Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИНЕ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮ БАШТАЛГАНДАЙ...

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

ИИМдин 10-башкармалыгы «Супер-Инфо» гезитинин расмий super.kg порталын «улут аралык кастыкты козуткан» деп айыптап жатат.

ОКУЯ КАНДАЙ ОРУН АЛДЫ?
Super.kg порталынын кызматкери социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан бир видеого көзү түшүп калып, ал жерде көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу сайттардын биринен көчүрүп, аны порталдын «Элдик видео» бөлүмүнө жүктөйт. Видеодо өзбек тектүү балдардын кыргыз балдарды ур-токмокко алып, каалашынча мазактап жатканы тартылган. Окуянын качан, кайсы жерде орун алганы, аны кимдер тартканы, кандай максатта интернет желесине жарыялаганы белгисиз. Албетте, милиция кызматы биринчи кезекте ушул суроолорго жооп табышы зарыл. Тартип сакчылары "Азаттыкка" берген комментарийинде «Видео мындан үч жыл мурун, Июнь окуясында тартылышы мүмкүн» деп жоромол кылып, оңоюна качырып жатышат. Балким ал окуя былтыр, балким бир ай мурун эле болгондур? Эми кыргыз-өзбек катышкан ар бир кылмышты Июнь окуясына алпарып чаптай беришеби? Анткени согуш баарын жууп кетет, согушка башка кылмыштарды да шылтап салса боло берет... ИИМде ушундай мамиле болуп жатабы?
Ал видеодо кыргыз жигиттерин кимдер кордогону, аны кимдер тартканы, алар табылышы мүмкүн же мүмкүн эместиги, же анын кандай максатта интернетке жайгаштырылыш фактысы ИИМдин тиешелүү кызматы тарабынан иликтелинип, эки элдин тирешүүсүн жоюу максатында коомчулукка жарыяланышы керек эле. Бизди таң калтырганы, ал видео алгач жүктөлгөн сайт, улам бир колдонуучу тарабынан «бөлүшүлүп» талкууга алынып жаткан интернеттеги социалдык тармактар эмес, ИИМдин көзүнө жалгыз Super.kg порталынын илингендиги болду. ИИМдин ММКларга таратылган маалыматында бул факты боюнча кылмыш иши козголгону жатканы айтылып, жалгыз гана Super.kg порталынын кызматкери ал видеонун таратуучусу катары көрсөтүлүүдө.

«ИТТИН ӨЛҮГҮ» КАЙ ЖЕРГЕ КӨМҮЛГӨН?
Бул окуя интернет-сайттардын ээлери менен байланыш операторлорунун тынчын кетирди. Эскерте кетсек, 2013-жылдын май айында «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы иш алып баруу тууралуу» жана «Электрондук жана почталык байланышы жөнүндө» мыйзамдарга толуктоолор киргизилген. Бул толуктоолор интернетте экстремисттик жана террорчулук идеяларды тараткан окуялар көбөйүп кеткендигин айткан ИИМдин жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү демилгесинен улам киргизилген. Эми Кыргызстандын укук коргоо органдары диний-экстремисттик жана улуттарды кайраштыруу фактыларына таяп интернет-сайттарды жаап сала алышат. Албетте, мамлекеттин коопсуздугу үчүн керектүү мыйзам. Бирок анын кайсы бир топтордун жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп кетүү, бирөөлөрдүн колундагы куралга айлануу коркунучу бар. Анткени мындай иштер мурунку бийликте болуп келген, эми деле болбойт деген кепилдик жок. Себеби Кыргызстан мамлекеттик органдардын кош стандарттуу мамилесинен арыла элек.
Мындай чочулоону медиа-эксперт Надежда Алишева да билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамда чийки учурлар бар жана анын кесепетинен «кош стандарттуулук» орун алышы мүмкүн деген коркунуч жаралат. Мыйзамга киргизилген толуктоолор күч түзүмдөрүнө интернет-сайттардын маңызын текшерүүгө жана байланыш операторлорунун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө жол ачат. Ток этери, бул мыйзам бийликке оппозициялык маанайдагы интернет-ресурстарды жабуу же кысым көрсөтүү үчүн курал болуп бериши толук мүмкүн.
Ал эми «Медиа-полис институту» коомдук фондунун директору Бегайым Усенова: «ИИМдин териштирүү иштерин бүтүрө электе гезитти айыптоого (ред. кеп «Супер-Инфо» гезити жана Super.kg порталы тууралуу) жетишкени мага түшүнүксүз болду. Ишти аягына чыгаргандан кийин гана пресс-релизди таратуу керек болчу. Гезитке карата жазуу түрүндө эскертүү берүү жетиштүү болмок. Мисалы, видеону чыгарган кызматкер анын үгүт же улут аралык кастыкты козутуу максатында экенин билбеши мүмкүн. Азыр канчалаган материалдар чыгып жатат жана бул улут аралык кастыкты козуткан материал деген так бир түшүнүк жок. Муну бир гана адистер айта алышат»,- деди.
Укук коргоо органдарынын ушундай иштеринен «Бакиевдин заманындагы ыкмалар жанданып баратабы?» деген күмөн жаралат. Атүгүл Өмүрбек Текебаев УКМКнын «оппозициянын иштерине байланыштуу» деп тараткан видеолорунан кийин «мындай жолдор менен эч качан жакшылыкка жетүүгө мүмкүн эмес» деп чыкты. Себеби башкы «ата мекенчи» укук коргоо органдарынын мындай ыплас жоруктарынан жабыркап көргөн. УКМКнын маскаралык түрдө ашкере болгон «Матрёшка-гейт» операциясы жалпы кыргызга белгилүү.

МУНУН БААРЫ ЭМНЕДЕН КАБАР БЕРЕТ?
ИИМдин биздин гезиттин расмий порталына карата мындай шашылыш, чалагайым мамилеси эксперттерди эле эмес, бизди да ойлондуруп койду. Бул гезитке карата кандайдыр кысымдын башталганыбы? Эгер чын эле басымдын башталганы болсо, аны биз төмөнкү иштер менен байланыштуу деп билебиз. Учурда гезитибиздин беттеринде бийликке да, оппозицияга жана башка саясий күчтөргө да орун берүү менен алардын үнүн элге жеткирүүдө көпүрө болуп жатабыз. Мисалга алсак, жакынкы учурда Ош шаарынын убактылуу башкаруучусу Мелис Мырзакматов, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаров, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маектери жарыяланган. Алардын ар биринде бийликке карата нааразылык учкундары бар эле.

ЭМНЕ ҮЧҮН SUPER.KG ГАНА ЖООПКЕР БОЛУП КАЛДЫ?
«Азаттыкка» берген маегинде ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев мындай суроого «Кыргызстанда Фейсбукка караганда super.kg сайтына адамдар көбүрөөк кирет» деп жооп берди. Демек, ИИМ чыныгы кылмышкерди эмес, катуу талкууну жараткан булакты жоопко тарткысы келеби? Ошондо super.kg порталынын айыбы – анын кызыктуулугунда, талкуу жаратуучу колдонуучуларынын санынын көптүгүндөбү?

Эльвира Караева, Калыс Мамбетов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(60)
23.09.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsyzdar komentarii jazgandar menda kowulam sizderge..
23.09.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
порталга киргизилген видеолорго супер инфо эч кандай жоопкерчилик бербейт деп жазылып турат го,анан кантип ушундай видеого суперди айыптап атат!!!
23.09.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптеп эле чыр чыгаргысы келип атышатта, бул алардын шылтоосу
23.09.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле чыр чыгаргысы келип атышатта, бул алардын шылтоосу
24.09.2013. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх бийликтегилер, кыйын экенсинер, паспортторуна кыргыз деп жаздырып кое албайсынар, ал эми Озбекстандагы кыргыздардын паспортунда баарында озбек деп жаздырылган, оздору гана айта алышат биз киргизмиз деп, даже тилинда бууруп салышкан, ал эми Кыргызстандагы озбектер "биз озумизга бек калмиз, биз озубегиммиз" деп кыйкырышат.... эх бийлик, бийлик.. качан онолот экен...
24.09.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ИИМ териштиргиси келсе ошол видеодогу балдарды тапса эле (тез эле тапмак) окуя кандай болгонун айтып беришмек
24.09.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Супер инфо" элдик гезитти эл колдойт, биз силер мененбиз! Nurzada-5 туура айткан, ИИМ ошол видеодогу балдардын оздугун тактаса иштин чечилээри анык эле, мурда фейсбука жуктолгон болсо, анда эмне учун эми супер инфодон чыккандан кийин ушундай резонанс жаралып жатат. Чындыгында бул видео боюнча териштируу иштерин жургузуп, куноолулорду табыш керек, ал эми гезитти кунооло, туура эмес.
24.09.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо бул супер газета элдин койгойун туура болгонун болгондой жазат. Эртен бир ментти союп койсок дагы июнь окуясына шылтоолоп койосунарбы жинге тийген менттерди жакшы таанып билебиз.
24.09.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
manas1987, киши соп конгон немесин го??
24.09.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак ийилет бирок сынбайт!
Алга Супер инфо!
24.09.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай корунуштор биздин мамлекетте коп эле кездешет.Эмне дейбиз уялбагандан озун уял...
24.09.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дааа
25.09.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо эн жакшы ийгиликтерге жетишип атканда албетте мындай конулсуздуктор болбой койбой. Супер инфо озунорго сак болгула баар жакшы болот.Кылычбек Султаналиев акылдуу адам анткени ал киши элдин копчулугун ушул кичинекей гезит мн эле багып жатат. башкалар мамлекеттин башында олтуруп алыпда эл учун эч нерсе кыла алышкан жок. сыйлайм бул кишини
25.09.2013. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанакы 2 кыргыз баланы айтып жатасыңарбы? Өзбек балдар коркутуп,уруп тепкилеп тансага тушүргөн?
Модератор admin_media түзөттү 25.09.2013 09:43
25.09.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jooshbala, ЧЫНЛЕ ОШЕНТИШИПБИ?
25.09.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба бул жон гана суперге кысым корсотуунун бир туру азыр ИИМ урунаарга тоо таппай урушаарга жоо таппай турган убагы
25.09.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жогорудан Бегимай усенованын маегин окуп жиним келип жатат.так маалымат болбой туруп элге жарыялаба дегенин.супер инфо туура кылат.жабылып калгандан кийин кимге айтат.и биз кантип билебиз.кичине жетишпейт окшойтко ушуга.СУПЕР ИНФО биз силер менен.же мен маалыматты туура эмес тушунуп алдымбы.туура эмес болсо кечиресинер.
25.09.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер - инфо силер мененбиз биз
25.09.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайрадан жандангыла алга супер инфо силер суперсинер
26.09.2013. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында ИИМди реформалаш керек эч иштебегени ушундан билинип турат чыныгы эл душманы ошолор.. Кыргызстанда эн онугуп келе жаткан жападан жалгыз кыргызча сайт Super.kg сайты.. ИИМ чыныгы улут аралык кастыкты козутууну каалабаса башка соц.тармактардан алдырып салбайбы кайрылуу жазып.. майл.руда, фейсбукта ж.б.у.с. коптогон тармакта андай видеолор толуп жатат эмнеге ошолорду куноолобойт.. Акыйкаттык болобу деги КРда..
Модератор admin_media түзөттү 26.09.2013 09:47
27.09.2013. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg, башка сайттарда толого чыгым салган видеолор кыргыздарды мыкачы кылып корсоткон оздорун бечара кылып.. алдырбайбы ошолорду..
Модератор admin_media түзөттү 27.09.2013 09:54
26.09.2013. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-кезекте ошол сайттарды жазалабасанарда сураныч жазып видеолорун алдыргыла алар алып анан супер жуктоп жатса айыптасанар болот..
26.09.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка сайттан көргөм мен бул видеону 2жыл мурда 2 кыргызды бири 30 бири 20жаштар чамасында. Өкеңдер уруп вальске түшүргөн дагы мен кыргызмын Өзбектер үчүн ойноп атам дедирген бул 2010болгон, андан кийин болушу мүмкүн эмес себеби өзбектер азыр пысып эле калган.
Модератор admin_media түзөттү 26.09.2013 15:18
26.09.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол видеону киргизген адамдын акылы жайында экенби?Кайдагы бир проблеманы козгоп. Супер Инфо алга!!!
26.09.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсыл нерсе жакшы, биринчи болуп баратса көрө албастык кылгандай мамилелер жасалбаса экен.
26.09.2013. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо силер акыйкатты суйгон газетасынар и ар дайым эл менен биргесинер
27.09.2013. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info ushul jurushordon jazbagyla. It uro beret kerben juro beret biz sider m.n
27.09.2013. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фейсбукта ар турдуу создор жазылып ,пикир келишпестиктер коп болчу, супер инфонун админдери жакшы иштешет, андайга жол берилбейт. Дайыма кызыктуу,жаны, кыргыз тилинде чыгарма, жанылык ,керектуу кенештер,айтор баары бар, аябай жагат! Супер инфо сиздерге ийгилик жана дайыма алга!
27.09.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал видео роликте узбектин жузу даана корунуп турбайбы издесе бат еле табылат ишенбесенер маил руга кирип коргуло
28.09.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
май кулактар башка эмне кылмак эле, озубузду талап тиштеп журо берет, чек арада болсо башкасы талайт.
Неге анда ошо озбектерди издебейт, же тинтуу жургузсун айрым бир УЙЛОРДО, духу жетбейт,
супер таарынбай эле кой, эрежеге, законго таяна бергиле!
Модератор admin_media түзөттү 30.09.2013 11:06
30.09.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbekter oz bilgenin kylat da akyrynda kyrgyzbai kunooluu bolup chyga kelet,uurusu kuchtuu bolso eesin doogo jygat bolup
30.09.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз менттери лох экенине кошулам,эгер окуп калса менттер без обид,бетке айткандын заары жок
29.10.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийлик Бакиевдин, Акаевдин бийлигинен да ото турган болдуго! Эл билет ким ак ким кара экенин. Супер-инфо жамааты ишинерге ийгилик, дайыма алга умтулгула, эл менен бирге болгула! Силерге данк!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо