№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
Жайыл РИИБинин Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Төө-Ашуудагы тоннелге жарылуучу заттын муляжын таштаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди. 10-сентябрда саат 14:40 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө тоннелди кайтарган нөөмөттөгү милиция кызматкери тарабынан зор маанидеги стратегиялык объект эсептелген Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде колго жасалган жарылуучу заттын муляжы бар көк түстөгү баштык табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан сырткары ал шектүү баштык Хонда Степвагон автоунаасындагы белгисиз адамдар тарабынан ташталганын маалымдаган.
Көп өтпөй Сосновка айылындагы посттон Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган автоунаанын айдоочусу кармалып, Жайыл райондук УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |