КЕЛИНЧЕГИН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

«Кызым, мындан 26 жыл мурун 21-сентябрда сени кубаныч менен төрөп, сага өмүр тилеген элем. 25 жылдан кийин ушул күнү сени о дүйнөгө узатып, «барар жериң бейиш болсун» деп көз жаш төгүп, кан жуттум. Мына эми 26 жашыңды сени жоктоо менен тосуп жатам. Туулган күнүң менен, кызым!» деген Алай районунун тургуну Калийма Ажибаеванын бул сөздөрү жүрөк үшүтүп, көзгө жаш алдырды. Кызы Венера мындан бир жыл мурун, туулган күнүндө жолдошунун колунан мыкаачылык менен каза болгонун айтат. Төмөндө 21-сентябрь баяны.

«ЖАРАШПАЙ КОЙСОМ КАНЫБЕК ӨЛҮП КАЛБАСЫН»
1987-жылы 21-сентябрда үчүнчү наристемди тө­рөдүм, Венера деген ат койдук. Баарыбыз кубанып, кызыма өмүр тиледик. Балдарым жаш кезинде эле жолдошум менен ажырашып кеткендиктен, төрт баламды жалгыз багып, тарбиялап, окуттум. Бешенеме балдарым акылдуу болуп чоңоюшту. Венера мени менен көп сырдашчу, эмне болсо баарын жашырбай айтар эле. Кандай иш болсо да тырышып жүрүп жасачу. Жыртылып калган бут кийимдерибизди өз колу менен тигип берчү. Курак курап, бизге байпак, күрмө токуп берчү. Жасаган тамактарын айт, эч нерседен эринчү эмес. Аябай үнөмдүү да эле.
2008-жылы кайненеси кызымды жактырып калып, той кылып турмуш жолуна узаттык. Жети айдан кийин кайнежеси «бизге жакпай калды» деп уруш чыгара берип, кызымды кайненеси үйүмө алып келип берди. Кызым ошондо «Каныбек менсиз өлүп калат, биз бири-бирибизди жакшы көрөбүз» деп аябай ыйлаган. Жолдошу «Мен сени менен ажырашпайм, кел кайра» деп телефон чалып жүрдү. Дагы эмнелерди айтканын билбейм, бир күнү кызым «Апа, Каныбек «ажырашпайм, кетирбейм сени» деп жатат. Мен жарашпай койсом Каныбек өлүп калбасын» деп ыйлады. «Ал өлбөйт, кызым, сенсиз өлүп калса апасы ушул ишти кылмак беле?» деп аны соороттум. Таң атканча экөөбүз уктабай сүйлөшүп чыктык. Эртеси учакка билет алдым да, Москвадагы эжесинин жанына кетирип жибердим.

«АНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШПА, ТУРМУШУН БУЗГАН БОЛОСУҢ»
-Каныбек да Орусияга барып, башка кызга үйлөнүп, бир кыздуу болот. Аялы кызыма телефон чалып «Венера эже, мага кеңеш бериңизчи, Каныбектин көңүлүн кантип тапсам болот? Өзүмө көндүрө албай жатам» деп сураган экен. «Мындай кылсаң ага жагасың деп так бир нерсе айта албайм. Балким, биздин биринчи турмуш болгон үчүн экөөбүзгө тең эч нерсе билинбегендир. Биз эми жарашпайбыз, сен жакшылап көңүлүн таап, бактылуу жашаганга аракет кыл» дептир кызым. Эки жылдан кийин Москвадан келди, дасторкон жайып койгон элем, отуруп бир чыны чай ичкенде эле балдарым «Венера эже, сизди бирөө чакырып жатат» дешти. Ким чакырмак эле деп таң калдым. Чыгып кеткен, бир убакта «Апа, Каныбек келиптир» деп кирди. «Сенин келгениңди кайдан билет?» десем, «билбейм» дейт. Достору аркылуу билип алышат экен да. «Болду, ал үй-бүлөлүү, сени менен ажырашкан. Аны менен байланышсаң сен анын үй-бүлөсүн бузган болосуң, жолобогун» деп уруштум.
Эки-үч күндөн кийин кызымды өзүбүздүн туугандардан эле бирөө ала качып кетти. «Макул, эми жашап калсын» деп ошол жерге кызымды калтырдык. Экөө иштегени Чымкентке кетишти, ал жакта жүрүп да Каныбек экөө сүйлөшө берип, бир күнү Ошко келип жолугушуптур. Экинчи күйөөсү тажаганынан кызымды коё берди. Каныбек ал учурда экинчи аялы менен да ажырашкан экен. Мага кызым «Апа, бул тагдырым окшойт. Биринчи турмушум менен жарашам го. Кийинки жолдошумду жактырмак турсун көрөйүн деген көзүм жок, мени да түшүнүңүз» деп ыйлады. «Бул сенин жашооң, мен бир нерсе дей албайм, айтканыма көнбөдүң. Чыдайм десең жашай бер» дедим.

«СҮЙҮҮ ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛБЕЙСИЗ ДЕП ЖҮРҮП СҮЙҮҮСҮНҮН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУ»
-Жакшы жашап жатышкан, кайненеси да турмушуна аралашпады. Бирге жашашканына бир жарым жыл болгондо Венера «өз кесибим боюнча иштейм» деп Оштогу №1-поликлиникага медайым болуп жумушка кирген. 21-сентябрда жумушка орношконуна 17 күн болуп, ал күнү да кадимкидей жумушка келиптир. Каныбек эртең менен эрте гүл көтөрүп барып туулган күнү менен куттуктаптыр. Жумушунан кийин аяштары менен шаар айланып, кечкисин Оштогу кафелердин биринде майрамдашыптыр. Кечки саат төрттөрдө телефон чалсам, «Кафеде аяштарыбыз менен отурабыз» деген. Ошол күнү Венеранын жанында туугандарыбыздын Уркуя деген кызы бар эле. Анын айтымында, алар отурган кафеде бир жаш бала да туулган күнүн белгилеп, достору менен жүргөн экен. Туулган күнү болуп жаткан бала Венерага келип «Эже, бүгүн экөөбүздүн туулган күнүбүз экен, жүрүңүз чогуу бийлейли» деп кызымды бийге тартат. Экөө бийлеп жатса Каныбек «Эй, Венера, мойнуңду жулам, бүгүн үйгө кирбейсиң» деп кыйкырат. Венера Каныбектин жинденгенинен улам бийлебей кайра келип отурса, күйөө балам кызымды туз салынып турган идиш менен уруп жибериптир.
Үйүнө баргандан кийин да бир досу «Досум, бүгүн аяштын туулган күнү экен, урушпагын» деп коньяк куюп берсе ичпей жерге чаап салыптыр. Досу үйүнө жете элегинде Венера «Аяш, батыраак келиңиз, досуңуз жаңжал салып жатат» деп телефон чалат. Ал кайра келгенче Каныбек кызымды өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып алган экен. Кызыма кошуп Уркуяны да уруп, экөөнү тең чачынан кармап дубал сүздүрүптүр. Уркуянын да бети-башы көк ала болгон. Экөө эптеп эшикке качып чыгышса, Каныбек Венерага жетип бычак сайып, ал эми Уркуяны кубалап жетпей калыптыр.
Кызым өлгөндөн кийин бир топ күн өтүп алар жашаган үйгө барсам, жолдошу ошол күнү белек кылган гүл сууда куурап туруптур. Кызыма ажал алып келген ошол гүл мага ушунчалык суук көрүндү. Ак көңүлдүгүнүн, сүйүүсүнүн курмандыгы болду. «Биз бири-бирибизди сүйөбүз. Сиз сүйүү эмне экенин түшүнбөйсүз да» деп жүрүп сүйүүсү өлүм менен аяктады.

«КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРГӨН КЫЛМЫШКЕР 7 АЙДАН КИЙИН ЧЫГЫП КЕТИПТИР»
-Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, соттук иштер жүрдү. Сот Каныбекти 7 жылга кести. «Киши өлтүргөнгө 7 жыл берет деген эмне шумдук, 7 жыл аз» деп прокурор Маданбеков Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берди. Айланып отуруп иш кайрадан райондук сотко кайтарылды. Кара-Суунун соту эмне үчүн мындай чечим чыгарат, адилеттүүлүк барбы, адам өлүмүнө жаза ушул элеби? Ушул суроолорго бир жылдан бери жооп таба албай кыйналып келем. Укук коргоочулардын шылтоолорунан тажап бүттүм. Кол шилтеп коёюн десем ичимдеги күйүтүм мени жөн отургузбай жатат. Жапжаш кызым бирөөнүн колунан өлүп кетти. Кандай өлтүрсө, ошондой жазасын тартсын. 7 жыл бергенине да мейли, бирок угушумча, ал кылмышкер 7 айдан кийин эле эркиндикке чыгып кетиптир. Анан мен кантип күйбөй коём?!

«ООРУЛУУ ЭМЕС...»

Бул иш боюнча Кара-Суу РИИБинин ага тергөөчүсү Данияр Маматалиев төмөнкүлөргө токтолду:

-Бул кылмыш тууралуу маалымат түшкөндө айтылган дарекке барсак, Каныбек Сапарбаев көчөдө чуркап жүрүптүр. Аны кармап үйүнө барганыбызда аялынын жансыз денесин таптык. Айланасы кан экен. Келиндин оң көкүрөгүнө эки ирет, аркасынан сол далысына бир ирет бычак сайыптыр.
Жигиттин туугандары «бул психикалык жактан оорулуу» дешкенинен улам Оштон текшерүүдөн өткөрүп, бул жакка ишенбей Жалал-Абадга алып барып текшерттирдим. Таза болуп чыкты. Биз бул иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, келинчегин өлтүргөнү, балдызын өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн эки башка кылмыш ишин козгоп, тергеп, сотко өткөрүп бергенбиз.

Каныбек Сапарбаев чынында эле эркиндикте жүрөбү деген суроолорго жооп алуу максатында Кара-Суу райондук прокуратурасына жана сотуна кайрылып, төмөнкүдөй маалымат алдык. Каныбек Сапарбаевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) 2, 3, 6, 10-пункттарынын негизинде сот иши жүргөн. 6-пункттун жазасында айыпкерди өмүр бою эркинен ажыратуу каралгандыктан, кыздын апасы «Анын өмүр бою камалуусун каалабайм. 10-15 жылга камалса болду» деп тосмо арыз жазып берген. Бул тосмо арыздын негизинде сот 97-беренени 98-беренеге (ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү) алмаштырып, 2013-жылдын 29-январында 7 жылдык мөөнөткө эркинен ажыраткан. Соттолгон Каныбек Сапарбаев жаза мөөнөтүн өтөө үчүн №25-СИЗОго камалган. Облустук соттун кароосунан кийин ал Кызыл-Кыя шаарына жатак-абакка которулган. Прокурордун сунушу менен облустук сотко кайрадан арыз жазылып, 2013-жылдын 25-апрелинде райондук соттун өкүмү бузулган. Жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрылып, ал жактан кайра райондук сотко кайтарылып берилген. Кара-Суу райондук соту бул ишти кайрадан карамакка соттук кароону 9-сентябрга белгилеген. Бирок Сапарбаев алынып келинбей калгандыгына байланыштуу соттук иш жүргөн эмес. Сапарбаевди качан алып келишсе, ошол убакта кайрадан соттук иш улантылат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(53)
23.09.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа!Адамдар кайда баратабыз ыя?!Биздин айылда да бироо ушинтип аялын бычактап салып(мас экен эле),келин байкуш колунда баласы м-н ата-энесинин уйуно качып келиптир канын шорголотуп...Бактыга жараша аман калган бироонун жалгыз кызы...
23.09.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртенки кун эмне болуп кетээрин эч кимибиз билбейбиз...
окунучтуу, журок ооруткан окуя экен, окуп жаман болдум...
сабырдуулук керек, бизге пенделерге, ачууга алдырып кобунчо окунучтуу окуяга туш болуп келебиз
23.09.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Markum dagy tuura emes kylgan ... Kuioosu menen biilebeibi???? Beitaanysh biige tartsa ele biilesh shart emes go...
23.09.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен да бир кызды олтургум келип журот!
27.09.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nsk-mk, Кой эми сабыр кыл!
23.09.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudayim beyishin bersin baykush kelindin!
23.09.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин эрим да кызганат. Коркуп кеттим окуп алып
30.09.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aidana91, Бардык эле эркек киши кызганат бирок сен повод бербесен эле болду.
23.09.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
достор журок ооруду.
куран окуп коелу чын журоктон.
23.09.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaldardy emne gana kylyshpait b.a.ardygyna ayaldar sebepker bolgonsun biilep koiso emne boluptur kyzgangandyn da 4egi bar emespi...erkekterge tarbiya bolupturda ayaldarda ozunordu karmap abailap jurgulo,venera ejenin jatkan jeri jailuu bolsun...kanybek saga naalat...
24.09.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gulnaz21, Бийлеп койсо не болуптур деп эле тааныбага бироо менен бийлеп жатса эртен не болот... Аялдарда ордун билиш керек, баланын шагы кандай сынат досторунун арасында, аялын бироо менен бийлеп жатат десе? Козду кысып шыйпактабай жон журуш керек БУКАН турганда.
30.09.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
medya123, Букан турганда де хе-хе жакты
23.09.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа
23.09.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын очкур арак бар жерди созсуз жамандык тооруйт.ичимдиктен алыс бололучу.
24.09.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою олтурса да болгудай иш болуптур
24.09.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оочень трогательно
24.09.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото окунучтуу окуя болуптур.куйоосу жазасын алыш керек.
24.09.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайдын кайсы айылынан болушат экен? Классташтары айтып койгулачы.
24.09.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камалсын!
Камалсын!
Камалсын!
Бирок аялдарга эскертyу: Эсин барда этегинди жап!
Куйоосy тyрса башка бироo менен бийлеп эмне кереги бар?!
Куйоосy ойлойт да мен барда мынча болду мен жокто .....
24.09.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да бирөөнүн жашоосун кыйып салууга эч ким укуктуу эмес.Жаткан жери жайлуу болсун.Абдан өкүнүчтүү.
24.09.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечииресин апасы,куноо толук кызында го,ошончо да женилой болобу .еше раз извини,ж жери жайлуу болсун
24.09.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимге откоруп берип жакшы каралбай эле окшойт. Жазаланыш керек.
26.09.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо жонеле 150% куноону куйоосуно коебергенинер болбойтда.Бий учун келинчегин олтуруу оной эмес.Озунунда айыбы барда.Чындык издейсинерби,анда чындыка келсек бироонун аялын бир эле кароого гана мумкун бийлеш мында турсун.Аллах ОЗУ жазасын берсин кимде куноо болсода!!!
26.09.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизги себеп ичимдик (арак, коньяк, шап=мпанский) болгон. Адамдын канына спирттик ичимдиктер аралашканда адам айбанга айланат жана эмнени кылганын билбей озун жакшы башкаралбай калат.
26.09.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо кимде экенин аныктачу биз эмесбиз. ИИМдин кызматкерлери жазасын берсин. Алар адилеттуулукту билбесе Кудай коруп турат.
27.09.2013. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуяларды ужас кинолордо корсом азыр жашоодо эле болуп калды. Адамдар неге мынча мыкаачы болушат о Кудай ай!
27.09.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу экен ушунун баары туулган кундон келип чыккан да .
27.09.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок аялы да кичине бойдок журуп конуп калганы корунуп турат. Куйоосу менен кафеде отурса тааныш эмес эркек менен неге бийлейт. Чындыгында куйоосунунда шагы сынды да бирок олтургону туура болбоптур бирок камчы менен чала олук болгуча сабаш керек болчу. Бул куйоосун козго илбегендик болуп калган. Мен да аялым менен барамын кафеге башка эркектер менен бийлемек турсун менин жанымда тике карабай чужойго.
27.09.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рас кылыптыр,не анан бийлейт,кудай сактасын тообо кылдым тьфу жаткан жери жайлуу болсун бийге тарткан баланы сабаш керек эле дааа каааап
28.09.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх бул не деген манкуртчулук. тоообоо
29.09.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп баскан аяк бок басат!
29.09.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MMM Кудай сакта....
14.10.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек кызганышы керек,бирок чеги менен,аша чаап кеткени туура эмес чынында.Не дейт элек,маркумдун жаны жаннатта болсун,куйоосунун куноосун кудайым кечирсе дейт элем.Башка жубайларга сабак болду деген ишеничтемин.
20.10.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыймандан алыстап кеткен да шордуу кыз. аллахым куноолорунду кечирсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо