын да эки тарабы болот дегендей бир жактуу алып карабайлы.Менин жакын досум да сожители таштап кеткенде суперге келип гезитке чыккан.Гезит чыккандан кийин окусам карандай калптарды айтыптыр озун ото жакшы корсотуп коенек болуптур.Бул эжени билбейм го,бирок эркек болуп туруп кайнагасы кол которгонуно жиним келди.Жаны жашоо баштаныз дейтлем сизге
23.09.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баландын метиркасын ЗАГС болумунон повторно жазып беришет,сен баландын келечегин ойлон.Уулундун козунчо таяк да жептирсин,жаман геп да угуптурсун.....,ал гана эмес уулуна да кол которушот экен.Демек ал адамдардан кайрым кутпо,Самаган сени суйсо бирге жашоого аракет кылаар.Кунду кечиктирбей белинди бекем бууп,уулундун келечеги учун баш байлап,тагдырдын соккусуна туруштук бер!
23.09.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай кайненеден кудай сактасын,бул бейишке барбайт,байкуш экинчи турмушу да бул келиндин,если биринчиси болсо башында эле баласын козунчо урганда эле чыдабай кетип калмак,экинчим чыдайын деп журо берди да,озун оштон болсон эмнеге Караколдо журосун Бишкекке келип иштеп баланызды окууга берип турмушту улантыш керек,куйоого шашылбаш керек,куйоодон жыргабайт эч ким,жашоону алгандан башка эч текеге жарабайт куйоолор,андан коро бала десен баланыз бар экен,ошо менен эле тынч жашап кулагынар тынч
23.09.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайын журтуңа ыйман берсин жараткан.Сен белиңди бекем бууп,балаңдын келечегин ойло.Жолдошуң сени сүйсө,келип жашайт.Сага андай кайын журттан алыс эле бол демекчимин.Ата-энең бир туугандарың да таштап коюшпас.
23.09.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнене кайненелигин кылат,бирок баардык нерсенин чеги болот дегендей аша чаап жибериптир кайненениз.Жашоо кыска эртен эле карыйбыз,коз жаш эч нерсени чечпейт ыйлабаныз,ошондуктан башынызды бийик которуп,жумуш таап баланызга чан жугузбай жашай бериниз.Куйоонуз да суйсо келээр.Кол которгон кайнаганыз "катын"экен бир соз менен айтканда.
23.09.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да башымдан өткөн тагдырымды айтсам, бир китеп жаралчудай. Супер инфого кат жазсам окшойт ээ? Кайсыл дарекке жиберсе болот?
23.09.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uulkan2288,
Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип, жазып калтырсаңыз болот.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=12
23.09.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат чооң.
23.09.2013. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адaм кaaрыгaндa aябaй озгорот экeн-мeн мындaй aдaмдaрды коргом(кaйнeнeси) ошолор элe кунолуу!
23.09.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок тагдыр экен, аял заты бардык нерсеге чыдамдуу болот. Башка кандай кундор тушсо да азабын тартып жашашка туура келет бирок баары убактысы менен отуп кетет. Бактылуу кундор да келет ошондуктан сабыр тилейли.
23.09.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр тубу сары алтын сабыр кыл бул кундорун да отуп кетет.Алдыга умтул баландын келечегин ойло.
23.09.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwi kelin eken, ui bulosun saktaim dep araket kilgan baktilu bolunus albette balasiun ursa kimdin ele jurogu 4idasin
23.09.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ бироого зар,бироого кор,деген ушул экенда.
23.09.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yiaty jok admadar dese tigi kainagasynyn sabagynyn emnesi,ywyndai adamdardy kantip jer kotyp jatat
24.09.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак ийилет бирок сынбайт, сабыр кыл бул кундун артында жакшы кундорда бар.
24.09.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнагасы эмнеге бул эжекени сабады?
Кок мээ го дейм вообще бет жок экен. Анын эмнеси кетип жатат. Бир соз менен айтканда мал экен. Кантип духу жетти келин баласын сабаганга? Э-эй эже жашоо керемет деген ушу да. Баланыз менен бактылуу болунуз, келечек алдыда. Только баланызды ойлонуз.
24.09.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озундо да кеп бар болуш керек. кайнага кол которгонго чейин барса
24.09.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ROUSE, Кеп бар тагдырда да он права не имеет кол которгону какого хрена жаш баланын жанында сабайт?
ал баланын псикасы жонундо ойлонбогон ошол кайнагасы мал болуп жатпайбы!ал балада эмне куно байкуш жаштыгынан ушунча кордукту коруп(Эже бирок чындыкты айтканда куйого чыгат десе туш келген адамга чыга бербейта биринчи эрден жыргабапсыз экиничи эрден жыргап отуруп калам дединизби?экинчи эрге шашкынча баланызды ойлоп бутунузга турсаныз болмок!и Эринизди кутуп отура бербен дагы ал сизге эр бо
24.09.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизди жакшы коргондо кайнаганызга жизнь кол которгузбойт болчу!кайненениз болуптур карып калыптыр эмне куйонуздун апасына тили отпойбу?кайсы эне баласынын бактын ойлобосун?бул семьяда маданият сый уурмат деген нерсе вообще жок экен.Эже если конулунузду орутсам кечирип койун!бул семьядан сизге нечего ловить!!!
24.09.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана азыр жанымда болсонуз баланызга ата болуп, дагы бир нече ирет перзент жытын жыттамакмын, перзентке зармын, бирок келинчегимди куноолоп же мен же ата-энем же урук туугандарым келинчегимди куноолоп кууган жок, сиз эми сабыр кылыныз, "Олбогон кулга жаз келээр" дегендей, акыры сиздин кочонуздо да майрам болоор бир кун. Уулунуздун омурун, озунузго сабыр канаат берсин кудайым! Сизди тапсам колунузду сураар элем, макул болсонуз, сунушумду туура кабыл алыныз!
25.09.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kimisinike tuura ekeinin da tuwunboisun! birok akyrky kundoru ajyrawuu jawtardyn arasynda kop bolup jatat en ele okunuchtuusu ortodo baldar jetim kalyshuuda
25.09.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eje sabyrduu bolunuz al kuionuzdu kutkondon paida jok balanyzdyn kele4egin oilonun andai kainene sizdi tyn4 jawatpait kainaganyz urup jatkanda un4ukpagan erdi kutup olturas Oshto ele tolturago jakwy jigitter
25.09.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулуңуздун таяк жеп жүргөнүнө кантип чыдайсыз. Менимче, өзүңүзчө жашаңыз. Ашыкча жүктүн не кереги бар?
26.09.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле тундук туштук деп болуно бересинер тушунбойм ал туштуктон болсо эмне болуптур эки жаш суйуушкондон кийин ата-энесине эмне жок ал кыз акыры адамго чынбы
26.09.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу колдук олдук деп бекеринен айтылбайт да
26.09.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи эриниз дагы "ИТ"экен.Баласын ар кимге кор кылдырбай бакпайбы?Экинчиниз дагы "Лох"экен.Аны менен жарашып кереги жок.Лучше оз алдынча тырышып,оокатынызды тынданыз!
27.09.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба ак соз,ийгилик сага
27.09.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы, акылдуу аял мындайга чанда кезигет деп ойлойм. озундо да бир кеп жатса керек да. Баласы куноосуз наристеге жаман болгон экен.
27.09.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жактуу маалыматтан корутунду чыгарганга шашылбайлы КЫРГЫЗДАР, эмне эле тундук туштук болуп эле жыргап атасынар биздин молтурогон кыздарыбыз кытайларга тийип атканын сквозь пальцы карап атабыз го и вообще бул жакта комент кылгандардын кобу менимче турмушту биле элек жаштар.
27.09.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул келин болсо озун аппапак кылып жертва болуп корсотуптур, кээ бир моменттерге ишенич кыйын
28.09.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ыйман сабыр берсин бир гана Кудайдан тиле тилегинди берет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо