№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылынын тургуну Каримова Гүлсана эне 103кө чыкты. Анын 4 кызы, 2 уулу, 35 небере, 86 чөбөрө, 19 кыбырасы бар.
Ноогардан айылынын тургундары карылыкка моюн сунган Гүлсана энеге жардам берүү сунушу менен райондук администрацияга кайрылышкан. Райадминистрация бул демилгени колдоп, райондук социалдык өнүгүү башкармасы аркылуу Гүлсана энени арабалуу кылышты. Тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасын алып беришти. Гүлсана эне колдоого кубанып, «менин жашымдан силерге да Кудайым берсин» деп тилеген катын жолдоду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
tyyra aitasyn ozdory ele alup berse bolmok eken....