Нурлан Насип, «2012-жылдын супер ырчы мырзасы»:«ЖУБАЙЫМ МАЛИКАДАЙ БОЛУШУН КААЛАЙМ»

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

Катар-катар хит ырларды жаратып келаткан Нурлан Насип 23-сентябрь күнү биздин гезиттин окурмандары узаткан суроолорго жооп берип, түз байланышта отурду. Байланыш учурунда ырчы мырзаны күйөрмандары гимнди ырдатып, телефон номерин сурап, жадакалса «бирдик салып койбойсузбу» деп да айласын кетиришти.

Айжан, Жалал-Абад шаары:
– Бүгүн Кыргыз тил күнү, айтсаңыз, бул дата Кыргыз тил күнү деп качан кабыл алынган?
Нурлан:
– Сонун суроо болду окшойт. Анан өзүңүзгө чалып айтып берем, ээ? (күлүп)

Бегимай, Бишкек шаары:
– «Эркелетсемби?» деген чыгармаңыз кимге арналган?
Н.:
– Ушул ырымды кичинекей балдардан баштап, улуу эжелерге чейин угушат экен. Ырды бир кызга атайын арнап жазган эмесмин. Жайкы каникулда айылга барып апамдын жанында эркелеп отурган кезимде ойго келген чыгарма. Ошол мезгилде ырымдын кайрыктары келип, дароо диктофонго жаздырып алган элем. 3-4 ай өткөндөн кийин жаздырдым. Чынында, сулуу кыздар көп болот го, ошолордун кайсы бир көз карашы жүрөгүмдө калып калат окшойт. Ыр жазар алдында аларды көз алдыма тизип алып жаза берем (күлүп).

Анара, Ат-Башы району:
– Ырчы айым Асел Кадырбекова экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү мамиле бар деп угабыз, ошол чынбы?
Н.:
– Асел экөөбүз абдан жакшы мамиледебиз, жакын досум болот. Сүйүү боюнча азырынча эч нерсе айта албайм, жүрөгүм кайсы кызды тандаары белгисиз. Аселянын жигити ким болду экен, өзүнөн сурап көрөйүнчү. Балким, Аселяга сүйүүмдү айтып калышым мүмкүн, балким, башка кызга, балким, сизге дегендей (күлүп).

Анара: – Мага айтсаңыз абдан жакшы болот эле...
Н.:
– Анда даяр туруңуз :)

Аида, Бишкек шаары:
– Сиз таанымал болуп калган кезде эле сүйгөнүңүз таштап кеткен учур болгонбу?
Н.:
– Ооба, бир кыз аракет кылганыма карабай таштап кеткен. Бирок кийин жолугушуп сазайын бердим (күлүп). Чынында, кийин кезиккенде ал кызга болгон жүрөгүмдөгү жылуу сезимдер калбаганын түшүндүм. Сүйлөшүп көрүп, мурункудай жакын боло алган жокмун.

Элиза, Нарын шаары:
– Мен сиздин фанатыңызмын, сүрөттөрүңүздү, плакаттарыңызды дайыма чогултуп жүрөм. Мурунку жылы күйөөм менин мындай жоругумду түшүнө албай ажырашып кеткенбиз, бир уулум бар. Эгер сиз мени сүйүп калсаңыз, балам бар экенине карабай үйлөнөт белеңиз?
Н.:
– (Көпкө ойлонуп отурду) Ошондо мен күнөөлүү болуп калыптырмын да, ээ? Мм, эмне дээримди да билбей жатам. Сизге татыктуу жашоо каалайм. Күйөөңүз менен кайра элдешкенге аракет кылып көрүңүз. Мындай абалга биринчи жолу кезигип, аябай ыңгайсыз болуп жатам...

Тилек, Бишкек шаары:
– Продюсериң менен акчанын айынан келишпестик болуп кетиптир деп уктук эле...
Н.:
– Жок, азыр тынч эле. Учурунда болгон мындай нерсе, бирок аны өз жеринен ошондо эле чечип алганбыз.

НУРЛАН НАСИП WWW.SUPER.KG ПОРТАЛЫНЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ КАЛТЫРГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРДИ.

Fasebook:
– Мага сенин ырларың жагат, бирок клиптериң анча эмес. Башкалардыкына окшобогон клип тарта аласыңбы?
– Клиптериме жаман асылышты го (күлүп). Мен өзүм карапайым үй-бүлөдөн чыккан баламын. Өзүмдү өзүм каржылайм. Укмуш демөөрчүлөрүм жок. Баары келип эле каражатка такалат. Мисалы, кээде 3-4 миң долларга клип тарттыргандан көрө анын ордуна 5-6 жаңы ыр жаздырып алсаң болот.

Rinatik94:
– Омар, Гүлжигит Калыковдой эмне үчүн эл аралык сынак-фестивалдарга катышпайсыз?
– Ошолорго микрофонду бергем «силер барып келгиле, мен бул жакта ырдап турам» деп (күлүп). Тамаша, албетте. Негизи алардын үндөрү атайын сынакка ылайыктуу. Ал эми мага окшоп ырдагандар аябай көп. Биздикин элдик үн деп айта алам, анткени карапайым калкка өтө жагат. Азыр жашпыз го, буюрса, Кыргызстандын атынан чыгып каларбыз.

zenfira:
– Кудайдан коркосуңбу же ата-энеңденби?
– Ха-ха, кызык суроо экен? Баарыбызды пенде кылып жараткан Кудай, ошон үчүн Кудайдан корком. Кудайдан корккон киши ата-энесин да сыйлайт.

Nurlan1:
– Сахнага жаңы чыккан Нурлан менен азыркы Нурландын айырмасы чоңбу?
– Сөзсүз түрдө чоң. Анткени жаңы чыкканда сахнага башкача толкундануулар менен, чачтарымды болушунча лактап, гелдеп чыкчумун (күлүп). Жакында эле биринчи концертимди көрүп азыркы кезим менен салыштырдым, 4 жылда бир топ чоңоюпмун, өзгөрүпмүн.

deva:
– Болочоктогу жубайыңдын Маликадай (Динара Акулованын кызы, ред.) болушун каалайсыңбы? Аны менен кантип дуэт ырдап калдың?
– Маликанын ырдаганын алгач студиядан укканда абдан жаккан эле. Кийин «дуэт ырдап чыкпайлыбы» деп өзү сунуштап калды. Ал эми болочоктогу жубайымдын Маликадай болушун, ооба, каалайм (күлүп). Эми аны анчалык жакындан тааныбайм да, бирок жакшы кыз, бир үйдүн эркеси, ошондой кыз болсо боло берет.

– Шоу-бизнесте достук болбойт дешет, жакын досуң, тууганың, жаш ырчы Жоодарбешим менен мамилең начар деп айтышат. Экөөңөр атаандашат экенсиңер, жадакалса Жоодарбешим сага атаандашып дал сеникиндей машина сатып алганын уктук, чынында эле ушундайбы?
– Ии, көрдүм машинасын, меникине окшош экен. Жоодарбешим экөөбүздүн тууганчылык жайыбыз бар, ал тааныла элек кезинде шоу-бизнестин көп сырларын үйрөткөм. Бирок бир аз ыры чыккандан кийин эле мен жөнүндө туура эмес сөздөрдү чыгарып, өзгөчө сындарды айта баштаганда капа болгом. Өзү мүнөзү башкача бала...

Huntress:
– Сени таң калтырган күйөрман кызыңдын жоругу?..
– Спорт Ордосунда концерт берип бүтүп, кетмекчи болуп турганбыз. Биз жакка умтулуп жаткан кыздарды күзөтчүлөр өткөзбөй тосуп турушкан. Бир кыз жулунуп чыгып мени кучактап өңгүрөп ыйлап жиберсе болобу?! Эмне кыларымды билбей, дендароо болуп туруп калдым. Айтор, бир топко чейин сүйүүсүн айтып мени коё бербей жатты. Ошондо араң жубаткам, бир чети таң калгам.

Зари:
– Эмнеге ырларыңдын көпчүлүгү сүйүү тууралуу жана кайгылуу?
– Сүйүшкөндөр кыйналганда кичине жардам болсун деп жазылган чыгармалар да. Анткени сүйүүдөн жүрөгү ооруган адамга эч кандай дары жардам бере албайт. Биздин ырлар аларга даба болот деп ойлойм.

«СУПЕР-ИНФОДОН» СУРООЛОР
– Кайсы ырың өзүңдүн жашооңдон алынган?
– «Жоопсуз сүйүү» деген ырым өзүмө жакыныраак. Обону да, сөзү да аябай тез убакыттын ичинде жазылган. Ыр мени таштап кеткен кызга арналган. Ошол учурда эмне кыларымды билбей, ичимдеги буктун баары ырга айланып кеткен окшойт.

– Чечим кабыл алууда чечкиндүүсүңбү же кайсы бир таасирлердин алдында алсыздыгыңды көрсөтүп коёсуңбу?
– Баарын өзүм чечем десем калп айткан болом.Чечим чыгарууда кичине коркогураакмын. Сөзсүз жакындарымдын кеңешине муктаж болом.

– Продюсериңдин оюн эске албай, өз алдыңча иш жасайсыңбы?
– Ооба, кээде көк беттигим кармаса өзүмдүкүн бербей туруп алам. Мисалы, «Маякчы карындаш» деген ырым продюсериме такыр жаккан эмес, ага карабай ошол ырды жаздырганмын, клип да тартканбыз. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Кичинекей балдар турсун, Кайрат Нуртастан бери ырдап жүрүшөт :)

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нурлан Насип: "Жубайым Малика-Динадай болсо..." (1-бөлүк)

Нурлан Насип: "Жубайым Малика-Динадай болсо..." (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(64)
30.09.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точна чон аталарыбы же анегдотогудай кошунасыныкында кошуп койдубу
30.09.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жигит экен ырлары да соонун .Чын журоктон сыйлайм
30.09.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушу биздин ырчы жигиттер анча мынча фитнес клубдарга да катышып турса дейм
30.09.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joodarbeshim degen yr4y barby?
30.09.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurlan maga a9bai jagasyn,yrlaryn dagy albette iwine iygylyk.
30.09.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurlan maga a9bai jagasyn,yrlaryn dagy albette iwine iygylyk.
SUPER.KG видео
30.09.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына жандуу ун менен ушинтип ырдаш керек да азаматсын нурлан
30.09.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоодарбешим деген ким? Кайсы ырды ырдайт?
30.09.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчылардын катарын толуктайт, ийгилик.
30.09.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнанын корку кете баштаганбы?качан тазаланаар екен((
30.09.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну аябай жакшы таланты осо берсин коптогон жаны ырлар мн бизди суйунтуп журо берсин.
01.10.2013. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпайт и болбойт. жоодарбешимдин мунозу жамашм экенин бетинен билинип турарэд
01.10.2013. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Anjella89 (01-10-2013, 05:37)
Жакпайт и болбойт. жоодарбешимдин мунозу жаман экенин
бетинен билинип турат
01.10.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjella89, кошулам
SUPER.KG видео
01.10.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан жакшы жонокой жигит жылдыз оору менен оорубайт экен
01.10.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан, Жалал-Абад шаары:
– Бүгүн Кыргыз тил күнү, айтсаңыз, бул дата Кыргыз тил күнү деп качан кабыл алынган?
Нурлан: – Сонун суроо болду окшойт. Анан өзүңүзгө чалып айтып берем, ээ? (күлүп) оооооооо
SUPER.KG видео
01.10.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан да Малика да жылдыздуу,голостору жакшы ырчылар,бирок пара эмес.
SUPER.KG видео
01.10.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешимге караганда Нурлан Насип жылдыздуу,кабагы ачык жигит,ырлары да жакшыраак.
01.10.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалал Абадтык Айжандын суроосуна жооп бере албай койуптурго? Демек билбейт! Уят эле.
02.10.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iigilik saga nurlan baike,taalantynyzga taazim bul jerdegilerdin 89%paizy sizdi koro albait.toktogul atamdyn arbagy koldosun,onorunuz ozun atan enenin bir tuugan eldin jana kyrgyzstandyn syimygy bolup juro beriniz!biz sizdi ar daaiym koldoibuz ii syilaibyz!!!!
02.10.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сыйлайм Нурлан менин кумирим соонун ырдайт шайыр шайдот жигит)) анан аялым Маликадай болсо дептиииир..... Малика кандай кыз ? мен билбейт екенмин)))
02.10.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайтта калтырылган көп эле колдонуучулардын суроолору суралбаптырго, анын катарында менин суроом дагы? :)
03.10.2013. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ырлары гана жакпаса башкасын билбейм!
03.10.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Нурлан
04.10.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык элесинер да.. Бирин Маликаны тааныбайм дейсинер, бирин Жоодарбешимди.. Баарын эле коммент жазып, ар бир санын окуган адамсынар го.. Даадыланып комментарий калтырбай эле койбойсунарбы дейм да.. Тааныгынар келбесе.. Жоодарбешимдин ырларын мен билбейм, бирок, озун суперден окуп жаны чыккан ырчы экенин билем..
05.10.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба озу Намаз окуп жургон бала деп уктум эле эми мойнунда Тумары бар экен кандай тушунсо болот бул нерсени Мусульман адам бир эле кундайга ишенуусу зарыл а башка коз мончок тумар аркы берки коз илдириктери фитна катары болот эмеспи. Намаз окуган бала Азан айтчу деген адамдар коп. Кечеле Молдо баласы болчу Бугун кара не болуп калган деген создор коп таралууда. Нурлан сураныч мойнундагы Тумарынды жулуп ыргытсан аздык болот орттоп сал. ал тумарда ичинде эмне болсода Жалгыз Аллах бар жардам берчу.
05.10.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балки Ошо Тумардын ичинде аятал курсу. бардыр бирок Ал тумарын менен ырдап, Бийлеп, Жаман жерлерге барып каласын мисалы туалетке же и.т.п Бул жерде Акыл уйроткон кеп эмес Эскертуу кана болуп жатат.
05.10.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары эле жакшы..озу ребенок..жакпады мага ответтери неровновешенный го че то
07.10.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан, сен оооооОооЛо кайсарсын,,) суйгунЧуксун..) кЫялкечсин,,,) (мага окшоП:)), сенин ырларынды эРгуууууу менен угам,,, Билесинби,? как бутдо мага арнап ырдалып жаткандай сезилип же озум ошентип сездирип-сезип ,,, кыскасы угуп жатканда озунчо эле жыргай берем...):) Сен менин телеф-дун,,,планш-дин, ноутб-н фОндорунда жашайсын=) *билип кОй сен мени баарибир кезиктиресин, мен сага жардам берем≡) мечты Сбываются)!))
SUPER.KG видео
08.10.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун маек болуптур!Азаматсын Нурлан,Алга!!!
Медиа-портал
14.07.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо