Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭНЕ ТИЛИН ЭСИРИП ЧАНГАНДАРДЫ, ЭНЕ ТИЛДЕ АШАТЫП СӨККҮМ КЕЛЕТ!

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Ар бир элди улут катары тааныткан анын тили. ЭНЕ ТИЛ! Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улук сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат. Акындардын ыр сабында кыргыз тили укмуш даңазаланып келет.

Шайлообек Дүйшеев
ЭНЕ ТИЛИН УНУТКАНДАР

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Мен азыр мисал кылып,
Мурат деген жигит жөнүн айткым келет,
Мурат минтчү:
Эч кимге пайдасы жок түтүндөймүн,
Эч кимге пайдасы жок
Өсүп турган жүзүмдөймүн.
Тууган эл, эмне кылам?
Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
Тууган эл,
Туз-наныңа түкүрбөймүн,
А бирок түшүнбөймүн,
Ырыңды, комузуңду, чапаныңды, макалыңды.
Түшүнбөймүн
Кошоюңду, Бакайыңды!
Тилим бар болгон менен,
Тил катып үндөй албай.
Тилим бар болгон менен,
Дудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

Сыздатып жүлүнүңдү,
Сындырып кабыргаңды,
Жулдуруп канатыңды,
Келатамын!
Сен кимсиң?
Сен дагы күнөөлүүсүң.
Чоңсуңбу,
Кичүүсүңбү,
Баласыңбы?

Башка калктын тарыхын билген менен,
Билбейсиң карыш турган
Ат-Башы, Таласыңды!
Билбейсиң сен Манасыңды!

А мени тааныгандар Мурат дешет.
Паспортумда да
Өмүралиев Муратмын мен.
Ал эми досторум:
Умуралиев Мурик дешет.
Мурик эмес,
Муратмын мен,
Мен ошомун,
Орустардын арасында «дуракмын» мен,
Кыргыздардын арасында «келесоомун»!

Тилим бар болгон менен,
Тил катып үндөй албай.
Тилим бар болгон менен,
Дудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

Тууган эл, кечир мени,
Туз-наныңа түкүрбөймүн,
Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
А бирок моюнума
Алгым келбейт мен күнөөнү,
Ал үчүн жалгыз гана мен эле эмес,
Сен күнөөлүү,
Сен күнөөлүү!

Ысыгыңа,
Суугуңа тоңбогондор,
Ыйманын жеп, ырыңды кордогондор,
Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп
Кылтыңдашып түлкүдөй жойлогондор!

Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан,
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!


Жеңишбек Жумакадыр
КЫРГЫЗ ТИЛИМ МИНИП КАЛДЫ АРАБА

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга айтчы кандай акың бар?
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген,
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.
Казактарды карагыла казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү, бирок анын сүйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?
Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
Ата дешти алмаштырып "папага",
Эне дешти алмаштырдык "мамага",
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.
Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.


Алтынбек Исмаилов
КАНТИП АЙТАМ?

Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!


Кубат Жакыпов
КЫРГЫЗ ТИЛИМ

Кылымдын кыяларын ашкан тилим,
Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим,
Кыйкырып, кыйрын бузуп душман келсе,
Кылычтай кыя кесип чапкан тилим.

Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим,
Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим.
Ак калпак Ата Журттун насибине,
Асмандан энчи болуп тийген тилим.

Кыраңда кызыл гүлдөй өскөн тилим,
Кыяндап, жамгыр болуп төккөн тилим.
Улуттун оргуп чыккан башатына,
Уюган алтын сымал чөккөн тилим.

Мезгилди мерт болбостон жеңген тилим,
Мейкинде канат кагып келген тилим.
Эң ыйык, жашоомдогу теңдеши жок,
Эненин ак сүтүндөй эмген тилим.

Мөндүрдөй сабалаган акын тилим,
Мөңгүдөй ай-асманга жакын тилим.
Мөңкүгөн мөл булактай аруулантып,
Мөөрөйгө сүрөп турган асыл тилим.

Манастай дастан айткан улуу тилим,
Махабат жалын чачкан сулуу тилим.
Машакат, мүшкүл тарткан заманда да,
Майдалап бөлүнбөгөн чулу тилим.

Эгемен күнгө жеткен азат тилим,
Эзелтен ынтымакка башат тилим.
Эртеңки келечеги айдан ачык,
Эл менен алга карай басат тилим.

Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!

Дамира Арстанова
lira@super.kg


Эне тилин эсирип чангандарды, эне тилде ашатып сөккүм келет!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(31)
23.09.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынбектин ыры аябай жакты! Азаматсын!
23.09.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улут болсон тилин менен улутсун!
SUPER.KG видео
23.09.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мм. куйуп айтылган создор киргиздерге жетсечи аттин, же бир уксачы аттин, уксандагы не деп жатат бул байкуш деп кулсон керек чала киргиз.
23.09.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Женишбек Жумакадырдын ыры абдан таасирлуу экен. Чындыгында кыргыз болуп туруп орусча суйлогонубуз уят. Мактануу максатында суйлойбуз. Кичине болсо да оз тилибизге аяр мамиле жасайлычы туугандар!!!!!!
23.09.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай таасирдуу ырлар экен.
"Эне тилди эсирип чангандарды,эне тилде ашатып соккум келет"-кандай гана керемет саптар?
23.09.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Москва шаарында Эне тил үчүн күйүп жүргөн, жаш мекенчилдер чогулуп, " Эң кымбатым-эне тил " - деген адабий кече өткөрдүк. Бири-бирибзди сайттардан гана таанып калбастан, жоолугуп, тилдин көйгөйүн, жаш акындардын китебин чыгарып, Кыргыздын ӨҢҮ_н жоготпой, улутубуздун келечегине аз да болсо салымыбызды кошолу деген ниетте чогулдук. Бул демилгени көтөрүп чыккан, улутум деп, өз
23.09.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата журтум кыргыз тилин сактаган.
Алтын, байлык, мансап үчүн сатпаган.
Адам болбой өтсүн кыргыз элимде,
Жан болбосо, Эне тилин барктаган.!
23.09.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Uulkan2288,
Жан болбосо,Эне тилин барктабаган!-десениз мааниси туура болот го дейм...
30.09.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес ойду чагылыдырып койот. Тескеринче айтылып калтат.
23.09.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baary taasirduu eken chyndygynda kyrgyz tili jogolup baratat
SUPER.KG видео
23.09.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсенгул Ибраевдин ыры мыкты ыр! Бүгүн филармонияда да окуду бул агай. Аябай кол чабылды!
SUPER.KG видео
23.09.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдын бир айыбы, жакшы тилде жаман сөз сүйлөбөш керек, демек сөкпөш керек.
SUPER.KG видео
23.09.2013. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен кыргызча эле ашатып согом!!
SUPER.KG видео
23.09.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсенгул Ибраевди ото урматтайм.тируу болгондо дагы далай сонун чыгармаларды жазмак.
SUPER.KG видео
23.09.2013. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты саптар, сыйлайм!
SUPER.KG видео
23.09.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодецтерго журогум толкундоо мн уктум
24.09.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калкын чанган,калкынынын тилин чанган.
Хан болсода КЫРГЫЗДЫН БАЛАСЫ ЭМЕС!!!
керемет. создор...
SUPER.KG видео
24.09.2013. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун окуйт экен!
SUPER.KG видео
24.09.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россияда журсок орус тилинде суйлогуло силер деген РФнын аймагында журосунор дешет бизди орустар. А эмне учун биз Кыргызстанда ушул созду айта албайбыз? Тескерисинче оруска орусча,озбекке озбекче суйлойбуз оз мекенибизде жашап жатып.Биз деле башка улутту кыргызча суйлотуп кое албайбыз. Эмнеге?
24.09.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодогу эн ыйык "АПАКЕ" деген созду "маам" "мама" деп олтурган малдарды корсом каным кайнап кетет!
27.09.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ИСфанага тойго барып калдым таанышымдын кичинекей кызы балабакчага барасынбы деп сурасам, ооба барам Саййора опа сабак берет деп жооп берди. Озбек тилдуу бала бакча болсо да мейли демексин. Кичинекей бобокторго озбекчо аралаш сабак отконуно кайдигер караган жергиликтуу бийлике баракелде ! Патриоттук сезим козомол деген жокбу, тан калбасам деле болот.Бул Кыргызстанда адаттагы корунуш!
30.09.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин баламды да тажик келин окутат экен бала бакчада. Бир күнү " канчык " - деген сөз үйрөнүп келиптир. Заведующий менин кошунам болот. Бул сөздү кайдан үйрөндүң десем, эжекейим бизди ошентип урушат дейт.
30.09.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктер толуп кетиптир. Ал тажиктер үй жумушуна чейин кылып берет, ошого тажик улутун көп жумушка алат. Мектепти жаңы бүткөн тажик кыз балама сабак бергенин укканда чалкамдан кеттим. Айла жок. Орустар аз, алар чоң группага сабак берет экен. Кыргыз болуп, кыргыз тилинде сабак бералбасак, өлгөнүбүз ошо да.
18.09.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Uulkan2288,тууганым анан унчукпай калып калдынбы заведующая кошунан экен,туура эмес тууганым туура эмес
09.11.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусияда кор турмуш деп коп убакыттан бери жургонумо байланыштуу эне тилибизде айрыкча адабий тилде ырларды угуп Чиркин журок Бир башкача толкуду.
07.03.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне тилим эчен кылым карыткан Эчким аны очуро албайт Тарыхтан!!!!!!!
20.09.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиялык мааниси зор видео чыгыптыр мектепте уюштурулган майрамдык салтанаттарда корсотсо боло турган экен. Видеонун шилтемеси жокко кочуруп алганы.
20.09.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Модератор шилтемесин бергилечи мумкун болсо.
21.09.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оо орустарды ьрлушунча тепкилепсинер. Орусу жок эле туштук Эли озбекче акцент менен суйлогонун билбейсинерби,кээ бир создорун такыр тушунбойсун.
23.09.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,Ар бир аймактын өзүнүн диалекти болоорун билбейсинби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо