№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
Сокулук РИИБинин кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдү зордуктаганга аракет кылган деп шектелген адамды кармашты. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, милицияга 31 жаштагы Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылган. Бул айым милиционерлерге 10-сентябрь күнү болжол менен 13:30 чамасында 2002-жылы туулган кызын күйөөсүнүн бир тууганы зордуктаганга аракет кылгандыгын билдирген. Сокулук РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип мурун соттолгон Ш.Р. аттуу 28 жаштагы жергиликтүү тургун колго түшүрүлгөн. Ага Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129-беренесинин (зордуктоого аракет кылуу) негизинде айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |