№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
14-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын «Бүркүт» мобилдүү отрядынын командири Абдырасул Пусуров жол кырсыгынан каза тапты. Кырсык шаардагы Гапар Айтиев көчөсүндө эки автоунаанын кагылышуусунун негизинде болуп, Абдырасул Пусуров окуя болгон жерден каза тапты. Кырсыкка катыштыгы бар Кара-Суу районунун тургуну Ю.И. аттуу жаран учурда убактылуу кармоочу жайда. Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын инспектору Замир Сыдыков маалымдагандай, маркум 1969-жылы Араван районунда туулган, 44 жашында дүйнө салды. Артында жубайы, 2 уул, 1 кызы калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |